Кеңешүү

Кеңешип, акылдашуу - тар ой жүгүртүүнү кеңейтүүнүн негизги бир жолу.

* * *

Кеңешип иш кылгандан бай мамлекет жана күчтүү кошуун жок.

* * *

Куранда сахабаларды мактоо иретинде “Алардын иштери, ортолорунда кеңешүү менен...”- деп, башка сыпаттары менен эмес, кеңешүүлөрү менен баяндалган.

* * *

Акылдуунун акылдуусу – башкалардын акыл жана ой-пикирлерине маани берген адам.

* * *

Кеңешүү көөнөргөн көз караштарды көркүнө келтирет.

* * *

Эки адамдын акылы бир адамдын акылынан жакшыраак, жүздөгөн адамдын акылы бир адамдын акылына салыштырмалуу абдан жакшы. Кеңешүү деген мына ушунча адам акылынын жыйындысы.

* * *

Өз акылына ишенип, башкалар менен ой бөлүшпөгөндөр гений болсо да, ой-пикирди байыткан кеңешүүгө кайдыгер карагандыктан акылсыз болуп саналат.