Ыйман жана куран кызматындагы азамат

Ыйман жана Куранга кызмат кылууга баш койгон адам кан, ириң дарыясын да кечип өтүүгө белсенет. Көздөгөн максатына жеткенде, бардык нерсени өз ээсине бере турганчалык жетик жана Улуу Жаратуучунун алдында өтө адептүү... Куранга жана ыйманга кызмат кылуу жолундагы ар бир деми зикир жана тасбих менен бардык адамдарды сыйлай билет. Зор ийгиликтерге жеткен адамдарды ардактоодо да аша чаап кетпеген, аткарылбай калып калган ар бир иш үчүн баарынан мурда өзүн жоопкерчиликтүү сезип, акыйкат иштерде колдошкон адамдарга урмат-сый менен мамиле кылат. Кызмат очоктору өчүп, пландары бузулганда жана уюму чачырап, алсыздаганда да келечекке үмүттүү карап, кайрадан оболоп бийиктегенде кичипейилдикти жана айкөлдүктү таштабайт. Ал түшкөн жолунун татаал экендигин тээ башынан эле сезе билген көрөгөч, түпсүз туңгуюк жолун бөгөсө да өтүп кетишине ишенген, көңүлүнөн берилген иш үчүн жанын да берүүгө даяр. Аткарган иштерин, жеткен ийгиликтерин оюна да албай тургандай азамат болушу керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.