Суфизм (тасаввуф)

Суфизм – Ислам акыйкатынын адам дилинде сезилиши. Ошондуктан, аны жашоого жоопкерчиликсиз карагандар биле албагандай эле, башкалардын башынан өткөн окуялар тууралуу баяндоо менен гана чектелип, өздөрү эч аракет кылбай отургандар да түшүнө алышпайт.

٭ ٭ ٭

Суфизм – адамдын алсыздыгын, дармансыздыгын, муктаждыгын, Улуу Жаратуучуга толугу менен карыздар экендигин түшүнүп, Жараткандын Өзүнө таандык шоолалары менен сыпаттарынын чагылуусунда эрип жок болуусу.

٭ ٭ ٭

Суфизм – адам рухунун толугу менен тазарып, өзөктүк маңызына кайтуусу, убакыт жана мейкиндик чегин жарып чыгып, купуя ааламга сүңгүп кириши. Мына ошонун негизинде ар бир пенде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) миражы аркылуу ачылган эшиктерге чыгып, Жаратканга жетет. Албетте, бул анын жөндөмүнө жараша болот.

٭ ٭ ٭

Философия менен даанышмандык, адамдын аң-сезимин өстүрөт жана анын заттар менен кубулуштарды таанып-билишине жардамчы болот. Суфизм акыл жетпеген деңгээлде Жараткан менен адамдын байланышын камсыздап, ортосунда жакындык менен сүйүүнү орнотот.

٭ ٭ ٭

Суфизм – зикир жана ой жүгүртүү аркылуу тарикаттын чыныгы устаттары Алланын Чексиз Улуу сапаттарынан руханий береке алып, жан дүйнөсүнүн нурга бөлөнүшү. Башталышы адамдын жеке напсисин негиз тутуп, чексиздикке кээ бир шарттуу чек коюу менен башталып, аягы жеке напси жана анын сырларын унутуу менен бардык нерсени Алладан деп билүү менен аяктайт.

٭ ٭ ٭

Суфизм – философиянын колу жетпеген улуу акыйкатка жетүү жолу. Акыл жылаңаяк, жылаңбаш кыялдары менен кайсалап кала турган бул жолдо жүрөк куш сыяктуу оболоп учуп, өзүнө таандык кадырлап-баалай билүүчү өлчөмдөрү менен Мавжуду Мажхулду (барлыгы акылды аң-таң кылган Улуу Жаратканды) таанып-билүүгө аракет кылат. Аягында жеткен маалымат-түшүнүгү менен “биз Сени ылайыктуу деңгээлде тааный албадык”,- деп, таанып-билүү алсыздыгын билдирет.

٭ ٭ ٭

٭ ٭ ٭ Суфизм – Исламдын руху. Ансыз Исламды элестетүү мүмкүн эмес. Тарикаттар болсо аны белгилүү жолго салган.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.