Кеңешүү

Акылдашып, кеңешүү – туура чечим чыгаруунун негизги шарты. Бир маселе тууралуу жети өлчөп бир кеспестен, башкалардын сынынан өткөрбөстөн чыгарган чечимдер көп учурда жоготуу жана жеңилүү менен аяктайт. Башкалардын ой-пикирин баалай албаган, түнт адам гений болсо да, ар бир оюн башкалар менен бөлүшүп, кеңешип иш кылган адамга караганда, көп жаңылыштык кетирет.

* * *

Эң акылдуу адам – кеңешүүгө чоң маани берген жана башкалардын ой-пикиринен көп пайдаланган адам. Башка адамдар менен акылдашпастан өз билгенин кылып, жадагалса, аны өзгөлөргө да кабыл алдырууга аракет кылган чийки адамдар чөйрөсүндөгүлөргө жакпайт.

* * *

Жакшы жыйынтыктарга жетүүнүн жолу акылдашып иш жасоо болгондой эле, жаман акыбет жана жоготууга дуушар болбош үчүн достордун ой-пикиринен пайдалануу керек.

* * *

Башкаларды күнөөлөп, тагдырга таарынбаш үчүн ар бир иште жети өлчөп, бир кесүү керек. Ооба, бир ишти баштоодон мурун анын акыбетин ойлоп, тажрыйбалуу адамдар менен акылдашпаса, ал иш өкүнүч менен аяктайт.

* * *

Алды-артын ойлобостон башталган иштер алга жылбай, ал иштин ээлеринин кадыр-барктан ажырашы менен аяктаган. Ооба, оюна келгендин баарын жасоого аракет кылган адам ушундай ийгиликсиздикке кабылуу менен үмүтсүздүккө түшөт.

* * *

Адам кайра жаба албай турган эшикти ачпаш керек. Себеби, ачылган эшиктен ичкери кирген жамандыктар башкаларды кыйроого учуратат, анын намысын тебелейт. Акылмандык кылып, эч ким менен кеңешпестен, кээ бир нерселерге ышкысы түшкөн адамдар өздөрү козгогон жыландарга чагылып, четке сүрүлүп калышкан. Аттиң, четке сүрүлгөндөр өздөрү эле болсочу!..