Чыныгы мусулмандар террорист боло алышпайт

Исламды түзмө-түз которгондо “баш ийүү, кайрылуу” (Аллаху –ред.) дегенди билдирет. Ислам – тынчтыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун дини. Бул асыл негиздер мусулмандын жашоосунда өнөкөткө айланган. Ал намаз окуп жатканда бул дүйнө менен байланышын үзөт, Жараткандын алдына башын ийип жыгылат, анан туруп колдорун сыйдын белгиси катары бириктирет. Намаз окуп бүткөндө ага жаңы жашоо башталгандай болот. Ал намазды оң-сол тараптарына салам берүү, аларга чын ден соолук, бейпилдик, тынчтык каалоо менен бүтүрөт да башка адамдарга барып кошулат.

Саламдашуу жана башкаларга тынчтык каалоо исламдагы асыл сапаттардан болуп саналат. Чындыгында Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарыбыздан: “Исламда кайсы сапат эң жакшы”-деп сурашкан. Ал (с.а.в.): “Башкаларга тамак берүү жана баары менен саламдашуу”-деп жооп берген.

Терроризмдеги күнөө

Чындыгында жогорку айтлыган асыл сапаттарга негизделген ислам дини айрым адамдардын айынан терроризмдин синоними катары каралууда. Бул эң чоң тарыхый ката (анткени тынчтыкка жана коопсуздукка негизделген система терроризмди туюнтпаш керек). Ал адамдар исламдын руху жөнүндө эчтеке билишпейт жана өздөрүнүн жан дили менен түшүнө алышпайт. Элдер ислам динин жалган дүйнөдө маңызсыз азчылыктын көрсөткөнүндөй карабай, исламдын жеке алгачкы булактары, карт тарых бою чыныгы ишенгендери аркылуу караш керек. Исламдын аныгын андагы каардуулуктун, фанатизмдин, сабырсыздыктын жоктугу көрсөтүп турат. Бул дин толук бойдон кечиримдүүлүккө жана сабырдуулукка негизделген. Сабырдуулуктун жана сүйүүнүн Мевлана, Юнус Эмре, Ахмет Ясави, Бедиүззаман жана ушул сыяктуу мыктылары аркылуу исламдын бул аспектиси көрсөтүлүп жана сүйүүнүн жана сабырдуулуктун тарыхый көрсөткүчү болуп калышты.

Исламдагы жихад

Жихад – исламдын асыл сапаттарга негизделген, коргонуу жана Алланы улуктоо үчүн бардык тоскоолдуктарды жок кылууга багытталган бир элементи. Бул боюнча биз тарызтан көптөгөн мисалдарды келтирсек болот. Биз улут катары Чанаккаледе (Түркия), Траблусгарп (Ливия) сыяктуу көптөгөн фронттордо ишенимдүү коргоно алдык. Анын ордуна душмадарыбызга: “Силер бизге цивилизацияны алып келдиңерби. Жакшы болду. Кош келиңиздер! Силер өзүңөр менен чогуу жоокерлерди да ала келипсиңер.”-дешибиз керек беле. Дүйнөдө дайыма адамзат качып кутулбас реалдуулук деп саналаган согуштар болуп келген. Бирок Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарыбызга жөнөтүлгөн Курандын аяттарында түшүндүрүлгөн жихад башкалары тарабынан туура эмес көрсөтүлүүдө. Исламдын чыныгы рухуна жете албаган бул адамдар чындыгында бул учурдун кең менен тардын ортосундагы кырларды көрсөтө албайт. Алар өзүнүн жек көрүүсүн туудурган нерселерге туш болушканда исламды натуура түшүнүүгө алып келет, ошол эле учурда чыныгы ислам коомчулугу бүткүл дүйнөнү сүйүү жана ынактык менен толтурган болот. Бир акын: “Мухаммед (с.а.в.) сүйүү менен төрөлгөн; Мухаммедсиз (с.а.в.) сүйүү эмне болот”!-деген экен.

Сүйүү турмушту аныктайт

Мухаммед (с.а.в.) сүйүүнүн адамы. Ал (с.а.в.) “Хабибуллах” катары белгилүү, бул “Хабиб” сөзүнөн келип, “Алланы сүйгөн жана Алла аны сүйгөн”-дегенди билдирет. Имам Раббани, Мевлана Халид жана Шах Велиуллах сыяктуу суфийлер эң жогрку даража сүйүү деп айтышат.

Алла-Таала дүйнөнү сүйүүдөн жаратты, а ислам ушул сүйүүдөн кичинекей гүл токуду. Бир мистик айткандай сүйүү детрэнин жүйөсү башкача айтканда дүйнөнүн жаралышынын маани-маңызы. Албетте, биз буга карабастан исламда душмандык же аскерий иш-аракеттер үчүн күч колдонуу бар экенин кабыл алалбай жатабыз. Бирок айрым адамдар бул нерсени исламдын негизинин экинчи тепкичтеги эленменти катары кабыл алууда, а ислам бул тынчтык дини. Ислам боюнча Алланын буйругу менен жаралган ар бир макулукту биз сүйүүшүбүз керек. А кудайды жамандаган, таза эмес, адепсиз адамдарга кастык мамиле кылып жана жек көрүшүбүз керек. Алла адамды ак көңүл кылып жаратты (Ыйык Куран 17:70), демек, бардыгына ушул сапат тигил же бул деңгээлде ыйгарылган. Бир күнү Алланын элчиси (с.а.в.) жөөттөрдүн өлүк коюу аземинин жанынан өтүп баратып, ага көңүл айтуу үчүн токтогон экен. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) өлгөн адам башка динден экенин айтышат, анда ал (с.а.в.): “Ал адам болчу”-деп жооп берет. Муну менен ислам адамзатка маани берген экенин көргөзгөн.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) элдерге болгон урматы ушундай болчу. Исламды дин катары кээ бир мусулмандар жана мусулман уюмдары тарабынан туура эмес түшүндүрүлүшүн, дүйнөдө болуп жаткан террористтик иштерди исламдан издебей, а тескерисинче, башка адамдардан, алардын натуура жайылтуусунан, түшүндүрүүсүнөн издеш керек. Ислам терроризмдин дини болбогондой эле, аны туура түшүнгөн мусулман террорист боло албайт.

Башка нерселерди айтпаганда ислам түрктөр тарабынан оң жатта түшүндүрүүлүдө. Эгер дүйнөгө Мевлана, Юнус Эмре адамдар сыяктуу жайылтсак, эгер биз алардын сүйүүсүн, диалог каалоосун, сабырдуулуктарын жеткире алсак, анда адамдар биз жүргөн сүйүү, сабырдуулук, бейпилдик кучагына чуркап барышмак.

Исламдагы сабырдуулук ушунча кең болгондуктан Пайгамбарыбыз (с.а.в.) башкаларды капа кыла турган сөздөрдү айтууга тыюу салган. Мухаамед (с.а.в.) пайгамбарыбыздын өз жанын аябаган адам экенине карабай Абу Жахил мусулман болбой бактысыз адам болуп өлүп калды. Чындыгында Жахил сөзү “түркөйлүк” дегенди билдирет. Ушул ниети кара, орой адам өмүр бою Пайгамбардын (с.а.в.) душманы болуп келди. Ошол эле учурда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ага болгон мамилеси мусулмандарга тартипке негизделген принцип болуп калды. Тезэле Меккени басып алгандан кийин Абу Жахилдин баласы мусулман болуп, кеңеште атасына каршы сүйлөй баштады. Буга Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эскертүү берген.

Адамзатка урмат

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бөлөк хадисинде башкалардын ата-энесин урушуу эң чоң күнөө болуп саналат деген. Анан Андан (с.а.в.): “Эгер күйөөсүнүн же аялынын ата-энесин урушса эмне болот”?-деп сурашканда: “Бирөөңүн ата-энесин урушуу менен алар өзүнүн ата-энесин башка бирөөлөр урушуусуна мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Ага да өзү күнөөлүү болууда”-деп жооп берген.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) башкаларды сыйлаганын көрүп, адамдар башкаларга болгон сый-урматсыз мамилелерде динди анын себеби катары саноодо, демек, алар өздөрүнүн Пайгамбарын (с.а.в.) туура эмес түшүнүшөт экен, анткени исламда жек көрүүгө, кастыкка орун жок.

Кудайдын кызматчылары

Биз Куранды окуп жатканда ал толук кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка негизделгенин көрөбүз. Курандагы “Имрандын үй-бүлөсү” сүрөсүндө: “Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Аллах жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Аллах – жакшылык кылуучуларды сүйөт!” (Ыйык Куран 3:134)-деп айтылган. Ушул сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп кетейин. Мисалы сизди кемсинткен, капаланткан, каныңызды кайнаткан абалга туш келип калдыңыз. Сиз мындай учурда өзүңүздү канчалык сабырдуулукта кармай алсаңыз, ошончолук сабырдуу кармаңыз. Куран бизди бийик даражадагы адаеп-аклакка ээ болгон адамдарды башкаларга кыжыры келээрде: “Алар ушунчалык айкөл, өздөрүнүн акылынан адаштырган абалга келишсе да кыжырын ичине катышып, башкаларынын кемчиликтерин көрбөгөндөй карашат”. Ушул аяттагы арап сөзү көп мааниге ээ, мисалы, “казм” сөзү жута албаган нерсени жутуп алуу дегенди билдирет, ошол эле учурда  “казим” катары өзүнүн кыжырын жутуп алган адамды айтат.

Башка сүрөдө өзүнүн пенделерине Алла мындай дейт: “А ким тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, акыйкатта ал Аллахка чын ыклас менен тообо кылып кайрылат” (Ыйык Куран 25:71).

Ислам стили

Биз Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) татыктуу жашоосуна карасак ал Куран эмнени үйрөтсө ошону иш жүзүндө колдонгон. Мисалы, өмүрлүк жарынын көзүнө чөп салган адам күнөөсүн мойнуна алып, кандай жаза болбосун, андан тазаланышын суранып жатканда Пайгамбарыбызга (с.а.в.): “Үйүңө барып, кудайга жалын. Алла кечирбей коё турган күнөө жок”-деген экен. Башка хадисте бир адам Пайгамбарыбыздын алдында башка адамды уурулук кылганы үчүн күнөөлөйт. Бирок ал жазаланыш керек болуп жатканда, тигил адам аны кечирет. Пайгамбар (с.а.в.) ага: “Эмне үчүн аны башында эле кечирген жоксуң”-дейт.

Демек, бардыгын түпнускалуу булагынан терең карап биз башкаларга жек көрүү жана кастык менен мамиле кылгандардын турпаты, өздөрүнөн башкаларына кыжырлары мусулмандарга, насранийлерге, жөөттөргө карата күчөп кеткендердин жана аларды капырлар деп жаманатты кылгандардын ислам менен байланышы жок экенин көрөбүз. Жогоруда белгилеп өткөндөй ислам – сүйүүнүн жана сабырдуулуктун дини. Мусулмандар ар кайсы терроризмден качкан жана өздөрүн ар кыл жек көрүүчүлүктөн, кастыктан тазалаган сүйүүнүн сактоочулары болот.

Жихад жөнүндө

(Жихад – Батыштын адамдары, мусулмандар тарабынан туура эмес түшүнүксүз нерсе катары келет. Фетхуллах Гүлен өзүнүн “Жихад вейа илайи калиматуллах” эмгегинде ушул теманы анализдейт. Ошол китептен анын көз караштары төмөндө берилди).

Жихад деген эмне?

Ж-х-д дегенден келген жихад сөзү бардык кыйынчылыктарга каршы туруу жана бүт күч-кубаты менен максатына умтулуу дегенди билдирет. Исламдын жаралышы менен жихад Алланын атына согушуу дегенди билдире баштап, Кудай жолунда күрөшүү деген түшүнүккө ээ болду. Бүгүнкү күндө дал ушул мааниси оюбузга биринчи келет. Бул согуш эки фронтто болот: ички жана тышкы. Ички фронтту өзүнүн маани-маңызын билүү үчүн умтулуу, тышкы фронтту өзүнүн маани-маңызын башкаларга түшүндүрүү десек болот. Биринчиси чоң жихад, экинчиси кичинекей. Биринчиси өзү менен ички дүйнөсүнүн ортосундагы тоскоолдуктарды жеңүүгө, адам өзүнүн жеке жаралышын таанып-билүү жолунда (марифатун-напси) кудайдын илимине (марифаттуллах) жана сүйүүсүнө (мухаббатуллах), руханий жыргалчылыгына жетүүгө негизделген. Экинчиси адамдар ишенүүгө көзү жетип жана марифатуллахка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн адамдар менен ишенимдин ортосундагы кыйынчылыктарды четтетүүгө негизделген.

Жихаддын ар түрдүүсү

Кичинекей жихад согуш майданындагы согушту гана түшүндүрбөйт. Чындыгында кичинекей жихад ушунчалык кеңири мааниге жана көнүгүүгө ээ, сөз же унчукпоо, үтүрөйүп кароо жана жылмаюу, чогулушка катышуу же катышпоо, өзүнүн сүйүү сезимин же жинин көзөмөлдөө, кыкасы, Алланын атына кылынган бардык нерселер ушул түшүнүккө камтылган. Ошондуктан үй-бүлөсү, туугандары, кошуналары, туулган жери үчүн ар бир аракет сыяктуу адамдарды жана коомду кайра куруу иштери жихаддын бир бөлүгү болуп саналат. Кандайдыр бир деңгээлде кичинекей жихад материалдашкан.

Чоң жихад руханий деңгээлде жүрөт, анткени бул биздин ички дүйнөбүз, өзүмчүлдүк-напси менен болгон салгылашуу. Экөө тең ийгиликтүү аткарылып жатса анда тең салмактуулук пайда болот. Эгер анын бирөөсу жок болсо анда тең салмактуулук жоголот. Ишенгендер салыштырууларды карап турган жихаддан ааламды таап, андан зарде (энергия) ала алышат.

Канчалык Кудайдын жараткандары бар болсо ошончолук Ага кеткен жолдордун ар түрү көп болот. Алла-Таала үчүн салгалашкан адамды Ал аны бир же бир нече жолдор аркылуу куткарууга алып барат. Ал ар бирине жакшылык жолун ачат жана жамандык жолунан сактайт. Ага болгон жолду тапкандардын ар бири алтын ортонду (золотая середина) табат. Ал адамдар өздөрүнүн ачуусу келген учурда, көз карашында, берилүүсүндө алтын ортондо болгондой эле алар жихадда жана Аллага сыйынууда да алтын ортонду тандашат. Бул кудай бизди куткарууга жиберди дегенди түшүндүрөт.

Кичинекей жихад – бул Алланын парздарын аткаруу; чоң жихад – бул биздин өзүмчүлдүгүбүздү жандандырган (мисалы, ачуулук, жек көрүү, ичи тардык, өзүн ойлоо, менменсинүү, бой көтөрүү, көйрөңдүк) жана биздин бийиктикке жетүүбүзгө тоскоол болгон талкаланган, терс эмеоцияларга жана ойлорго согуш жарыялоо. Бул абдан олуттуу жана татаал жихад, ошондуктан муну чоң жихад деп атайт. Ким чоң жихадда ийниликтерге жетишпесе ал кичинекей жихадда деле жетишпейт.

Айша (Мухаммед пайгамбардын сүйүктүү аялы – ред.) айткан эле, бир күнү кечинде Алланын элчиси андан ошол түнү бою Жаратканга сыйынуу менен өткөрөйүн деп уруксат сурайт. Анын (с.а.в.) минтип сураганы сылыктыгын жана сезимтал адам экендигин көрсөтүп турат. Башкаларга мамиле кылууда Анын (с.а.в.) асылзаттыгы, сыпайылыгы башкалардан айырмалап турган негизиги өзгөчөлүктөрү болгон. Азирети Айша: “О Алланын элчиси мен сени менен болгум келет, болгондо да мен сен каалаган нерсени каалап жатам”-деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) даарат алып, намаз окууга баштайт: “Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер (бар)”. Ал бул аятты окуп таң аткыча ыйлап чыккан[i]. Бул Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ички тереңдигин жана чоң жихадын көрсөтүүдө.

Жихад – бул тышкы жана ички күрөштөгү тең салмактуулук. Руханий бийиктикке жетүү жана башкаларга жардам берүү мына ушундан биз ойлонушубуз керек. Ички дүйнөнү табуу – чоң жихад, башкаларга таап алууда жардам берүү – кичинекей жихад. Аларды ажыратканда жихад жихад болуудан калат, ошондо биринчиси жыргай баштайт, экинчиси анархияга айланат. Башкаларга куткаруу жолун издеп жаткандар оздөрүнө издегендей эле канчалык бактылуу адамдар. Өздөрүн куткаруу менен башкалар жөнүндө ойлогону үчүн да кандай бактылуулар!


[i] Ибн Касир, Тафсир (Ал-и Имран), 190

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.