Мамлекет

Мамлекет – анда жарандардын шайлоо жана кеңеш берүү укугу бар башкаруу. Аны алгачкы болуп Куран Карим үйрөткөн. Мамлекеттик башкарууну Куранга карама-каршы көрсөтүү, атайын болбосо да толугу менен билимсиздиктин белгиси. Ал эми мамлекетти гана жактап, анын башатын көрмөксөн болуу толугу менен кежирлик болуп саналат.

* * *

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүн король катары таанытпагандай эле, Анын улуу халифалары да өздөрүн падыша жана султан деп айттырбады. Королдук Исламдын маани-маңызынан алыстоо менен пайда болуп, зулумдукка ортомчу болду.

* * *

Чыныгы акыйкаттык жана адилеттүүлүк түшүнүгүнө таянган мамлекет улуу жана коопсуз башкаруу болуу менен бирге өтө назик система. Анын ушул жагына көңүл бурулбаса, койнунда динсиздик жана анархия өөрчүйт.

* * *

Мамлекет - эркиндиктин энеси жана тарбиячысы сыяктуу. Эркиндикти сүйгөн муундарды ошол багып чоңойтот. Бирок мамлекет бейбаш эркиндик башкаруусу эмес, улуу сапаттардын жана адеп-ахлак эркиндигинин өкүмөтү.

* * *

Мамлекет адамдардын улуу сапаттар менен бийиктешине шарт түзөт. Андан кийин улуу адеп-ахлагы жана сезимдери менен жалгыз калтырат. Андан ары ар бир адам үйүндө, жумушунда эрктүүлүк менен жакшылык жана улуу сапаттардын артынан ээрчийт.

* * *

Рух өзүндөгү эркиндикти каалоо сезиминин күчү менен эч кандай өкүмдарга баш ийгиси келбейт. Ошондуктан, ой жүгүртүү, кыймыл-аракет жана баяндоолоруна коюлган чектөөлөргө каршылык кылат. Мына ушул себептен мамлекетти колдогондор бир жагынан жарандарга кеңири укук жана эркиндик таанып, экинчи жагынан алардын адеп-ахлактуу, улуу сапаттарга ээ, терең ой жүгүртө алган адам болушуна өбөлгө түзүүгө тийиш.

* * *

Дин акыйкаттарын колдоого алуу мамлекет үчүн зарыл маселе. Мына ошондуктан, диний көз караштары себептүү адамдарга акаарат кылуу, аларга жабыр көрсөтүп, каралоо мамлекетке акаарат кылуу болуп саналат.

* * *

Мамлекет - аны толук түшүнгөн адамдарга муктаж. Анын кеңешмелери даанышман жана ойчулдардын кеңешмеси сыяктуу олуттуу, иш-аракеттери кара кылды как жарган сот сыяктуу акыйкатчыл жана адилеттүү болушу керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.