Жаштар

Жаш адам күч-кубаттуу жана зээндүү болот. Ал жакшы таалим-тарбия көрсө, кыйынчылыктарды жеңген, көңүлдү жарыткан, дүйнөнү жөнгө салган күчкө айланат.

* * *

Коом хрустал чөйчөк, жаштар анын ичиндеги суюктук сыяктуу. Анын түсүн жана формасын алса, ошондой көрүнөт. Аларды моюн сунууга чакырган башкаруучулар менен тарбиячылар өздөрүнө назар салышар бекен?

* * *

Напсинин каалоолору таттууга, адамдык жакшы сапаттар бир аз кычкыл жана туздуу тамактарга окшойт. Жаштар ушулардын бирин тандоого ыктыярдуу болсо, кайсынысын тандап, кайсынысын ташташы айтпаса да белгилүү. Биз аларды улуу сапаттарга жакын, адепсиздик жана уятсыздыкка душман кылып тарбиялашыбыз зарыл.

* * *

Жаштарга кол узатып, аларды тарбиялабасаң өзү өскөн чөйрөнүн агымына кошулуп, напсисинин каалоолорунун артынан чуркап, акылына моюн сунбай жаштык мастыгынын жетегинде кете берет. Жаш муундарды өтмүштүн өрнөктүү мисалдары менен тарбияласа келечектин Умарына (адилеттүүлүктүн үлгүсү Умар бин Хаттабга) айланат.

* * *

Элдин өнүгүп-өсүшү же жүзү төмөн түшүшү ал элдин жаштарынын ээ болгон ой-пикирине жана алган таалимтарбиясына байланыштуу. Жаштары жакшы тарбияланган элдер ар дайым өнүгөт. Ал эми жаштарынын таалимтарбиясына кайдыгер караган элдердин ылдый көздөй кулашы анык.

* * *

Бир элдин келечеги тууралуу билгиси келгендер ал элдин жаштарынын алып жаткан таалим-тарбияларына карасын.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.