Эркиндик

Эркиндик – жандын улуу сезимдерден жана улуу максаттардан башкадан көз карандысыздыгы. Жакшылык жана улуулук сапаттардан башка принципке туткуну эместиги.

٭ ٭ ٭

Колу-буту кишенделип жатканына карабастан жан дүйнөсүнүн эркин асманында обологон жана өзүн көз ирмемге да туткундалгандай сезбеген канчалаган адамдар бар. Ал эми айрым адамдар заңгыраган хансарайларда салтанаттуу жашаганына карабастан, чыныгы эркиндикти сезе алышпайт.

٭ ٭ ٭

Эркиндикти абсолюттук азаттык деп түшүнгөндөр билип-билбей айбандык жоруктарын адамдын азаттыгы менен алмаштырып алышат. Ал эми дене кумарын кандыруу үчүн чектен чыккан адамдардын аракети айбандык болсо, руханий жогорулоого шарт түзгөн эркиндик чыныгы адамдыктын белгиси болуп саналат.

٭ ٭ ٭

Адам баласынын бейбаштык жана кайдыгерликтен алыс болуп, руханий – материалдык өсүшүнө тоскоол нерселердин туткунунан кутулушун да эркиндик деп айтууга болот.

٭ ٭ ٭

Эркиндик – пенденин акыйкат жолдон тайбай, башкаларга зыян келтирбей каалагандай жашоосу.

٭ ٭ ٭

Туура эркиндик – маданияттуу эркиндик. Ал – дин, адеп-ахлак, туура ой жүгүртүүгө негизделген эркиндик.

٭ ٭ ٭

Динге жана диний көз карашка, адеп-ахлакка маани бербеген жана улуу сапаттарга байланышпаган эркиндик жалпы журт жаа бою качкан коркунучтуу ооруга окшош. Мындай ооруга чалдыккан калк эртедир-кечтир бейпилдигинен ажырайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.