Салабаттуулук

Көкөлөтө макталып, төбөңөр көктү көзөп баратса да жер баарынан коопсуз экенин унутпагыла. Учактан кулаган адамдын таш-талканы чыгат. Ал эми жерде жүргөн адам жыгылса да кайра турат.

* * *

Ынсаптуу болсоң башыңа таза ойлор келет. Ынсаптуу болбосоң айыкпас дарт, оңолгус урандылар пайда болот. Андан кийин кандай туура иш кылсаң да ал дартты айыктырып, ал урандыларды оңдой албайсың.