Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам)

Адамзат чыныгы маданиятты пайгамбарыбыз Мухаммедди (саллаллаху алейхи ва саллам) аркылуу таанып-билди. Бул жааттагы бардык кийинки аракеттер Ал аркылуу келген негиздерди тууроо жана өзгөртүү гана болуп саналат. Мына ошондуктан Аны чыныгы маданияттын түптөөчүсү деп айтсак туура болот.

٭ ٭ ٭

Жалкоону жана жалкоолукту жактырбаган, эмгекти ибадат деп эсептеп, эмгекчилди алкыштаган, жолун жолдогондорго келечектин жана жалпы адамзат теңдигин сактоонун негизги эрежелерин көрсөткөн – Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам).

٭ ٭ ٭

Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) – динсиздик, түркөйлүккө каршы сөзү менен жана иши менен каршы чыккан, дүйнөнүн төрт бурчуна акыйкатты жар салган жана адамзатка чыныгы жашоонун жолун көрсөткөн теңдешсиз инсан.

٭ ٭ ٭

Жер жүзүндө түркөйлүк, динсиздик жана ырайымсыздык жактырбаган жалгыз адам бар болгон болсо, анын дал өзү – Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам). Акыйкатка жана чыныгы илимге суусаган асыл адамдар эртебикечпи, Аны издеп табат жана Анын жолунан тайбайт.

٭ ٭ ٭

Динди, намысты, мекенди жана элди, жерди коргоо ыйык милдет экенин адамзатка үйрөткөн инсан – Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам).

٭ ٭ ٭

Чыныгы эркиндик эмне экенин адамзатка билдирген, адам укугу бирдейлигин жар салган, улуулукту адеп-ахлакта жана такыбаалыкта деп тааныган, зордук-зомбулукка каршы күрөштү ибадат деп эсептеген адам Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) болгон.

٭ ٭ ٭

Өлүмдүн жүзүн ачып, кабырды түбөлүк бактылуулук дүйнөсүн күтүү жайы катары көрсөткөн. Ар кайсыл жашта бактылуулук издеген көңүлдөрдү Кызыр булагына алып барып, өлбөстүктүн суусун ичирген жолбашчы – Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам).

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.