Тилдин балээси

Көп сүйлөө акылдын жана жан дүйнөнүн жардылыгын билдирет. Кыска-нуска, маектештин башын айландырбай тургандай, бир маанини билдирген сөздөр туура сөз болуп эсептелет. Маектешиңе бир нерсени түшүндүрүү үчүн көп сөздүн кереги жок. Көп сүйлөө кээде көптөгөн зыяндарды алып келет. Себеби көп сүйлөө менен бири-бирине карама-каршы келген ойлор айтылып калып, маектешиңде ар түрдүү суроолор пайда болушу мүмкүн. Бул нерсе маектеш үчүн пайдалуу болмок тургай, таптакыр эле зыяндуу болуп калышы ыктымал...

* * *

Акылдуу адам өзү сүйлөй бергендин ордуна, өзү үчүн да, башкалар үчүн да пайдалуу боло турган адамдардын сүйлөөсүнө шарт түзөт. Негизинен аң-сезими илим-билим менен, жүрөгү Алладан келген илхамдар менен толгон жана бышып жетилген адамдардын жанында башкалардын сүйлөгөнү урматсыздык болсо, ошол эле деңиздей терең адамдардын сөз албай калышы жанында турган көпчүлүк үчүн бир топ пайдадан куру калуу болуп саналат.

* * *

Аз сүйлөп, көп тыңшоо улуулуктун жана кеменгерликтин белгиси. Сөздөрүн башкаларга угузууну эңсөө ар дайым акылсыздык болуп эсептелбесе да, ыгы жоктук жана уятсыздык болгондугуна шек жок.

* * *

Ар бир айтылган сөз бир маселени чечүү үчүн же бир суроого жооп берүү үчүн айтылышы керек. Сүйлөп жатканда суроо сураган адамды жана угуучуларды тажатып алуудан сактануу зарыл.

* * *

Адам сүйлөбөшү керек болгон жерде унчукпай отуруусу жана сүйлөшү керек болгон жерде сөз алуусу демейдеги көрүнүш. Бирок, айтаар кеби көбүрөөк пайдалуу экендиги болжолдонгон адамдардын сүйлөшүн биринчи орунга коюу керек. Бул чындыгында адептүүлүккө жана унчукпоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө байланыштуу. Ата-бабаларыбыз “көп сөз көмүр, аз сөз алтын” деген сөздү бекер айтпаса керек.

* * *

Адам көп сүйлөө менен эмес, сүйлөгөн сөзүнүн орундуу жана пайдалуу болушу менен аброюн көтөрөт. Ал эми ар жерде сүйлөгүсү келген адам, айрыкча айткан сөздөрү мааниси терең жана чыгаан адистик талап кылган маселелер тууралуу болсо, бир топ жаңылыштык кетирип, өзүнүн аброюн түшүрөүп алат. Көп сүйлөгөн көп жаңылат.

* * *

Адам сүйлөгөн сөзү менен өзүнүн ким экенин жана кыймыл-аракети менен жан дүйнөсүнүн тереңдигин көрсөтөт. Баардык сөздү өзү гана сүйлөшү керектен бешбетер башкаларга сөз бербеген тантыктар досторуна да жек көрүнө баштайт. Кээде анын оозунан жакшы, маанилүү сөздөр чыкса да ал сөздөргө маани берилбей калат.

* * *

Аз жеөө, аз уктоо сыяктуу эле аз сүйлөө да илгертеден бери улуу адамдарга тиешелүү сапат болуп келген. Руханий жактан өсүп-жетилүүдө адамга айтыла турган алгачкы кеңеш тилин тыйып, керексиз жана орунсуз сөздөрдөн сактануу болот. Себеби ар жерде маанисиз сөздөрдү сүйлөй бергендердин тили зыянга учурашына себеп болгон. Бул жоготуу сүйлөөк кишинин бул дүйнөсүнө да акыретине да тиешелүү.

* * *

Айрыкча, өзү кылбаган нерселерди айткандардын абалы кыйын жана аянычтуу. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде эки жаак менен эки буттун ортосундагы мүчөнү кармай билүү бейишке кирүүнүн биринчи себептери экендиги баяндалган.

* * *

Адам өз сөзүн жактыруу илдетинен жана башкаларга сөз бербей сүйлөө оорусунан оолак болсо Улуу Жаратуучуга жана адамдарга жакын, жагымдуу болот. Мунун тескерисинче болсо Алланын алдында да адамдардын алдында да баркы түшөт.