Насаат

Насаат – диндин тиреги.

* * *

Эгерде насааттын пайдасы болбосо, Алла пайгамбар жиберет беле?!

* * *

Насаат – жакшылыктарга жеткирген негизги ортомчу. Жакшылыктын ортомчусу – жакшылык, сооптуку – сооп.

* * *

Бирөөгө насаат айткандар, айткандарын оболу өздөрү жашап көрсөтсө гана таасирдүү болот. Кечээ күнкүнүн таасирдүүлүгүнүн, бүгүнкүлөрдүн таасирсиздигинин себептерин ушудан издөө керек.

* * *

Сокурдун жолуна түшкөндөр, жолун уланткандан көрө турган жеринен жылбаса көздөгөн максатына дагы жакыныраак болушат.

* * *

Жылуу сөз көңүл жибитет.

* * *

Насаатчы жамаатты бир учурда толугу менен көрүп, көзөмөлдөй алат.

* * *

Аткарылган иш сөзгө караганда ар дайым таасирдүүрөөк.

* * *

Сылык сүйлөсөң көңүлдөр жибийт, жылуу мамиле жасасаң айткандарың адамдардын жүрөгүнө жетет, ыкыластуу болсоң таасириң көпкө созулат!

* * *

Бардык сөздөр таасир бербей калганда, бир аз жемелөө да дурус болушу мүмкүн...

* * *

Жакшылыктан дагы чоң жакшылык, жамандыктан дагы чоң жамандык бар. Кайсынысы качан керектүү экендигин, акылдуу жана илхам келип турган адамдар билишет.