Ибадат

Ибадат – Алланын сыйынууга татыктуу экендигин, ал эми пенде Анын кулу экендигин эң сонун баяндоо жана чыныгы момундун Аллага карата Жаратуучу менен жаратылгандын ортосундагы байланышка ылайык мамиле.

* * *

Ибадат – адам баласынын бар болуу, жашоо, сезим, түшүнүү жана ыйман сыяктуу нээматтар үчүн ушул нерселердин тили менен алкыш айтуу. Ал эми Аллага кулчулук кылбоо толук сокурлук болбосо да, Анын берген нээматтарын баалай албагандык экендигинде шек жок.

* * *

Ибадат – бул дүйнө жана Акырет бактылуулугуна жетүү үчүн бизди ыйманга чакырган Алла Таала бизге сунуштаган жол. Бул жолду таба албагандардын Алланын ыраазычылыгына жетиши мүмкүн эмес.

* * *

Ибадат теориялык жактан белгилүү болгон эң улуу акыйкатты адам баласынын анык сезиши үчүн эң коопсуз жол болуп саналат. Адам баласы акыл-ой жүгүртүп, Кудайдан коркуу жана Аны урматтоо менен оболой учуп, чыныгы акыйкатты издөө жолунда өзгөчө кубанычка бөлөнөт.

* * *

Акыйкаттан алыс, кыялдануу менен гана өмүр өткөргөндөр адам баласын арбап алчудай сонун-сонун баяндарды угуп жашаса да, бир карыш алга жыла алышпайт.

* * *

Ибадат – адам баласынын аруу сезимдерине кубат берген берекеттүү булак жана жамандыкка ыктаган напсини жөнгө салган кереметтүү дары. Ар күнү бир канча ирет зикир жана ой жүгүртүү менен ал булакка кайрылган адам инсандык улуу даражага жетет, напсинин азгырыктарынан сактанат.

* * *

Ибадат – бейишке ылайыктуу болуу жолун изилдөөдө адам баласынын рухунда жашырылган периштелик жөндөмүнүн өнүктүрүү, напсинин каалоолорун ооздуктоо. Тарыхта ибадаттын ортомчулугу менен периштелерди тээ артта калтырган пенделер болгондой эле, ибадат кылбай, төмөн көздөй кулагандар да аз эмес.

* * *

Ибадаттын эң улуусу – Алла Тааланы таанып-билип, Аны сүйүү жана адамзатка пайдалуу болуу. Мунун туу чокусу – тууралыкты көрсөткөн дил менен бардык иште Алланын ыраазычылыгын көздөө. “Кандай буйрулсаң, ошондой түз бол” деген чакырыгын угуп, жан дүйнөсү толкуган момун үчүн негизги нерсе чыныгы акыйкатты издөө.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.