Жамандык

Ар дайым жамандык кылып жүргөн адамдарга эч ким кийлигишпесе да бир күнү сөзсүз ошол жамандыктары өз баштарына тиет. Ырас, жамандыктын аягы жок болууга алып барат.

* * *

Жашоодо жолуккан жамандыктар бүтпөчүдөй көрүнсө да убактылуу нерсе. Албетте өмүрү аяктаганда ал да бардык нерсе сыяктуу эле өлүп жок болот. Бирок кээде биздин адамдык баалуулуктарыбызды да кошо ала кетет.