Үйлөнүү жана үй-бүлө

Үйлөнүүнүн максаты ырахат алуу эмес – үй-бүлөнүн курулушу, тукум улоо, адамдын сезимин, ой-пикирлерин чаржайыттыктан сактоо жана дене кумарын жөнгө салуу. Андагы ырахаттануулар болсо табияттагы көп маселелерде болгондой эле, Акырет жыргалчылыгынын авансы жана кызыктыруу.

* * *

Баш кошчу жубайлар бири-бирин үстү-башына, кийим-кечесине, жадагалса байлык жана сырткы сулуулугуна карап эмес, ички сулуулугуна, ар-намыс жана адепахлагына, адамдык улуу сапаттарына жана мүнөзүнө карап тандашы керек.

* * *

Үй-бүлө курууда керектүү изилдөөлөрдү жүргүзбөгөн, же ага мүмкүнчүлүк таба албаган адамдар ажыраша турган абалга келип калганда аларга эч кандай акыл жардам бере албайт. Ооба, эң негизгиси үй-бүлөдө чыккан чырчатактын зыянын азайтуу эмес, негизгиси, чыр-чатакка алып келе турган себептерди үй-бүлөгө жолотпоо керек.

* * *

Тааныбагандарга кыз бербешибиз жана тааныбаган кыздарга куда түшпөшүбүз керек. Мындай дайыны билинбеген мамилелер, же Алла Таалага жакпаган ажырашуу менен аяктайт, же эки тарап үчүн өмүр бою азап болот.

* * *

Башынан эле Алла Таалага таянып, туура ойлонуу менен курулган үй-бүлөлөр бар. Ал үй-бүлөлөр өмүр бою мектеп сыяктуу балдарды тарбиялап чыгарып, өзү жашап жаткан коомдун жаркын келечегине жана сакталышына кепил болот.

* * *

Жакшылап ойлонулбастан баш кошуулар артында ыйлап көчөдө калган жубайлар, жетимдер үйлөрүнө ташталган балдар жана адамдардын жүрөгүн жаралаган мыкаачылыкты калтырып кетет.

* * *

Үй-бүлө куруу жеке адамга бир пайда алып келсе, элге миңдеген пайдасы тиет. Мына ошондуктан, туура эмес курулган үй-бүлө сыяктуу эле, эч үйлөнбөй дүйнөдөн так өтүү кыздарды бактысыз, эркектерди аянычтуу абалга түшүргөн, элди куураткан оору болуп саналат.

* * *

Тээ башынан эле туура эрежелердин негизинде курулган жана материалдык-руханий бактылуулук өкүм сүрүп турган үй-бүлө – элдин жаркын келечеги жана улуу сапаттардын ээси болгон муундарды тарбиялап чыгаруучу ыйык мектеп. Үйлөрүн мектеп сыяктуу ыйык жана берекелүү, мектептерин үйлөрүндөй жылуу уяга айланта алган элдер адам тарбиялоочу эң сонун ишти жасап, келечек муундардын бактылуулугун кепилдикке алган болуп саналат.

* * *

Эл үй-бүлөлөрдөн куралат. Ошондуктан, үй-бүлө жакшы болсо, эл жакшы, үй-бүлөлөр жаман болсо, эл да жаман болот. Аттиң, элдин оңолушун каалаган адамдар оболу үй-бүлөлөрдү оңдоого аракет кылышса жакшы болмок!..

* * *

Үйдү анын ичиндеги адамдарга карап “үй” деп атоого болот. Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бири менен адамгерчиликтүү мамиледе болгондо гана ал үй-бүлө бактылуу болот. Ооба, адам үй-бүлө мүчөлөрү менен адамча жашаса, ал үйдү – үй десе болот.

* * *

Үй-бүлө – бул кичинекей мамлекет, мамлекет – кичинекей үй-бүлө. Үй-бүлөнү жакшы башкара алган жана үй-бүлө мүчөлөрүн адамдык улуулукка жеткире алган адам бир аз аракет кылса, андан чоң уюмдарды башкарууда да ийгиликке жетет.

* * *

Үй-бүлөдөгү тартипсиздик ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн жан дүйнөсүнүн чаржайыттыгын, бир аймакта үйлөрдүн, ишканалардын, көчөлөрдүн иретсиздиги, балиттиги ошол аймакты башкарган башкаруучу топтун жоопкерчилик деңгээлин чагылдырат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.