Жаш муундар

Жаш муундарга камкордук көрсөтүп, мээрим төгүү өлкөбүздүн жана эл-журтубуздун келечеги үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Алардын жан дүйнөсүнө жана руханий жашоосуна камкордук кылуу пайдалуу, алардын дене-турпатына гана камкордук кылынганда аны материалдык затка айландырып, жадагалса аны чектен чыгарып жибериши мүмкүн.

* * *

Жаш муундардын тарбиясына маани берген элдер өсүп-өнүккөн. Ал эми аларды жаштык мастыгынын кучагына таштап салган элдер бул кайдыгерлигинин жазасын катуу тартышкан. Бүгүн айланабызды кыянатчылык каптап, жаштар күн сайын чектен чыгып бараткан болсо – бул да толугу менен биздин кайдыгерлигибиздин кесепети. Ооба, көккө көкөлөгөнүбүз менен бутубуздун астында жаткан бөлмөбүзгө чейин кирип келген жыландарды байкабадык, жана бүгүнкү аянычтуу абалга өзүбүз шарт түздүк.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.