Мамиле

Такыбалык мамиледе билинет.

* * *

Момун кылган иштерин Алла көрөт деген ойдо жасайт.

* * *

Жамгыр булутта, жакшы мамиле болсо Алла менен байланышкан көңүлдөрдө болот.

* * *

Бардык нерсени жөнгө салууга болот, бирок кулк-мүнөздү жөнгө салуу кыйын...

* * *

Чоң эле кишинин эне сүтү оозунан кетпей жүргөнү уят. Бирок, андайды сүттөн чыгаруу да кыйын.

* * *

Эч ачууланбаган адамдын ачууланганы өтө башкача болот...

* * *

Ийри таяктын көлөкөсү түз болбогондой эле, жан дүйнөсүн жөнгө сала албаган адамдын кыймыл-аракети да түз болбойт.

* * *

Эл кыймыл-аракетиңе жараша сага кандай баа берген болсо, абалыңды өзгөртпөй туруп, алардан башкача мамиле күтүү бекер.

* * *

Саламаттыктан жакшы, башкаларга муктаж болуудан аянычтуу жана шарттын жоктугуна карабай такыба болуудан оор нерсе жок.

* * *

Мааниси жок сөз, такыбалыксыз дин, олуялыкка жана такыбалыкка жеткирбеген илим, кайрымсыз достук жана үмүтсүз жашоо жалган.

* * *

Чилдеканалар[1] адамдын эркин бекемдейт. Адам ал жерде өзүн тааныйт. Чилдеканада элден четтөө негизги нерсе. Мына ошондуктан руханий дүйнөнүн тереңдиги, кыймыл-аракеттин жакшы болушу шарт. Бирок улуу адамдар эл арасында бышып-жетилет. Адамдар менен мамиле түзүүнү толугу менен коом арасында гана үйрөнөт.

* * *

Сүйүшкөн жандардай ынак болгула. Бирок жумуш жана аласа-береседе жат адамдардай болгула!

* * *

Сен өзүңдү таанытам деп аракет кылба. Сени жасаган иштериң таанытсын!

[1] Чилдекана - сопулар өз напсин тарбиялап отурчу жай, дербиштердин жайы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.