Жалган

Жалган-каапырдын сөзү. Жалган бул дүйнөдө эртеликеч билинери менен адамдын баркын түшүрүп, Акыретте тозокко алып барат.

* * *

Жалган - жалтак, чындык – олуттуу. Жалган - шайкелең, чындык - салабаттуу.

* * *

Жалган, айлакерлик, куулук, уурулук, жалаа жайылган өлкөлөр – урандыдай. Мындай өлкөлөрдүн эли кедей, аскерлери төңкөрүшчүл болот.

* * *

Жалганчылык кандай кубулса да, аны адамдардын дили сезет. Айрыкча, Алланын нуру менен көргөн баампарасаттуу адамдардан эч жашына албайт.

* * *

Жалган көбөйүп, коом анын азабын тартып турганда чындыктын тили кесилет.

* * *

Адамдын дили деңизге окшош. Жалгандар анын тээ ортосуна чейин кирип барса да, аны кайра жээкке чыгарып салат.

* * *

Дил жалгандын, ыймансыздыктын, жаңылыш жоромолдоонун, эл көрсүндүктүн бетине түкүрүп, аларды ар дайым жерип турат.

* * *

Жалган менен мактанычтар бош чакадай үн чыгарат. Чындык жана ыкыластуулук жай аккан суусу мол дарыядай үнсүз. Чагылган күндүн күркүрөшүнөн мурда жерге жетет...

 

 

 

 

 

 

 

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.