Ислам менен террордун кайнаса каны кошулбайт

“Ислам менен террордун кайнаса каны кошулбастыгын” ислам өкүлдөрү көп жылдар бою айтып келишет. Ошентсе да аяк оона айынын он бириндеги окуя болуп отурат. Аны менен бирге көптөгөн өлкөлөрдө жана Түркияда дагы бомбалар жарыла баштады. Аны жасаган адамдар да биздин чөйрөдөн чыгышкан. Биз буга биринчилерден каршы чыгууга милдеттүүбүзбү?

Сиз туура айтасыз. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мусулманчылык эмне экенин жетиштүү деңгээлде билишпейт. “Чыныгы мусулманчылыкта террорго орун жок” деп биз мусулмандар алдыга чыгып айтышыбыз керек эле. Анткени  исламда адам өлтүрүү Жараткандын эркине каршылык көрсөткөндүк болуп саналат. Сиздин адам өлтүрүүгө акыңыз жок. Жада калса согушта күнөөсү жок адамдарга залака келтирүүгө болбойт. Буга эч кимдин фатва (шариаттын шарты боюнча муфтийдин чыгарган чечими) чыгарууга акысы жок. Эч ким жанкечти болууга болбойт. Өзүнө бомба байлап куралсыз адамдарга барып жардырууга эч кимдин акысы жок, мейли ал кайсы диндин өкүлү болбосун. Жада калса согушта буга уруксат берилген эмес, а тиякта бардык шарттар бузулган. Балага залака келтирүүгө, ким сыйынуучу жайда сыйынып жатса тийбөө дегендер айтылган. Бул жөн гана мурунтан айтылган эмес. Биздин пайгамбар эмне десе аны Азирети Абу Бакир да айткан, Азирети Абу Бакир эмне десе аны Азирети Омор да айткан, анын айткандарын да кийинки Салахиддин, Айюби, Алпарслан жана Кылычарсландар да айтышкан. Ошондой эле Фатих (Стамбулду караткан султан) дагы ошону айткан. Ошондуктан тамтыгы чыккан Константинополь Стамбулга айланган. Башкача айтканда бир да грек армянга, бир да армян грекке зыян келтирген эмес. Мусулмандар аларга эч залакасын тийгизишкен эмес. Стамбулду басып алгандан кийин патриархияда Фатихтин сүрөтүн илип коюшкан. Аны убагында жазышкан. Ал ошол учурдун патриархын чакырып ага ачкыч тапшырган. Муну урматтоо менен эскеришет. Бардык ой-пикирлерге дайыма сый мамилде болуп келген деп исламды бир жактуу (бүгүнкү күндө түшүнгөндөй) түшүнбөш керек.

Мен бир нерсени айтууга мажбурмун, тилекке каршы бүгүнкү күндө ислам дүйнөсүндө тиешелүү даярдыгы жок жайылтуучулар бар. Мусулманчылык – акыйкат дин, аны туура жайылта билиш керек. Анын жолунда туура эмес нерселерди колдонуу натуура. Максат туура болсо анда максатка жете турган бардык нерселер туура болуш керек. Бул көз караш менен алып караганда адам киши өлтүрүү менен бейишке кирбейт. “Мен киши өлтүрүп бейишке кирем” – деп мусулман айта албайт. Киши өлтүрүп Алладан мээрим күтүүгө болбойт, а ар бир мусулмандын негизги максаты Алланын мээримине жана ырайымына татыктуу болуу жана бүткүл дүйнөгө Анын атын даңктоо болуп саналат.

Мурун согуш фронтто болчу, азыр ар кайсы жерде болууда. Ошондуктан муну жихад согушу катары карашууда. Бул ишти жасоо менен алар бейишке түшөбүз деп жатышат. Ушул ой-толгоолору туурабы?

Исламдын эрежелери баарына белгилүү. Согушту элдер чыгара албайт, согушту кайсы бир топ чыгарууга мүмкүн эмес. Согушту бир мамлекет чыгарыш керек. Мамлекет башчысы чечим кабыл алмайынча, армия буйрук бермейинче согушпаш керек. Тилекке каршы ар бир адам өзүнүн көз карашы боюнча согуш чыгара берет. Бир-эки орой сөзүм үчүн кечирип койгула бир-эки каракчыларды чогултуп өзүнүн фронтун түзсө, а башкасы өзүнүн каракчылары менен түзүп алат. Жада калса акылы ордунда болгон кишилер каршы тараптын кайсы бир тарабына канааттанбай жатканын айтып өз араларында согуш башташы мүмкүн. Алар көтөрүлүп “Биз кайсы бирөөлөргө согуш ачтык ” – деп айтышы мүмкүн. Каалаган бирөөсүн айтып коюшу мүмкүн, насранийлерге (христиандарга) жылуу мамиле кыласыңар, аларга жардам берип, мусулманчылыкты басаңдатып жатасыңар деши мүмкүн, анын максаты ага согуш ачып аны өлтүрүш керек. Каршы тарап да согуш баштайт. Мамлекет буйрук чыгармайынча согуш баштабаш керек. Бул оңой иш эмес. Эгер кимдир-бирөөлөр мейли окумуштуулар болсо деле ушундай ишке барса туура эмес. Анткени ал исламдын көз карашына дал келбейт.

Ислам дүйнөсүндө бүгүнкү күндө мындай нерсе жашабайт.

Эгер исламдын көз карашына каршы келсе эмнеге мындай нерселер болуп жатат?

Менимче, ислам дүйнөсүндө бүгүнкү күндө мындай нерсе жашабайт. Болгону мусулмандар жашаган аймактар бар. Кээ бир жеринде аз, кээ биринде көп. Бул мусулман маданияты. Өз түшүнүгү менен исламды кайра курап чыккан мусулмандар бар. Адам эмнеге ишенсе ошого чын ниети менен ишениши керек жана ошол чын ниети менен ишенгендерин туура аткарыш керек. Мусулманчылыкка кызмат кылыш (кам көрүш) керек. Ислам дүйнөсү жашаган аймактарда ушул сыяктуу бирикмелер бар деп айтууга болбойт. Эгер бар деп айта турган болсок анда мусулманчылыкка жалаа жапкан болобуз, эгер жок деп айта турган болсок анда элдерге жалаа жапкан болобуз.

Учурда мусулмандардын дүйнөнүн тең салмактуулугуна салым кошо турган мүмкүнчүлүктөрүн көргөн жокмун. Мен жетекчилердин мындай логикасын көргөн жокмун. Азыр ислам дүйнөсүндө агартуу иштери өсүп жатканы менен адепсиздик абдан көп. Муну ажылык маалында көрө аласыңар. Муну өзүңөр катышып жүргөн конференциялардан, тегерек столдордон жана сыналгыдан, парламенттик жыйындардан көрсөңөр болот. Кеп тиешелүү деңгээлдин жетишпей жатканында. Алардын дүйнөлүк маселелерди чечүүдө күчү жетпей жатышат. Балким, келечекте ал маселелерди чечип калышат.

Демек, сиз айтып жаткан “ислам дүйнөсү” деген сөздү колдонбош керекпи?

Андай дүйнө жок. Болгону мусулманчылык деген бар. Дүйнөнүн ар кыл аймактарында ар кандай мусулмандар бар. Алар бири-биринен ажыратылган, өзүнчө турушат. Жеке мен укмуш үлгүлүү мусулмандар пайда болгонун көргөн жокмун. Башкалар менен ынтымакта жашаган, өздөрүнүн маселелерин биргелешип чечкен, Куран менен ааламды терең изилдеп ал жөнүндө талкуулаган, келечек иштерди иликтеп долбоорлорду түзгөн мусулмандар азырынча жок, андыктан мен ислам дүйнөсүнүн бар экени тууралуу айта албайм. Ар ким өзүнүн деңгээлинде кайсы бир иштерди кылып жатат, жогоруда айткандарга караганда ислам дүйнөсү жок. Жада калса мусулманчылыктын көз карашы менен өзүнүн кылгандарын туура деп баалаган мусулмандар бар деп айтууга болот. Көп жолку текшерүүдөн өткөн, Курандын түшүндүрмөсүнө таянган, окумуштуу-аалымдары бир чечимге келген, аларды ижмалары тарабынан текшерилген ислам түшүнүгүн бар деп айтууга болбойт. Болгону жалпы маданият катары мусулманчылык бар деп айтса болот.

Балким, дайыма ушундай болуп келген жана дүйнөнүн акырына чейин болушу мүмкүн да?

Хижранын бешинчи кылымынан баштап ушундай болчу. Абасиддердин же селчуктардын доорунан башталат. Стамбулду басып алгандан бери бул абал аябай өрчүп-өскөн. Бул биздин тагдырыбыздан бизге даярдалган доор. Биз үчүн акыркы доорлордо жаңы түшүнүктөрдүн эшиктери жабык болду. Ой мейкиндиктери тарыды (алсырады). Ислам көз карашына тиешелүү кеңдик өзгөрүп кетти. Ислам дүйнөсүндө башкаларга өзүнүн колун суна албаган, аларды кабыл албаган, абийирсиз, токтоно албаган адамдар пайда боло баштады. Алар өзүнүн максаттарына жетүү үчүн куралдарды жана себепкер катары өз топторун колдоно башташты. Бул ченемдүүлүк дервиштердин кучагында, кельдерде жана тилекке каршы медреселерде болгон. Мунун бардыгы өзүнүн чөйрөсүндө жүргөн адамдар тарабынан өзгөрүп, жаңыланып турушу керек.

Ким террор жолуна түшсө ал мусулман болуудан четтей баштайт.

Чыныгы мусулмандын террор болгонун ойлоо мүмкүн эмес. Динибиз өзүнүн максатына жетүү үчүн адамдарды өлтүрүүгө жол бербейт.

“Аль-Каида” Түркиядан да колдоо көрөөрү билинди. Суроонун диний жагын айттыңыз. Анын башка жактары да барбы?

Бен Ладен – исламдын атын булгаган, анын нурун өчүргөн менин дүйнөдөгү эң жаман көргөн адамдарымдын бири. Жада калса биз абалды оңдоо үчүн бардык күч-кубатыбызды жумшасак буга көп убакыт кетет. Биз ар түрдүү ыкмада ар кайсыл жерге чыгып, китеп жазып, мусулманчылык андай эместигин түшүндүрүшүбүз керек. Бен Ладен ислам логикасын өзүнүн сезим-туюму менен алмаштырып алды. Анын кылып жаткандары сыйкырлангандай. Анын тегерегинде чогулгандар да ошондой. Эгер Түркияда ушундай ойлонгондор болсо анда алар да сыйкырчы болуп калууда. Мындай ойлонгондорго биз наалат айтабыз. Мусулман дүйнөсүндө бул жолду кыскартуу үчүн биз мусулмандардын маселелерин чечишибиз керек, бирок мен жогоруда айтып кеткендей андай дүйнө жок, болгону мусулмандар жашаган өлкөлөр гана бар. Балким, аларды башкаргандар адамдарды тандап жатып башка жөнүндө ойлоноор же реформаларды жүргүзөөр. Тарбиялуу муунду өстүрүү үчүн мусулмандар өздөрүнүн маселелерин чечүү зарыл. Бир гана терроризм маселесин эмес. Бул кудайдын жазасы. Наркотик, чегүү сыяктуулар да Жараткандан келген жаза. Эл арасындагы бөлүнүп-жарылуу да жаза. Башкарылгандардан басынуу, мындай башкарууга макул болуу, дайым куугунтуктагы жашоо да жаза. Акиф (белгилүү түрк акыны) айткандай зомбулук, куугунтук, кулчулук, басынтуу, ар кыл кемчиликтер ооруга чалдыккан көз карандык... Мунун бардыгы өзгөчө биздин улутка Алладан келген жаза. Мындан кутулуу үчүн чынчыл, адептүү адам болуш керек, а бул Аллага болгон берилүү аркылуу гана ишке ашат.

Терроризмге шыктуу адамдар биздин көз алдыбызда, мусулман үй-бүлөлөрүндө чоңоюшкан. Аларды биз мусулман деп эсептечүбүз. Алардын террорист болушуна эмне себеп болгон? Биз буга күнөөлүү эмеспизби?

Биз күнөөлүбүз. Улутубуз да күнөөлүү. Ошондой эле билим берүүбүз да күнөөлүү. Ислам негиздерин жакшы өздөштүргөн чыныгы мусулман террорист болуп калуусун элестетүү эч мүмкүн эмес. Террор жолуна түшкөн адам кайра мусулман болобу аны айтуу кыйын. Динибиз максатына жетүү үчүн адамдарды өлтүрүүгө жол бербейт. Аларга жакшы тарбия берүү үчүн биз кандай иш аракеттерди кылдык? Алардын кол-буттарын кайсы корук аркылуу байланыштыра алдык. Алардын террорист болбой тургандыгында өздөрүнүн жооперчилиги канчалык? Эгер ал адам террористтик иштерди дининин эрежесин бузуп жаткандыгынан, акыреттеги кыямат күндөн, диний баалуулуктарынан, Алладан коркконунан кылбаса анда биз деген дин тууралуу маселелерде сак болушубуз керек. Балким, ал маселелерди чечүүнүн жолдору бар, бирок аны жаап-жашыруунун аракетинде. Анын да кереги жок деп айтып жатышат. Башкача айтканда окуу программаларында маданият, адеп сабактары болбосун дегени. Биз жашоодо эмне керек болсо ал мектептерде үйрөтүлүш керек деп айтып жатабыз. Ошол эле убакта ден соолук тууралуу сабак да кириш керек. Менимче, бул сабакты дарыгерлердин берүүсү абзел. Жашоо менен, үй-бүлөө менен, жубайлар ортосундагы мамиле менен, өзгөчө балдарды тарбиялоо менен байланышкан мыкты сабактар болуш керек. Түркия жана тиешелүү мусулман дүйнөлөрү наркотикалык заттарга, коррупцияга, кумар оюндарга көмүлгөндүгүндө гана маселе жок. Коррупция жана ууручулук бүт жерге жайылган. Эмненин айыбын ачып жатса ачып жатат. Бирок айрым сурай албаган суроолор бар. Андан жооптук (отчет) талап кылууга болбойт. Ошондуктан бардыгы жаап-жашырылып жок болууда анан ал темадан четтеп кетишет.

Мунун бардыгы арабызда тарбияланган адамдар. Анын баары биздин балдарыбыз. Алардын кээ бирлери ушундай тарбияланып калыптыр. Алар ушундай тарбияланып калгандыктан аларга катуу чараларды көрүүгө туура келип жатат. Алар адамзаттын баалуулуктарына каршы чыгып жатышат. Влившись .... Алардын баары арабызда чоңоюшкан. Демек, маселенин өзү аларды тарбиялоодо. Системада жетишсиздиктер, кемчиликтер бар, алардын үстүнөн кайра иштеп чыгышыбыз зарыл. Демек, адамды тарбиялоо биринчи планга чыккан эмес. А бул убакытта адепсиз, тарбиясы канааттандырарлык болбогон жаштар кадимки өзүн жоготкон, өз ордун таппай калган муун пайда болгон. Кимдир-бирөөлөр аларга майда-чүйдөлөрдү төлөгөн же темир кишиге (роботко) айландырышкан. Кандайдыр бир дары беришкен. Азыр ушул тууралуу айтып жатышат, ошондой эле маалымат каражаттарында да айтылууда. Аларды эс-учун жоготкон абалга алып келишкен. Ой-максат деген ушу деп киши өлтүрүүгө, адамдарды жок кылууга мажбурлашкан. Алардын жардамы менен бир нерсеге жетүүгө умтулушкан.

Ал адамдарды темир кишиге айландырышууда. Жеке менин чыныгы пикиримде, Стамбулда да ушундайлар болуп жатат. Ал иштерге аралашып жаткандар чын дилинен ишенгендер же мечиттен чыккандар эмес, алар мындай ишке бара алышпайт. Алардын диний илими чектелүү гана. “Мындайларды өлтүрүш керек” – деп өздөрүнүн насаатчылары же үйрөтүп жаткандары айтышкан. Түркияда көптөгөн элдер өлдү. Бул топ бирөөнү анан башка бирөөнү өлтүрүшкөн. Жалган куран айынын он экисинде (1971-жыл) элдин колунда канга боёлгон бычактар болгон. Аяк оона айынын он экисинде (1980-жыл) кайрадан элдин колунда бычак болуп, кайсы бир максатка жетүүнүн аракетинде бири-бирин өлтүрүшкөн. Алардын баары террористтер, тигил жана каршы тарабы да, болгону аттарын өзгөртүп алышкан. Биринчиси: “Мен мусулманчылык үчүн кылып жатам” – десе, экинчиси: “Эл-жерим үчүн кылып жатам” –дейт, а дагы бирөө: “Капитализм, эксплуатация менен күрөшүп жатам” – дешкен. Мунун бардыгы сөз. Куранда ушинтип “сөз” деп айтылган. Кылып жаткандары эч нерсеге арзыбайт эле. Ошентсе да бири-бирин бир идея үчүн өлтүрүп жатышты. Болор-болбос идеялар үчүн канчалаган адамдар каза болушту. Кайсы бир жетекчиси: “Баланчаны алгыла” – десе алышты, башка жетекчилер да ушул сыяктуу сөздөрдү айтышты. Балким, бизге да “алгыла” –деп айтышкан, бирок тагдырыбызга антип жазбаптыр, алардын ою ишке ашкан жок. Мен билчү элем, мени да жоготсун деп айтышкан. Мунун бардыгы террор. Ал ишти бир гана мусулмандар эмес, баары кылышчу. Бара-бара булар адатка айланган иш болуп калды. Бардыгын үйрөтүп коюшкан. Бир күнү менин жакын таанышым жыландын омурткасын сындырып өлтүрүп салган. Диний үгүттөөчү болчу теология факультетин бүтүргөн. “Эмнеге аны өлтүрдүң, табиятта жыландын да жашоого акысы бар” – деп аны менен бир айдай сүйлөшпөй жүрдүм. Бирок коомчулукту ушуга чейин жеткирген, элдер 20-30 киши өлүптүр дегенди укканда “Жакшы, ырас мындан да көп киши өлбөптүр” – дешчү. 20-30 киши да биз үчүн кадыресе көрүнүш болуп калган. Көрдүңүзбү, коомду кандай абалга чейин жеткиришкен.

Мунун бардыгын токтотуу үчүн билимге муктажбыз. Мамлекет тиешелүү мыйзамдарды жана эрежелерди кабыл алыш керек. Учурда маңдайына жазбаган адамдар жана бир окуя болсо эле каршылыктарын билдиришип, аларга тоскоол болуп жаткан коомдун аз катмары майда нерселерди өтө эле өрчүтүп салууда. Жок барды чыгарышып, бардан жокту чыгарууда. Бул абалдан чыгуу үчүн бир эле жол бар, ал: адамдарга кайсы туура эмес, кайсы туура экенин үйрөтүш керек. Мусулман террорист болбош керегин түшүндүрүүбүз зарыл. Эмне үчүн түшүндүрүү керек? “Демек, кыпындай жакшы иш кылган болсо – аны көрөт. Кимде-ким кыпындай жаман иш кылган болсо – аны да көрөт”(Ыйык Куран 99:7-8) Эгер сен атомдой болгон иш кылсаң, анын акыбетин көрөсүң. Бир адамды өлтүрүү бардык адамды өлтүрүү менен барабар деп Куран айтып жатат. Ибн-и Аббас: “киши өлтүргөн түбөлүккө тозокто калат” –деп айтып жатат. Демек, бул динибиздин негизги түшүнүгү болгондон кийин биз буга үйрөтүшүбүз керек.

(“Заман” гезитинин кабарчысы Нурие Акмандын Фетхуллах Гүленден алган интервьюсу)

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.