Намыс

Намыс – аруулук, оопалуулук жана чынчылдыктан куралат. Намыска негизделген эч бир система кыйроого учураган эмес, же кыйрагандары өтө сейрек кездешет.

* * *

Жигиттин көркү – намыс. Анын беделин түшүргөн нерсе – арсыздык.

* * *

Аялдын көркү – аруулук. Өз намысына жана үй-бүлөсүнүн аруулугуна кайдыгер караган адам элинин намысына да кайдыгер мамиле жасаары анык.

* * *

Ар-намыс менен урмат-сый бир эмес. Байлык урматсыйга ээ кылышы мүмкүн, бирок ар-намыстын кепили боло албайт. Ал эми кедейлик намыстан ажыратпайт.

* * *

Намыс бардык элдер үчүн эң ыйык жана эң улуу сапаттардын арасынан орун алат. Намыс эмне экендигин билбеген адамдын улуулук сапаттарды жактаганы жалган.

* * *

Намыс теңдешсиз баалуу алмаздай. Аны эң ишеничтүү казынада сактоо керек. Ошондо анын баасы дагы жогорулайт.

* * *

Өзүнүн ар-намысы сыяктуу башкалардын ар-намысына да кайдыгер мамиле жасаган адамдарга аманат берилбейт. Аларга эч ишенүүгө болбойт...

* * *

Жарганаттар жарыкты жактырбагандай эле, динсиздер да динди, түркөйлөр илимди, адепсиздер адеп эрежелерин, намыс эмне экенин билбегендер намысты жактырышпайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.