Жакшылык

Жашоо – бул Алланын берген жакшылыгы. Ал эми андан да чоң жакшылык руханий, материалдык жактан карызсыз жашоо.

* * *

Эң бактылуу адам, күнөөлөрүнүн артынан дароо тообо кылган адам. Андан да бактылуу адам күнөөлөрдөн ар дайым сактанган адам.

* * *

Кээ бир адам убакытты жонуп пайдаланат. Кээ бир адамды өмүр бою убакыт жонуп отурат...

* * *

Картайганда картаюуну ылдамдаткан эң чоң дарт картаюунун кайгысы...

* * *

Караңгылыкты жактырбаган жакшы. Бирок андан да жакшысы – караңгылыкты сөгүп-сагуунун ордуна кичинекей болсо да чырак жагуу.

* * *

Үзгүлтүксүз уланып турган аз жакшылык, кээде бар болуп, кээде жок болуп турган көп жакшылыктан дагы берекелүү.

* * *

Ден соолукту сактоо максатындагы бир аракет дарылануу максатындагы жүз аракеттен жакшы.

* * *

Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.