Күнөө жана андан арылуу

Күнөө адам табиятынын бузулушу болсо, тообо жана бушаймандык табияттын кайрадан калыбына келиши болуп саналат. Жан дүйнөнү кирдеткен күнөө организмге кирген вирус сымал эртели-кеч бир күнү өз таасирин берет.

* * *

Өлүмдү эске албоо жүрөктүн кирдегенинен келип чыгат. Өлүмдөн коркуу ыймандын алсыздыгынын белгиси.

* * *

Бирөө тууралуу жаман ойлоо психикалык оору же жүрөктүн кирдегени. Андан кутулуу үчүн ар ким өз күнөөсүн сезиши керек.

* * *

Кайдыгерлик менен түшкөн чуңкурдан, кайдыгерликти жоюу аркылуу чыга алабыз.

* * *

Үйүң хрусталдан болсо башканын тоокканасына да таш ыргытпа!

* * *

Башкалардын кемчилигин издөө менен алек болгон адам өмүр бою кемчилик кетирет...

* * *

«Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дешет. Эң негизгиси, мүдүрүлгөндөн кийин кайра тура билүү.

* * *

Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтыруу эрки боштуктун белгиси.

* * *

Эң чоң күнөө дене кумарын козгоо болуп саналат. Аны жеңе билүү эң чоң жетишкендик.

* * *

Күнөөнү тоготпоо – эң чоң күнөө.

* * *

Дарак куурап калбаса жаз менен кайра жанданат...

* * *

Алла каарына албады деп чектен чыга бербе. Мөөнөт берип жатканын ойлоп корк!

* * *

Чыныгы момун ар дайым Алла менен байланышта болот. Күнөөлөр ошол байланышты үзөт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.