Натыйжа жана жыйынтык

Иштин башындагы мактаныч эмес, анын жемиши маанилүү.

* * *

Акыбетин ойлобостон жасалган иштер көбүнчө өкүнүч менен аяктайт.

* * *

Карышкырга кой кайтартууга болбойт!

* * *

Эртеңки күнү көкүрөгүңдү туздай кууруган – бүгүнкү бал, каймак уудан да ачуу.

* * *

Иштин аягындагы кубаныч – чыныгы кубаныч.

* * *

Зыяндуу деп саналган көп нерсенин аягы пайдалуу, пайдалуу деп эсептелген нерселердин аягы зыяндуу болуп калышы мүмкүн.

* * *

Кыйынчылыктын аягы – жыргалчылыктын башталышы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.