Сабактарга бай тарых барактары

Тарыхый окуялардын так өзүндөй кайталанышын күтүү - жаңылыш. Окуялар бири-бирине окшосо да, алар белгилүү бир убакыт жана чөйрөгө таандык. Мына ошондуктан тарыхтан сабак эмес, өрнөк алынат.

* * *

Жер бетинде эскирбеген, алгачкы калыбынан жазбаган эч бир нерсе жок.

* * *

Түбөлүккө алдыңкы орундан түшпөгөн бир да адам, бир да эл жок.

* * *

Адам тарыхтагы жагымдуу, жакшы окуялар менен кошо коркунучтуу, дене-бойду дүркүрөткөн окуялар тууралуу да окушу керек. Мына ошондо, зарыл болгон эскертүүнү алат. Андай болбосо бала кыялы менен кала берет.