Түбөлүктүүлүк жолунда

Алла Таала бизди жараткан. Улуулугу ааламды кучагына алган. Нуру ааламды жарыткан. Асман-жер Анын нурунун шооласы, жаратылыш толугу менен Ага көз каранды. Акыйкат жолду тапкан адамдар Ага гана жүздөнөт. Аны таштап, башкадан үмүт кылуу акылсыздык. Андан башкага жалбарып муктаждыкты сурануу алдангандык болуп эсептелет. Андан башкага жүз бургандар түбөлүк жоготууга учурап, жолдо калат. Анын нуруна багыт албагандар закымдын артынан кубалап, куру бекер убара болушат. Аалам Анын нуру менен жарыкка бөлөнүп, бир китепке айланат. Убакыт Анын жолундагы адамдардын деми менен маани-маңызга ээ болот...

Ааламды жаратып, тартипке салган жана аны миң бир тилде сүйлөткөн да – Ал Өзү. Анын буйругу жана жардамы менен аалам адамга, ааламдагы тартип тилге айланды. Бардык нерсе Аны зикир кылат жана баары Анын жараткан табиятынын кооздугуна суктанып арбалат! Аалам Аны чагылдыра албаса, дат баскан темирден айырмасы кайсы? Пенде Аны тааныта албаса, аны адам деп атоого болобу? Кашайган көөдөнү сокурлар, жан дүйнө жаңырыгын укпаган кереңдер ай! Качанга чейин оюнчактарга алаксып, акыйкатка көз жумасыңар?!

Адам баласы материалдык дүйнөнүн кучагында көзүн ачкандыктан оболу ошого ишенет, андан кийин ал нерселер ишарат кылган маанилер аркылуу дилиндеги акыйкатты сезип-билүүгө аракет кылат. Бирок кээде материалдык нерселер менен гана көздөрү байланып, руханий жаатта бир кадам да алга жыла албагандар аз эмес. Ошондуктан айлана-чөйрөнү китеп сыяктуу окуп, анын үнүнө кулак төшөө керек. Аны окуп, үнүнө кулак салганда китепти жазганды, симфонияны түзгөндү эстен чыгарбоо зарыл. Жан дүйнө жаңырыгын укпастан, табиятты изилдөөгө аракет кылган адам Алланы тааный албайт.

Оо, биздин жан дүйнөбүздү жарытып, напсинин караңгылыгынан куткарган Мээримдүү Алла! Эгер ааламды жарыткан түбөлүктүү нуруң болбогондо, биз эч нерсени анык көрө алмак эмеспиз. Биздин баарыбызды жоктон бар кылдың! Сенин билдирүүң менен акыйкатты билдик! Эгер ырайым кылып, барлыгыңды бизге сездирбегениңде, Сени кантип таанып-биле алмак элек?

Ар бир нерсени бир тил жана алардын арасында адамзатты булбул кылган Сенсиң. Сени тааныткандардын өркөнү өссүн! Ооба, төгөрөктүн төрт бурчундагы аяттарыңды бизге ушундайча окуттуң жана дилибиздеги акыйкаттарды бизге дагы бир жолу сездирдиң. Мына ушул аркылуу Улуу Жаратуучу менен жаратылыштын ортосундагы байланышты сезип, Сени тааныйбыз. Мына ушунун арты менен напсинин кайсалаткан караңгылыгынан, сезимдердин туңгуюгунан кутулабыз. Сени таануу менен акыйкатты таап, нерселердин маңызындагы сулуулукка күбө болдук. Ар бир нерсенин сырларын сезип, табияттагы ар бир үндөн жагымдуу кайрыктарды угушубуз Сенден. Сага жаныбыз садага чабылсын!

Алдыбызга жайып койгон ажайып кооз табиятың менен көңүлүбүздү эргиттиң. Сага таандык бул кооздуктарды дастан кылып айта жүрүүнү бизге насип кылдың. Теңдеши жок Жамалыңды чагылдырып турган бул жаратылыш китебин миңдеген жолу талдап окусак, барлыгыңды жар салган кайрыктарды миң бир ирет уксак, ал кайрыктарды Сени сүйгөн пенделерге сунсак да, Сенин нуруңа тойбойбуз жана Сенин атыңды гана даңазалай бермекчибиз.

Оо, барлыгын купуя сулуулуктар менен бизге сүйдүргөн Алла! Сен тууралуу миңдеген жолу баяндашты. Сага ышкысы арткан жүрөктөргө каусар суусун кеселеп сунушту. Сенин жолуңа баш-оту менен кирген ал азаматтардын ыйык чакырыктарынын жанында менин алсыз үнүм эмнеге жарамак эле?.. Бирок, баарын сөз эркиндиги укугуна ээ кылган кең пейилдигиңди уялбас жүзүбүзгө кармап, бизге жол көрсөткөн көсөмдөрдүн жана эшигиңдеги Сөз Султанынын баяндоолору арасында “Булбиздин мазмунсуз кайрыктарыбыз”,- деп, кечиримиңен үмүт кылабыз.

Бул жааттагы негизги сөз аларга таандык. Муну моюнга алуу менен бирге, алардын дарыядай шар баяндоолору менен кайрадан Сени таанытууга аракет кылабыз.

Ушуга чейин Сени тааныткан бир топ адамдарга кулак төшөдүк, эми жүрөгүбүздүн ачылган терезелеринен Сага жол көрсөткөн белгилерди карап, Сенин ыраазычылыгыңа жеткибиз келет.

Нуруң менен көздөрүбүздү ачып, көкүрөгүбүздү тазалай көр! Жолдо калгандардын жардамына шашылган пенделериңе Өзүңдү дагы бир жолу таанытуу мүмкүнчүлүгүн берип, Сенин жолуңан тайбаган кулдарыңы түбөлүктүү кубанычка бөлө...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.