Өнүгүү

Элдин өнүгүп-өсүшү ал элдин адамдарынын ой-пикир жана аң сезим жактан тарбияланышына байланыштуу. Аң-сезими өспөгөн элдин өнүгүшү мүмкүн эмес.

* * *

Эл өнүгүш үчүн баары бир максатта болушу шарт. Бири туура көргөн ишти башкасы четке кагып турса, ал эл өнүгө албайт.

* * *

Бирдей таалим-тарбия көрбөгөн муундар түрдүү маданиятка ээ болгондуктан, тайпа-тайпага бөлүнүп, бири- бирин душман катары кабыл алышат. Өз ичинен ушундай бөлүнүп-жарылган элдин өнүгүшү өтө кыйын.

* * *

Ар бир өнүгүүнүн башы оболу коом мүчөлөрүнүн ойпикиринен башталып, анан калайык калктын көңүлүнө салынат. Андан кийин бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган, жүрөктөрү бирдей соккон адамдардын аракеттери менен жүзөгө ашат. Илимий негизи жок, же багыты так түшүндүрүлө албаган бардык өнүгүү аракеттери натыйжасыз аяктайт.

* * *

Кандай нерсе болбосун, анын таза жана мурдагы абалынан дагы жакшыраак болушу үчүн илгерилеп, өнүгүп турушу зарыл. Ал эми белгилүү бир абалда өзгөрбөй тура берүү жигерсиздик жана демилгесиздик болуп саналат. Мына ошондуктан, бир чекитте гана туруп калбастан, жогору карай умтулуу керек.

* * *

Түз-ойдуңду какыраган чөлгө, бакчаларды таштандыга айлантуу артта калуу, артка кетүү. Ал эми какыраган талааларды жашылдандырып, таштанды жайларды бакчага айлантуу өнүгүп-өсүү болуп саналат. Өнүккөн элдин өлкөсү бейиш, жери кооз, ибадатканалары хансарай сыяктуу. Ал эми артта калган мамлекеттердин шаарлары уранды, көчөлөрү таштанды, ибадатканалары желе баскан кепе...

* * *

Коомдун өнүгүп-өсүшүнө илим-билимдин таасири зор. Бирок билимдүү жаштар элдик маданият менен тарбияланбагандыктан, керектүү натыйжага жетүү мүмкүн болгон эмес жана болбойт...

* * *

Өнүгүп-өсүү аракети учурдун талабын жакшы билүүгө жана өткөн коомдун тажрыйбаларынан жакшы пайдаланууга маани берилгенине жараша натыйжа берет. Эгер жаңы муун мурдагылардын тажрыйбаларынан пайдаланууну ойлобостон, өзүнчө бир жолго түшсө, анда баланын оюнундай болгон мындай кыймыл-аракеттери менен бир кадам да алга жыла албайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.