Сугалактык

Сугалактык арстанды чычканга айланткан тузак, ага түшкөн чыга албайт...

* * *

Сугалактык эң белдүү жигиттерди да жыгып кетчү тирукмуш күч.

* * *

Сугалактык кылбаган адам бардык адамдар суктанган азамат болот.

* * *

Ичи тар адамдарда көралбастык, сук адамдарда сугалактык алар үчүн бул дүйнөнүн тозогу болуп саналат.

* * *

Сугалактык – адамдын мойнуна тагылган туткун кынжысы.

* * *

Муктаждык уялуу сезимин ойрондойт. Айрыкча сугалактык менен коштолгон болсо анда эң жаманы ошол.

* * *

Адам жутунган нерсесинин колунан өлөт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.