Куран

Куран – адамзаттын улуулугуна жараша анын жүрөгүн, руханий дүйнөсүн, акыл-оюн эске алуу менен жогорудан келген эң сонун кабарлардын жана эрежелердин тобу.

٭ ٭ ٭

Бүгүнкү күнүбүздө бир миллиардга жакын адам ээр чиген Куран Карим – Алла Таала тарабынан келген түбө лүктүү жана өзгөрбөс принциптери менен жалпы адам заттын бактылуулукка жеткирген кыска, жарык жолду көрсөткөн, теңдешсиз жалгыз китеп.

٭ ٭ ٭

Куран – миллиондогон аалым, миңдеген философ жана ойчулдары бар, жер жүзүнө өкүм жүргүзгөн эң улуу жана нурдуу жамааттар үчүн жарыктыктын булагы болуп саналат. Ушул жагынан алганда да анын бийлиги не тең келе турган башка бийлик жок.

٭ ٭ ٭

Куран түшүрүлгөн күндөн бери канчалаган каршы лыктарга жана сындоолорго кабылганына карабай ар дайым жеңишке жетишип келет.

٭ ٭ ٭

Куран – жанга жарык чачкан нур жана акыйкат ааламы. Бир гүлдөн эле ааламдагы бүтүндөй кооздук ту сезе алган жана бир тамчыдан океан, деңиздерди көрө алган ыймандуу адамдар гана анын чыныгы жү зүн тааный алат.

٭ ٭ ٭

17 Ой багыт Курандын тили укмуш! Анын аяттарын уккан араб жана башка элдер ага сажда кылып, мазмунунун ажа йыптыгын түшүнгөн акыйкатты жактоочу адабиятчылар сөз Султанына таазим кылышкан.

٭ ٭ ٭

Мусулмандар Куранды тастыктап, ага ыйман келти рүү менен биримдик жана ынтымакка келишкен. Эми да аны тастыктап, ага ыйман келтирүү менен биримдикке жете алышат. Курандын акыйкат экенин тааныбагандар менен биримдик түзүлүшү да мүмкүн эмес.

٭ ٭ ٭

"Ыйман пенденин дилинде болот”- деп айтуу “Ал лахты, Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам), Ку ранды тил менен эле эмес, дилим менен да тастыктайм” дегендик. Мына ушундай түшүнүк менен ибадат кылуу – ушул тастыктоонун талабы.

٭ ٭ ٭

Адамзат түркөйлүктүн жана ыймансыздыктын караң гылыгында кайсалап турган учурда жарк этип, бир демде дүйнөнү нурга бөлөгөн жана тарыхта эч кайталанбаган бир төңкөрүш болгон. Мына ошол төңкөрүштү Курани Карим ишке ашырган. Буга тарых күбө.

٭ ٭ ٭

Пендеге адамзаттын маани-маңызын, акыйкатты, даа нышмандыкты, Алланын сыпаттарын жана ысымдарын кылдат билдирген китеп – Курани Карим. Бул жаатта ага эч бир китеп тең келе албайт. Асфиянын даанышман ойлоруна, акыйкатты жактаган философтордун филосо фиясына баам салсаң, муну сен да түшүнөсүң...

٭ ٭ ٭

18 Ой багыт Чыныгы адилеттүүлүккө, эркиндикке, теңдикке, жак шылыкка, намыстуулукка, улуу сапаттарга, жадагалса жа ныбарларга да мээрим кылууга чакырган, зордук-зомбулук ка, Аллага шерик кошууга, адилетсиздикке, түркөйлүккө, паракорлукка, сүткорлукка, жалганга, жалган күбөлүккө өтүүгө ачык тыюу салган жалгыз китеп – Курани Карим.

٭ ٭ ٭

Жетимдин, жардынын, кордук көргөн адамдын уку гун коргоп, падыша менен малайга, аскербашчы менен катардагы жоокерге калыс өкүм чыгарган жалгыз китеп – Курани Карим.

٭ ٭ ٭

Куранды уламыш, жомоктордун булагы деп көрсөтүү – он төрт кылым мурдагы жахилияттын бүгүнкү күнүбүз дөгү динсиздерге мурас калган негизсиз тантырактык.

٭ ٭ ٭

Куранды жана андагы маалыматтарды сындап сүйлө гөндөр адам баласынын жашоосунун тартиптүүлүгүн, бейпилдигин жана коопсуздугун убактылуу болсо да кам сыздай турган башка пикирлери болсо айтышпайбы? Чын дыгында, Куранга жат маданияттардын жаман абалы, анын нурунан куру жалак жүрөктөрдүн кайгыларын көрүп ту руп, Куранга каршы чыккан кежирлерди түшүнүү кыйын...

٭ ٭ ٭

Адам баласы үчүн эң иреттүү жашоо – Курани Карим көрсөткөн жашоо. Бүгүнкү күнүбүздө дүйнө жүзүндө баркталып, даңазаланган жакшылыктарга Курани Карим жүздөгөн жылдар мурда чакыргандыгын айта алабыз. Кемчилик кимде?..

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.