Диндер аралык диалогдун зарылдыгы

Адамдар тынчтык, экология, акыйкат, сабырдуулук жана диалог тууралуу айтышат. Тилекке каршы, үстөмдүк кылуучу материалдык көз караштагылар адамзат менен табияттын ортосундагы жана адамдар ортосундагы тең салмактуулукту бузууда. Бул шайкештик жана тынчтык качан материалдык менен руханий чөйрөлөрдүн элдешкенинде болот.

Ишеним карама-каршылыктарды элдештирет. Мисалы, дин менен илим, бул дүйнөлүк жашоо менен кабырдагы жашоо, табият менен кудайдын китептери, материализм менен руханият, жан менен дене. Ал илимий материализмди токтото алат, илимди өзүнүн чыныгы ордуна коёт жана мурунтан бери келаткан чыр-чатакты аягына чыгарат. Алланын жолуна багыттаган табигый илимдердин ордуна кеңири жайылып кеткен ишенбөөчүлүктү пайда кылууда. Бул ой-максат насранийлик (христиан дини) таасири болгон Батышта күчтүү өнүккөн, демек, мусулманчылык менен насранийликтин ортосунда диалог сөзсүз керек.

Ар кыл ишенимдердин ортосундагы диалогдун максаты руханий биримдик жана макулдукту жүзөгө ашыруу, ошондой эле ишенимдин универсалдуулугун колдоо болуп саналат. Дин бардык ишенимдерди камтып, биртуугандык менен аларды элдештирип алдыга умтулууда. Ал сүйүүнү, бири-бирине болгон сыйды, сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү, ырайымдуулукту, адам укугун, тынчтыкты, пайгамбарлар аркылуу тууганчылыкты жана эркиндикти улуктайт.

Исламда Иса (а.с.) пайгамбар кыямат күндүн акыркы күндөрүндө келет деп көргөзүлгөн. Мусулман үчүн сүйүү, тынчтык, тууганчылык, кечиримдүүлүк, элдик камкордук, ырайымдуулук жана руханий жетилүү, тазалануу сыяктуу баалуулуктар милдеттүү түрдө биринчи орунда турат дегенди билдирет. Иса пайгамбар жөөттөргө жиберилгенине байланыштуу бардык жөөт пайгамбарлары ошол баалуулуктарды улуктаган. Анда жөөттөр менен диалог болуусуна зарылдык бар, ошондой эле ислам, насранийлик (хритиан дини), иудаизм ортосунда өз ара мамилелешүүлөр жана кызматташуулар болушу керек.

Диндер арасында өз ара диалогду бекемдөө үчүн көптөгөн жалпы жоболор бар. Михаил Вышогрод: “жөөттөр менен насранийлерге караганда жөөттөр менен мусулмандардын өз ара жакындашуусуна көптөгөн теориялык же конфессиялык себептер бар”-деп жазат[i]. Мындан сырткары мусулмандар жөөттөр менен болгон мамиледежакшы абройго жетишишкен. Алардын ортосунда негизинен дикриминация, массалык өлтүрүүлөр болгон эмес жана адамдын негизги укуктарын бузган же тукум курут кылган эмес. Чынын айтканда кыйынчылык мезгилде жөөттөрдү Испаниядан куугунттукка алганда аларды Осмон мамлекетине жылуу жүз менен кабыл алынган.

Диалогду орнотууда мусулмандардын кыйынчылыктары

Акыркы кылымда насранийлер тарабынан мусулмандарынын өлтүрүлүшү тарыхыбызда бир кыйла насранийлердин мусулмандар тарабынан өлтүрүлүшүнүн санын көбөйттү[ii].

Көптөгөн мусулмандар жада калса көптү көргөн жана билимдүүлөрү да Батыш куулук жана кылдат иштелген усулдар менен исламдын негиздеринин кадырын кетирүүгө умтулуп жатышканына ишенишет.

Батыш колониализми да унутта калган жок. Осмон империясы Европа тараптан болгон аскерий кысымдын негизинде кулады. Мусулмандардын жеринде чет өлкөлүктөрдүн басмырлоолорунун тарыхын Түркия... Акырындык менен исламды чыр-чатактын жана карама-каршылыктын идеологиясы же партиялык идеологияга “айлантуу” адамдарды ысламга жана мусулмандарга шек менен кароону аргасыз кылды.

Ислам мусулмандарды эгемендүүлүк үчүн күрөшүүдө абдан жакшы роль ойноду. Ал (ислам) ислам менен Батыштын ортосуна эгемендүүлүк үчүн бириктирүүчү жана массалык саясий идеологиянын дубалын тургузгандай кабылданат.

Исламдын тарыхый элеси насраний дүйнөсүндө иудаизмдин жана насранийликтин кайра өзгөрүлгөн вариантындагыдай орой, а Пайгамбарыбыз алдамчы катары берилиши азыркыга чейин мусулмандарды аябай капаланткан.

Диалог бул – көптөн-көп керектүү нерсе

Ишенимдердин ортосуна диалог куруу үчүн биз өткөндү унутуубуз, тоскоолдуктарга жол бербөөбүз жана жалпы башталыштарга топтолушубуз зарыл. Батыштын ою өзгөрдү. Мэссионьондун айткан сөзүн эстеңиздер. Ал ислам бул – “Мухаммед тарабынан кайра жарала турган Авраамдын дини” – деп айткан. Ал ислам оң көз карашты жана насранийликтен кийинки озуйпаны аткарганына ишенчү, анткени  “Ислам ишенимдин дини. Ал кудайга ишенүүнүн философиялуу дини эмес, ал Авраамга, Исхакка, Ысмайылга, биздин кудайга ишенүүнүн дини. Ислам бул – диний эрктин улуу сыры.” Ал Курандын кыдай тарабынан келгендигине жана Мухаммеддин (с.а.в.) пайгамбарлык озуйпасына ишенген[iii]

Батыштын Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарга болгон көз карашы өзгөрдү. Чарльз Ж. Ледит, Ирен М. Далмаис, Л. Гардет, Норманн Даниэль, мишель Лелонг, Х. Мориер, Оливер Лакомб, Томас Мертон сыяктуу насраний зуханий адамдары жана диний ишмерлери исламга жана пайгамбарыбызга болгон көз караштары түз жана диалог курууну колдошот.

Ватикандагы экинчи чиркөө кеңешинде ошол диалогдун башталышынын демилгечиси жана биз барктабай коё албайбыз деген ой менен чыкканы католик чиркөөлөрүнө болгон көз карашты өзгөрттү. Ушул кеңештин экинчи бөлүгүндө Павел VI папасы: “...Экинчи тараптан насранийликтин горизонтторуна чейин католик чиркөөлөрүнүн көз карашы алыска карай жайылып кеткен. Ал кудайдын бир жана өзгөчө Жараткан экенин, тагдырдын жана акылдын булагын жаратканын сактаган бардык диндерге кайрылып жатат. Ал диндер Кудайга чын жүрөктөн жана берилүү менен жалынып жатат...

Чиркөө чыныгы цивилизация заманбап коомдо диндин жана Кудайга сыйынуунун маанисин сактоого муктаж болуп жаткандыгын тастыктап жатат, чиркөө адамга ыйгарылган кудай тарабынан келген укуктардын туруктуу коргоочусу болуу үчүн умтулуп жатат...

Бири-бирине болгон жылуу мамиле азайып бараткан биздин дүйнөдө адамдар динден адамзат жаратылышынын табышмактуу башаламандыктарды, сырларды, анын дилин өзгөртө турганын күтөт. Адам деген ким? Жашоосунун максаты жана мааниси кандай? Жакшылык жана сыйлоо, күнөө дегендер эмне? Жапа чегүүнүн максаты эмне анын булагы кайда? Чыныгы бактылуулуктун жолун кантип табабыз? Өлүм деген эмне, өлүмдөн кийинки сурактын жана адамдын жасаган иштери боюнча сыйлоонун мааниси кандай? Алла жараткандардын баш-аягын эмне үчүн табышмактуу сыр каптаган?..

Чиркөө өзүнүн коомун насранийлер сыяктуу ишенүү жана жашоо гана эмес, ошондой эле башка диндердин өкүлдөрү менен кызматташууга жана диалог курууга; таанышууга; боорукерлик жана кылдаттык менен колдоого; алардын руханий, моралдык жана социо-маданий баалуулуктарын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө чакырып жатат”[iv].

Иоанн Павел II папа “Үмүттүн босогосун аттап жатып” деген өзүнүн китебинде мусулмандар кудайга кылдаттык менен жана эң мыкты деңгээлде сыйынып жатышат деп тааныйт. Ал өзүнүн окурмандарын бул жолдо насранийлер мусулмандардан үлгү алышын эскертет.

Исламдын материализмдин идеологиясына жана анын учурдагы дүйнөдөгү ролуна болгон былкылдабастыгы Батыштын байкоочуларын таң калтырды. Е. Х. Жержи: “Өзүн-өзү сыйлоодо, өзүн-өзү жетиштирүүдө жана чыныгы диний тырышчаактыгы, расисттик жана марксисттик идеологияга каршы күрөшүүдөгү биримдиги, чыныгы жолдон чыккандарга өздөрүнүн озуйпасын жайылкан сыңары өздөрүнүн эксплутацияларынын чечкиндүү талкуулары менен ислам дини учурдагы дүйнөгө бешенеге жазылганын өзгөчө түшүнүү менен кайррылып жатат. Жөндөн-жөн эле урулбаган жана теологиялык күч жактан бөлүктөргө чачырабаган, жалган жалаанын кесепетинен сыналып өткөн өзүнүн озуйпасын сезип-билүүсү ис.”[v].

Мусулмандар менен насранийлер бир-бирлери менен 14 кылым согушуп келди. Батыш исламдын аскерий күчүн жана басып кирүүсүн билет. Учурдагы мусулмандардын каршылыгы жана Батыштын кыжырдануусу эч кимге пайда алып келбейт. Биздин глобалдуу айылда Батыш исламды Жер жүзүнөн алып сала албайт жана мусулман өлкөлөрдүн армиясы Батыш менен согуша албайт. Ошол эле убакта эки тарап тең бири-биринен белгилүү пайда келтире алат. Батыш илимге, технологияга, экономикага жана аскерий артыкчылыкка ээ, а ислам Ыйык Куранга жана сүннөткө тамырлашкан бурмаланбаган, жандуу руханий салт-санааларга ээ.

Дин динсиз каардуу кысымдардан качкан эмес. Мусулмандар исламды саясий же экономикалык системанын алкагы менен чектей албайт же Батыш жана башка диндер тарыхый түптөлүп калган көз караштан карап, ага жараша өзүнүн мамилесин түзүү керек. Ким исламды саясий идеология катары караса демек, алар өздөрүнүн жеке кыжырдануусунан же душмандыгынан кылып жатат. Биз андай иштерге жол бербей, исламды дин катары түптөөнү башташ керек. Пайгамбарыбыз чыныгы мусулманды бардыгы коопсуздукта турган, дүйнөдө эң ылайыктуу өкүл катарындагы адам кылып көргөзгөн.

Мусулмандар идеологиялык же саясий ойлонуулары менен аракет кылганын токтотуу керек жана исламга жамынышы зарыл, ошондой эле кадыресе ой-мүдөөлөрүн  идея үчүн айтып туруу керек. Бул Батышта исламды бурмалап көрсөтүүгө алып келди. Мисалы, америкалык университеттерде исламды саясий идеология катары карап жана аны саясат таануу же эл аралык мамилелер факультеттерде окутулат[vi]. Ушул сыяктуу түшүнүктөрдү  Батыштагы мусулмандардан жана мусулман эмес азиялыктардан көрсө болот. Кызыктуусу көптөгөн адамдардын тобу исламдын астында ушул түшүнүктү жаюуга жана бекемдоп жатышат.

Исламдын бүткүл дүйнөлүк диалогго чакыруусу

14 кылым мурун ислам бүткүл дүйнөгө улуу тарыхый чакырык жасаган:

“Эй, Китеп ээлери! Ортобузду (түзөп), өз ара келишимге келели: “Жалгыз Аллахка кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле, Аллахтан башканы – бири-бирибизди кудай кылып албайлы”,-деп айткын. Эгер алар каршы болсо, анда: “Биздин мусулмандыгыбызга күбө болгула!”-дегиле” (Ыйык Куран 3:64).

Алладан башка кудай жок деген ислам дининин бекемдөөсү – бир нерсеге кармалуусуна чакырыгы, учурдагы башка диндин өкүлдөрү өзүнүн ойлорунун келишпестигин жок кылыш керек эле. Ал ишенген адамдар макул дей турган кеңири түшүнүктү камтыйт. Эгер ал жарабай калса анда мусулмандар: “сенин диниң сен үчүн, менин диним мен үчүн” – деп жооп бериш керек.

Белгилүү түрк муфассири (Куранды түшүндүрүүчү, окумуштуу) Элмалылы Хамди Языр: “Ар кандай сезим-туюмдар, улуттар, диндер жана китептер жалпы бир туюмга жаначыныгы сөзгө бириктирүүсү мүмкүн – деп белгилеген. Ислам адамзат дүйнөсүнө куткарууга жана эркиндиктин мыйзамына болгон кеңири ачык-айкын жана чыныгы жолду көрсөттү. Ошондой эле бул араб жана араб эмес дүйнөнүн алкагы менен чектелбейт. Диний өнүгүү дүйнөгө тар, чектелген чөйрөдө эмес, а кеңири жана төрт тараптык көз карашта болуусу шарт”[vii].

Ислам бизге мунун бардыгын тартуулады. Саид Нурси[viii] исламдын кеңири кулачы менен байланышкан өзүнүн ойлорун жана байкоолорун төмөнкүчө түшүндүрөт:

“Мен “биз” деген сөз тууралуу ойлонуп калдым”: “Биз сага гана сыйынып сенден жардам сурайбыз (Ыйык Куран 1:5)” жана өзүнөн эмне үчүн мендин ордуна биз деген ат атооч колдонулуп калган деп сурады. Капысынан мен өзүмө диниц сыйынуунун татыктуу жана табышмактуу сырын ачтым. Баязет мечитинде биз бардыгыбыз сыйынып жатканда бардык адамдар мен үчүн шапаатчы болгондой болуп калды. Мен Куран окуп жатканда башкалары менин пайдама күбө болуп турушту. Алланын сотуна болгон өзүмдүн пайдасыз сыйынуум үчүн мен кудайга жалпы улуу жана ынтаалуу сыйынуудан кайрат алдым.

Дагы бир чындык өзүн ачты: Стамбулдагы бардык мечиттер биригишти жана Баязет мечитинин таасиринин алдында топтолушту. Алар мени менин жакшы ишимде колдоп жатканын сездим жана мени өздөрүнүн дубаларына кошуп жатты. Бул мечитте мен өзүмдү Каабанын тегерегинде басып жүргөндөй көрдүм. Мен: “Дүйнөнү жаратканга мактоолор болсун. Менин ушунча шапаатчыларым бар; алардын бардыгы бир сөздү айтып жана мени колдоп жатышат” - деп айттым.

Мен ушул чындыкты сезгенде Каабанын алдында сыйынып жаткандай бодум. Бардык сыйынып жаткандарды Кудайга күбө катары алып: “Мен Алладан башка кудай жок, Мухаммед анын элчиси” – деп айттым. Мен диндин күбөсү Хаджаруль-асвадга ишендим. Муну кылуу менен мен дагы бир сырдын чүмбөтү ачылып жатканын көрдүм. Мен ишенген диндин өкүлдөрү үч топко бөлүнгөнүн көрдүм.

Биринчи топко ишенген мусулмандар жана кудайдын бар жана бир экенине ишенгендер кирет. Экинчи топко бардык улуу сыйынууну алып жүргөн жана Кудайга чакыргандар кирди. Ар бир тайпа же өкүл өзүнүн кайталангыс чакырыгы жана Кудайга сыйынуусу менен алек болду жана мен алардын арасында болдум. Үчүнчү топко өзгөчө дүйнөгө ээ болгондор кирген, алар тышынан караганда малдай, а чындыгында өздөрүнүн бешенесине жазылганы жана артыкчылыгы менен чоң болушкан. Менин денемдеги атомдордон баштап сырткы сезимдерге чейин мен диний туугандыкты, кудайга сыйынуу менен алектенүүнү жана өзүнүн ырахмат айтуусун сездим.

Кыскача айтканда биз “биз” сөзүндө жогорудагы топторго таазим кылып жатабыз. Мен биздин Пайгамбарыбызды Курандын котормочусу жана жайылтуучусу, Мадинада адамзатка кайрылып жаткан катары төмөндөгүдөй элестеткем: “Эй, адамдар силерди да силерге чейинки жараткан Эгеңерге сыйынгыла! Балким силер коркоорсуңар!” (Ыйык Куран 2.21). Ошондой эле башкалар сыяктуу бул чакырыкты мен жүрөгүмөн уктум, мен сыяктуу үч топтун өкүлдөрү “Бир гана Сага сыйынабыз” – деп жооп беришти”[ix].

Башка диндегилер менен өз ара аракеттенүү

Куранда: “Бул китеп. Анда шек жок! Ал такыбалар үчүн Туура жол Алар кайыпка ишенишет, намаз окушат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарпташат”  (Ыйык Куран 2.2,3,4) - деп айтылат.

Куран башында эле өткөн пайгамбарларды жана китептерди кабыл алуусун айтат. Мындай шарт башында эле мага өзгөчө сезилген, айрыкча диний аралык диалогду курууда. Алла: “Алардын заалимдеринен башка китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып тартышкыла. Жана: “Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө да, силерге түшүрүлгөнгө да ишенебиз. Биздин Кудай да, силердин Кудай да бир. Биз Ага моюн сунгандарданбыз” (Ыйык Куран 29.46). Мында Куран кандай кылыш керек экенин айтып жатат. Бул жөнүндө Саид Нурси төмөнкүчө айткан: “Кимдир-бирөө каршылашын тартышууда утуп кетсе анын боорун оорута албайт”. Ал аны төмөнкүчө түшүндүргөн: “Аллах диниңерге силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болуңарга тыюу салбайт. Акыйкатта Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт”. (Ыйык Куран 60.8). Курандын кээ бир аяттары Адамдарды, Китептерди туура эмес алып жүрүүсүн, ойлорун, чындыктарды кагылыштыргандыгын, кыйынчылыкты, душмандыкты жана кереги жок сапаттарды түзгөнүн сындап атат. А Библиядан биз ушул өңүттөгү сөздөрдү көп таба алабыз. Бирок жан дүйнөбүздө үмүттү туудуруу жана жүрөгүбүздүн чындыкка түрткү берүүсү үчүн дароо эле жана андан кийин Куран аяр сөздөрдү колдонууда. Анын сындаганы жана эскертүүсү кээ бир жөөттөрдүн, насранийлердин жана көп кудайлуулардын аракетине, мамилесине тиешелүү, ошондой эле айрым мусулмандарга да айтылган.

Учурдагы бардык диндер тынчтыкка, коопсуздукка жана ааламдык шайкештикке негизделген. Көзөмөл астында болуу үчүн согуш жана чыр-чатактар четтен чыгарылган нерселер. Белгилүү негиздерге төп келген учурда өзүн-өзү коргоо үчүн гана колдонулат. Ислам согушту чектеген жана тең салмактуулукту орното турган эрежелерди түздү. Мисалы, анын курамында дүйнөдө адилеттүүлүк жана тынчтык болуусу шарт: “Эй, момундар! Аллах (ыраазылыгы) үчүн күбөлүккө бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилет болгула! Ошол такыбалыкка жакыныраак. Аллахтан корккула. Албетте, Аллах – эмне иш кылып жатканыңардан Кабардар! ” (Ыйык Куран 5.8). Ислам динди, жашоону, жеке менчикти, жан дүйнөнү жана тукум улоону кайтарганды караган коргоо сызыгын белгилеп койгон. Учурдагы мыйзам чыгаруучу система дал ушуларды кылды.

“Ким акысыз адам өлтүрүп же жер жүзүнө бузукузук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете”(Ыйык Куран 5.32). Адамдын баласы Каин биринчи киши өлтүргүч болгон. Кан төгүү доорунун башатын түзгөн бул көрүнүш тууралуу Библияда кеңири сүрөттөлгөн. Дал ушул тууралуу Пайгамбарыбыз: “Эгер адам адилетсиз өлтүрүлсө, анда ал күнөөнүн бир бөлүгү Каинге жазылат, анткени ал адамзаттын адилетсиз өлтүрүлүшүнө биринчи жол ачты”[x].

Диалогдун негиздери

Адамдын жеке инсандыгында негизги ролду сүйүү ойнойт. Бул каалаган башка күчтү жеңе турган, ага туруштук бере алган өтө жаркыраган нур жана улуу күч. Сүйүү тоюндуруп аны түбөлүктүүлүккө даярдай турган жан дүйнөнү көтөрөт. Түбөлүктүүлүккө сүйүү аркылуу келгендер эмне алышса аны башкаларына жалгоого аракет кылышат. Алар ага бүт өмүрүн арнашат жана ал үчүн алдынан кездешкен бардык кыйынчылыктарды басып өтөт.

Альтуризм сүйүүнү жаратат. Ким ушул сүйүүнүн бир бөлүгүнө ээ болсо алар адамзаттын улуу баатырлар, өзүнүн жүрөгүндөгү каарларын жана жек көрүүлөрүн түп тамырынан жок кылып салган адамдар болуп саналат. Андай адамдар өлгөндөн кийин да жашап жатышат, өздөрүнүн жашоосунда адамдар аларды сүйүшкөн.

Адамдын жүрөгүнө кеткен эң кыска жана түз жол сүйүү аркылуу болот. Бул пайгамбарлардын жолу. Бүгүнкү күндө анын үммөттөрү кабыл алышты, жада калса кээ бирлери четке какты, бирок көбү жылуу мамиле менен тосуп алууда. Ким сүйүү менен тосуп алышса, алар максатына жетип жатышат.

Дүйнөдө бардыгы күбө болушуп жана мээримдүүлүктү убада кылып жатышат, демек, аны мээримдүүлүктүн симфониясы деп эсептешибиз керек. Адам деп саналуу үчүн бардык тирүү жандыктарга мээримдүүлүк көрсөтүү керектүү шарттардан болуп саналат. Мээримдүүлүк адамдын баркын көтөрөт.

Алланын элчиси табигый формада бардык жандыктарды камтыган өзүнүн боорукердик жөнүндө элестетүүсүн көрсөткөн. Мынакей, кандай үлгүлүү жана айкын мисалдар менен бизге жаныбарларга болгон мээримдүүлүк тууралуу айтып жатат:

“Алла бир бузулган аялды кечирип аны иттин айынан бейишке чыгарды. Ит ысыктан тили кургап, кудуктун жанында араң-араң дем алып жаткан. Ошол учурда ал жерден өтүп бараткан ал аял анын кандай акыбалда экенин көрүп туруп чыдаган эмес. Ал белиндеги курун чечип, ага бут кийимин байлап кудуктан суу алып итке берип, аны куткарып калды. Алла аны кечирип, ал бейишке кирүүгө татыктуу болду”[xi].

А анын карама-каршылыктуу экинчи мисалы: “Бир аял мышыктын айынан тозокко түшүп калат. Ал ага тамак бербейт, суу ичирбейт жана коё бербейт. Мышык ачкачылыктан өлүп калат. Ушул себептен аял тозокко тушүп калат”[xii].

Кечиримдүүлүк да эң улуу баалуулук. Биз: “Жаштардан ката, карылардан кечирим” – дейбиз. Кечирүү бир нерсени кайра оңдоо, өзүнө кайтуу, өзүн кайра табуу болуп саналат. Ошол себептен чексиз мээримдүү Алланын ою боюнча эң татыктуу сапат

Дүйнө кечиримдүүлүктү адамзат аркылуу тааныды. Ошол сыяктуу Алла-Таала өзүнүн мээримдүүлүгүн, кечиримдүүлүгүн адамдар аркылуу көрсөттү, Ал ошол сезимдин чырайын адамдардын жүрөгүнө салып койду. Адам (а.с.) түшүүсү менен жаратылганына сокку болгондо, Алла аны кечирип пайгамбарлыкка чейин көтөрдү.

Эгер биз жаңылбасак, кечиримдүүлүктү жана жасаган күнөөлөрүбүздү жеңип чыгуубузду издегенибиз бизге чексиз мээримдүүлүккө жана кечиримдүүлүккө ээ болууга жана башкалардын катасын байкабоого мүмкүнчүлүк түзөт. Бир күнү Иса (а.с.) жырткыч топтолгон элге: “Ким күнөлүү эмес болсо ташты биринчи ыргытсын” – дейт (Иоанн 18:7). Эгер биз муну түшүнсөк, анда биз кантип башкаларына “таш ыргыта алабыз”?

Каар менен жек көрүү жерди тозокко айлантып салат. Кимдин бактысыздыгы аларды жарга түртүп жатса биз кечиримдүү жана мээримдүү болушубуз керек. Кечире албагандардын жана сабырсыздардын басымдуулугунан тарыхта акыркы 1-2 кылымды жаман абалга түшүрүп салды. Ошондуктан учурдагы муун өзүнүн балдарына үйрөтө турган эң жогорку сапат кечиримдүүлүк жана сабырдуулук болуп калат. Биз башкалардын катасына маани бербей, алардын оюн урматтаганды жана кечире турганды кечирүүнү үйрөнүш керек. Биздин дилибизди, жан дүйнөбүздү жана ойлорубузду жакшы калыпта сактаган карама-каршылыктуу идеялардан пайдаларды алып салуу жана жүрөгүбүзгө тийүү үчүн биз буларды кылышыбыз керек.

Сабырдуулук адептүүлүктүн эң маанилүү жагы жана жакшылыктын, руханий тартиптин керектүү булагынан болуп саналат. Ал жакшылыктын туу чокусуна жетүүнү мажбурлайт жана чексиздикке чейин жайылат. Каталар жана кемчиликтер маанисиз бойдон кала берет. Диний кайрылуу сабырдуулук аркылуу өтөт Биз качан ал бизди жана ааламды ээлеп калат деп күтөбүз. Анын кучагы кокусунан аракеч соо болуп ойгонгудай жана Пайгамбардын (с.а.в.) үммөтү болуп калгыдай, а киши өлтүргүч чындыкка кайрылып, жогорку деңгээлди багынтып тургандай ушунчалык кең. Биз сүйүүнү жана урматты, сабырдуулукту жана кечиримдүүлүктү, берешендикти жана жакындыкты өзгөчө Алладан күтөбүз. Бирок биз мунун бардыгын күтө алабызбы, эгер өзүбүз башкаларга буларды бере албасак?

Акыркы сөз

Ким бул дүйнөнү өзгөрткүсү келип жатса анда ал биринчи кезекте өзүн, өзүнүн жан дүйнөсүн жек көрүүдөн, каардан тазалап, аны жакшылыктар менен кооздосун. Ким өзүн-өзү көзөмөлдөөгө, өзүн-өзү тарбиялоого жана жогорку сезимдерди ала албай жатса биринчи кадамында эле ага кызыктуу жана көрөгөч болуп кеткендей көрүнөт. Бирок алар башкаларга айтып жатса, анда ал бат эле жоголуп кетет.

Айкөлдүк, сулуулук, чынчылдык жана жакшылык булар адамзаттын жана дүйнөнүн маңызы. Эмне болсо да бул дүйнө бир күнү өзүнүн маңызын табат. Ага эч ким карама-каршы тура албайт. 


[i] Исмаис Р. Фаруки, Даелог оф абрахамик фейс, (англисче), Стамбул, 1995, 51-53

[ii] Грехэм Э.Фюллер и Ян О. Лнссер, Сенс оф сийдж: Жиополитикс оф ислам энд зе вест, (англисче), Стамбул, 1996, 41-42

[iii] Сидней Грифис, “Шеринг зе фейс оф Эбрехэм:Зе кредо оф ЛуисМассиньон”, Ислам энд крисчен-муслим рилейшнз 8, (англисче), No 2, 193-210

[iv] Суат Йылдырым, “Чем вызван диалог  церкви с исламом? Ени умит, No 16? 7.

[v] АбульфазлИззети, Введение в исламскую историю экспансии (англисче), Стамбул, 1984, 348.

[vi] Али Аслан, “Харкес инанжыны яшамалы,” Заман, февраль 1, 1998.

[vii] Хак дини Куран дили, Заман-Азим, чыккан жылы көрсөтүлгөн эмес. Стамбул, т.2, 1131-32

[viii] Саид Нурси, Бедиүззаман (1877-1960) – көрүнүктүү түрк ойчул жана улама

[ix] Саид Нурси Бедиүззаман Сөздөр, 29-сөз, 6-тема, чыккан жылы көрсөтүлгөн эмес, Стамбул

[x] Имам Бухари, Сахихуль-Бухари, (Дият 2, Анбия 1ди караңыз); Имам Муслим, Сахих Муслим (Касама 27ни караңыз)

[xi] Бухари, Анбия, 54; Муслим, Салам, 153

[xii] Бухари, Мусакат, 9; Муснад, 2/507.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.