Демократияга жана исламга бирдей мамиле

Акыркы жылдары дин өзгөчө ислам дини талкуулай турган эң татаал бир маселе болуп калды. Азыркы маданият ага антропологиянын, теологиянын, психологиянын же психоанализдин көз карашы менен карап аны эмпирикалык ыкма менен баалаган. Бир тарабынан алганда дин деген – адам баласы сезип-туйган, ичинен кабатырланган, жашоосунун дайымкы жана алмаштырылгыс көз караштарына тиешеси бар кубулуш. Бирок экинчи тараптан алсак кээ бир динге ишенгендер динди философия катары, рационалдуу көз караш же мистицизм катары карашат. Качан исламга келгенде кыйынчылыктар көбөйө баштайт анткени кээ бир мусулмандар жана саясатчылар аны кадимки дин эмес накта саясий, социалдык жана экономикалык идеология катары элестетишет.

Эгер биз динди, демократияны же башка каалаган системаны же философияны так анализдей турган болсок анда биз адамзаттын табиятына, жашоосуна жараша мамиле кылуубуз керек. Бул көз караштан алып караганда такыр эле динди өзгөчө ислам динин демократия менен же башка каалаган саясий, коомдук, экономикалык система менен тигил же бул негизде салыштырууга болбойт. Дин турмуш-тиричиликтин алмашкыс, өзгөрүлгүс көз караштарына негизделген, ошол эле убакта саясий, коомдук, экономикалык системалар же идеологиялар биздин жашообуздагы белгилүү жана дайыма алмашып туруучу көз караштарды гана ойлонушат.

Динибизди түйшөлткөн жашоо негиздерибиз адамзат жаралган күнү кандай маанилүү, баалуу болсо бүгүнкү күндө да ошочолук маанилүү, баалуу жана келечекте да ошондой болуп кала берет. Материалдык системалар абалга жараша өзгөрүп турат, ошондуктан алардын пайда болгон мезгилине карата бааланышы мүмкүн. Адеп-аклак жана жалпылаштырылган, алмаштырылгыс сыйынууларыбыз менен дүйнөлүк өткөөл жашообуздун ортосунда эч кандай байланыш болбогон сыяктуу эле кудайга, о дүйнөгө, пайгамбарларга, ыйык китептерге, периштелерге, кудайдын жазмыштарына жана башка ушул сыяктуу исламдын негиздерине болгон ишенимибиз мезгилдин өзгөрүп турушунан жабыркаган эмес.

Демек, динди же исламды демократия менен салыштырып жатып биз төмөнкүнү эске алышыбыз керек, демократия бул – дайыма өнүгүп жана түрүн өзгөртүп туруучу система. Ошондой эле ал пайда болгон жерине жана шарттарына байланыштуу өзгөрүп турат. Бир жагынан алганда исламдын кадимки дүйнөлүк жашоого тиешеси бар негиздерин демократия менен салыштырууга болот, бир гана дин ишенимге, адеп-аклакка, кудайга сыйынууга байланыштуу өзгөрүлгүс негиздерди иштеп чыкты.

Исламдын жана анын өзгөрүлгүс чындыктарынын башкы максаты жашообуздагы дайыма өзгөрүп туруучу жагдайларды башкарган мыйзамдарга таасир берүү. Ислам дини башкаруунун такыр өзгөрбөй турган формасын сунуштабайт жана аны кайра карап чыкпайт. Анын ордуна ал шарттарга жана мезгилге ылайыктуу башкаруунун формасын жана түрүн тандоо үчүн адамдардын өз каалоосуна койгон жалпы башкаруунун мүнөздөмөсүнө багыт алган бекем негиздерди орнотот. Эгер биз маселени ушул өңүттөн алып карап, ислам динин бүгүнкү күндөгү либералдуу демократия менен салыштырсак биз ислам менен демократиянын шайкештигин түшүнө алабыз.

Демократиялык идеялардын келип чыгышы байыркы мезгилден бери келатат. Учурдагы либералдуу демократия америкалык (1776-ж.) жана франциялык (1789-99-жж.) революцияда пайда болгон. Демократиялык коомдо адамдарды кимдир-бирөөлөр эмес, алар өздөрүн-өздөрү башкарышат. Бул саясий системада инсан коом алдында кантип келечекте көз каранды болбой жашоого болоруна чоң мүмкүнчүлүк алат. Бирок мындай учурда индивидуализм менен баары түгөл болуп калбайт. Адамдар коомдогу турмушунда бакубат жашоого жетишишет, демек, коом турмушундагы негиздерге байланыштуу алар эркиндигин чектөөгө жана эсептешүүгө мажбур болушат.

“Тарактын тиштери сыяктуу бардык адамдар бирдей” [i] - деп пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтып жатпайбы. Ислам адамдарды жарандык өзгөчөлүгүнө, улутуна, жашына, кебетесине, расасына карап бөлбөйт. “Силер баарыңар Адамдан тарагансыңар, а Адам топурактан жаралган. О Алланын кулдары бир туугандай болгула”[ii] – деп пайгамбарыбыз (с.а.в.) чакырып жайтпайбы. Мурун төрөлгөндөр, башкаларга караганда бай жана күчтүү болгондор же бир белгилүү үй-бүлөгө, этникалык топко тиешелүүлөрдүн башкаларды башкарууга башынан эле эч бир укугу жок.

Ошондой эле ислам төмөнкү башкы негиздерди колдойт:

  • Күч-кубат - чындыкка негизделген, ислам дини - кеңири жайылып кеткен чындык күч-кубаттын тарабында деген идеяны жокко чыгарат.
  • Акыйкат жана мыйзам - жашоодогу керектүү нерселер.
  • Дин ишенимине болгон эркиндик жана жашоого болгон укуктар жеке адамга тиешелүү, ошондой эле ден соолугубуз (физикалык, жан дүйнө) бузулбашы абзел.
  • Жеке жашообузга болгон кол тийбестик жана жашыруун сырларыбызга кепилдик бар.
  • Далилсиз жалган жалаалар болбойт. Башкалар тарабынан жасалган кылмыш үчүн эч ким эч далилсиз күнөөлөнбөйт же жазаланбайт.
  • Аткаруучу бийликтин системасынын кеңешмелүүлүгү.

Бардык укуктар бирдей мааниге ээ жана коомдун кызыкчылыгы үчүн бир адамдын укугу тепселенбейт. Ислам дини коомду тандоо укугуна ээ болгон жана тегерегиндегилер үчүн да, өзү үчүн да жоопкерчиликти алып жүргөн акыл-эстүү жеке адамдардан куралган деп санайт. Мындан сырткары ислам дүйнөлүк негиздерди эске алуу менен алдыга бир кадам таштап жатат. Динибиз диалектикалык материализм, историцизм сыяктуу фаталисттикке жана 19-кылымдагы айрым батыш философия агымдарына каршы адамзатты тарыхтын “кыймылдаткычындай” көрөт[iii].


[i] Абу Шуджа ад-Дайлами, Аль-фирдавс би-масур аль-китаб, (Пайгамбарыбыздын (сав) тандамал кайрылууларынан божественный бакчасы), Бейрут, Даруль кутубиль-илмийя, 1986, т.4, 300.

[ii] Хадистин экинчи бөлүгүн Абу Абдуллах Мухаммед ибн Исмаил аль-Бухаринин эмгегинин “Никах” (Нике) бөлүмүнөн, Жамиус-сахих (Пайгамбрдын (сав) айткандарынын топтому), Стамбул, Аль-мактабатуль-исламийя, күнү жок), 45-бөлүмүнөн; имам Абу Хусейн Муслим ибн Хаждын “Бир васыла” (Туугандар менен катнашуу жана добродетель) аттуу эмгегинин Жамиус-сахих, чыгармадагы сөз, 23-бөлүмүнөн тапса болот, ал эми хадистин биринчи бөлүгүн Абу Иса Мухаммед ибн Иса аль-Тирмизинин “Тафсир” жана “Манакыб” эмгектеринин, Жамиус-сахих, Бейрут, Даруль-ихьяит-турасиль араби, күнү жок) 49-74 бөлүктөрүнөн тапса болот.  

[iii] Карл Поппер Историцизмдин жокчулугу, которгон Сабри Орман (Стамбул Инсан яйынлары, 1985)

Коомдун өнүгүшү же кыйрашы андагы адамдардын жашоо образына, дүйнө таанымына, эркине карата аныкталгандай жеке адамдын эрки жана жүрүш-турушу, анын бул же тигил дүйнөдөгү жашоосунун натыйжасын аныктайт. “Адамдар өздөрү өзгөрмөйүнчө эч качан Алла-таала аларды өзгөртпөйт” – деп Ыйык Куранда (13:11) айтылып жатпайбы. Башкача айтканда ар бир коом өз тагдырын өзү башкарат. Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарыбыздын төмөнкү айтканында да белгилеп жатпайбы: “Силер өзүңөр кандай болсоңор силерди ошондойлор башкарат”. Мына ушулар исламдын негиздерине терс келбеген демократиянын өзөгү жана руху.

Ислам дини индивиддерди жана коомду өзүнүн жеке тагдырына жоопкерчиликтүү. Элдер өздөрү башкарганга жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек. Куран коомго төмөнкүчө кайрылууда: “Эй, адамдар! Эй ишенгендер! Учурдагы демократиялык системаларга кирген милдеттенмелер ошол эле ислам дини коомго “милдеттүү түрдө кыла тургандар, зарыл түрдө кыла тургандар, кыла турганга сунушталгандар” деп маани-маңызына жараша бөлүп сунуштап жаткан милдеттенмелер”. Ыйык Курандан биз төмөнкү аяттарды табабыз: “Эй! Момундар! Ислам динине толук киргиле...” (Ыйык Куран 2:208); “Эй! Ыйман келтиргендер! Өзүңөр жасап тапкан жжакшылыктардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла. Өзүңөр көздөрүңөрдү жумуп араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла. Аллах – Бай, макталуучу экенин билип койгула!” (Ыйык Куран 2:267); “Силердин аялдарыңар бузуктук ишти кылгандарга, өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбөнү күбөлүккө тарткыла! (аны далилдөө үчүн)” (Ыйык Куран 4:15); “Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууга буйрук кылат! Эгер силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла!..” (Ыйык Куран 4:58); “Эй, ыймандуулар. Өзүңөр каршы же ата-энеңер же жакын туугандар болсо да Аллах үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу калыс күбө болгула!” (Ыйык Куран 4:135); “Эгер алар тынчтыкка келишсе, сен да тынчтыкка кел жана Аллахка тобокел кыл” (Ыйык Куран 8:61); “Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку (адам) кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык кылып кийин өкүнүп калбаш үчүн оболу аныктагыла!” (Ыйык Куран 49:6); “Ыймандуулардан эки коом бири-бири менен согуша турган болсо, алардын ортосун түзөгүлө. Эгер бири экинчисине зомбулук кылса анда баш тарткан тарабы менен Аллахтын эркине алар баш ийгенге чейин согушкула. Ал эми баш ийишсе, адилеттүүлүк менен элдештирип, адилет болгула. Чындыгында, адилеттүүлөрду жакшы көрөт”. (Ыйык Куран 49:9). Жогорудагы айтылгандарга карата жыйынтык чыгара турган болсок анда төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: Куран бүткүл коомго кайрылып ошол эле бүгүнкү күндөгү демократиялык система коюп жаткан милдеттенмелерди алып чыгууда.

Адамдар ал милдеттенмелерди аткаруу менен бирге аракет кыла башташат. Мындан сырткары аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мекемелерди ачышат. А өкмөт ошол бардык мекемелерди бир бүтүндүккө бириктирет. Ошондуктан ислам дини өкмөткө коом менен макулдашылган негизди сунуштап жатат. Элдер коомдук маселелерди талкуулаган жетекчилерди шайлайт жана мамлекеттик кызматтарды дайындайт. Ошондой эле коом дагы администрацияны жана анын иштерин көзөмөлдөөдө катышат. Шайлоону эркиндигин кошкондо жогоруда бийликти иштетүү тууралуу келтирилген асыл негиздер биринчи төрт халиф (632-661-жж.) учурунда тыкандык менен сакталып келген. Төртүнчү халиф Алинин (р.а.) өлүмүнөн кийин ички чыр-чатак жана ошол убактагы дүйнөлүк абалдын айынан саясий система султанаттыкка өткөн. Халифаттыктан айырмаланып султанаттыкта бийликти башкаруу бир үй-бүлөнүн ичинен кийинки мураскерине ыйгарылган. Бирок эркин шайлоолор өтпөсө да башка азыркы либералдуу демократиянын негиздери ошол учурда деле сакталып келген.

Ислам – бул бириктирген дин. Дининбиз бүткүл ааламдын Жаратканы, Ээси, Коргоочусу жана Жетекчиси болгон бир кудайга болгон ишенимге карата негизделген. Ислам – бул бүткүл ааламдын дини. Бул деген бүткүл аалам Алла тарабынан бекитилген мыйзамдарга баш ийет. Демек, ааламдын бардык макулуктары “мусулман” болуп саналат жана Алланын буйруктарын аткаруу менен ага баш ийишет. Жада калса ислам динине же башка динге ишенбеген адамдар кааласа да, каалабаса да мусулман болуп саналат, анткени алардын денелери ааламдын бир бөлүгү. Анын бардык жашоосу баштапкы абалынан тартып өлгөндөн кийинки денесинин топуракка айланышына чейинки анын ар бир бөлүгү, ар бир мүчөсү Алла тарабынан жазылган жазмыш боюнча иштейт. Биз көргөндөй эле исламда Алла, жаратылыш, адамзат бири-бири менен алыс эмес жана бири-бирине чоочун да эмес. Алла өзүн жаратылыш жана адамзат аркылуу көргөзүп жатат. А жаратылыш менен адамзат булар ар бир тамгасында Алла көрүнгөн эки китеп (аалам). Демек, бардык нерсе Аллага таандык экендиги адамзаттын оюна келет ошол эле убакта бардык жараткандары ага чоочун эмес. ошол эле убакта бардык жараткандары ага чоочун эмес. Ошол эле убакта бардык жараткандары ага чоочун эмес. Ошондуктан анын мээрими, сүйүүсү жана жардамы расага, кебетесине же улутуна карата чектелбейт. Пайгамбарыбыз (сав): “О Алланын кулдары биртуугандай болгула!”.

Башка анча маанилүү эмес болгон нерсе бул ислам дини өзүнөн мурунку диндерди тааныйт, кабыл алат. Ар кыл тарыхый мезгилде ар кайсы элдерге жиберилген бардык пайгамбарларды, ыйык китептерди да тааныйт. Ислам дини аларды жөн гана кабыл албастан аларга болгон ишенимди ар бир мусулманга милдеттүү шарт катары карайт. Муну менен ислам бардык диндер бир экенин да кабыл алат. Мусулман бир эле убакта Авраамдын, Мусанын, Давуддун, Исанын жана башка пайгамбарлардын (а.с.) улантуучулары болуп саналат. Мунун бардыгы бийликте ислам мамлекети турганда эмне үчүн насранийлер жана жөөттөр өздөрүнүн диний укуктарын сактап келишкен дегенди түшүндүрөт.

Исламий социалдык система ыймандуу коом түзүүгө умтулат. Аны менен кошо душманчылыкка жол бербеген күч эмес укуктук жолдо негизделген коом үчүн Алланын мээримин алуу. Өз ара мамилелер чыр-чатакк же өзүнүн кызыкчылыгына эмес, а ишенимге, сүйүүгө, сыйга, өз ара жардамдашууга жана түшүнүүгө негизделиш керек. Адамдарга коомдо өзүнүн кызыкчылыгы жана аны ишке ашыруудан сырткары социалдык жактан өзүнүн ордун табууда үлгүлүүлүккө, эң жогорку деңгээлге умтулуунун артынан түшүүгө түрткү берет. Ынтымакка, ыйманга болгон укуктарыбыз тилектештикти жана биримдикти камсыз кылат. А ишеним эл арасындагы тууганчыл мамилеге кепилдик берет. Руханиятыбыз менен үлгүлүүлүккө жетүүгө болгон умтулуубузду кызыктыруу тигил жана бул дүйнөдө бакыт алып келет.

Демократия мезгилдин агымы менен өнүгүп келди. Мурун ал көп кырдаалдардан өтүп келген жана келечекте жакшырып өнүгө бермекчи. Өзүнүн жолунда ал чындыкка жана ыймандуулукка негизделген адамдык жана акыйкат системага айланат. Эгер демократия адамдарды жаралгандагы руханий жагын, ага муктаж экендигин, адам баласынын жашоосу бул материалдык дүйнө менен чектелбестигин, а бардык адамдар түбөлүккө умтутулуп жатканын баалоо менен бир бүтүндүк катары караса анда ал үлгүлүүлүктүн эң жогорку чегине жетип, бүткүл адамзатка бактылуулук алып келет. Исламдык негиздер аларды ишке ашырууда тең укуктук, сабырдуулук, акыйкаттык менен жардам бере алат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.