Таластагы жемиштүү баарлашуу

"Диалог Евроазия" платформасынын Кыргызстандагы төрагасы, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору, профессор Асан Ормушев менен маек.

О.Тенти: Урматтуу Асан мырза, анан өткөн аптанын дүйшөмбүсүндө кыргыздын талбас уулу Чыңгыз Айтматов жана анын атасы Төрөкул Айтматов жөнүндө Талас шаарында кеңири сөз болду. Ошол жыйындын максаты жана бүгүнкү доордогу орду жөнүндө маалымат бере кетсеңиз? Деги ошол жыйынга кимдер катышты жана ал коноктор кай жактан келишкендер?

О.Асан: Бул "Диалог Евроазия" платформасы кыргыз жергесинде диалог боюнча бир катар конференцияларды өткөрүп келүүдөбүз. Буга чейин Ысык-Көл, Нарын, Ош мамлекеттик университеттеринде аты аталган диалогдун ар кандай маселелерин, оош-кыйыштарын, адамдар менен адамдардын ортосунда болгон мамилелер бизди өзгөчө тынчыбызды алууда деген ой толгоолордун тегерегинде өткөзгөнбүз. Бул сапар карым-катыштардын бул жарчылары Талас жергесинде иш улантылып жаткан соң кыргызга белгилүү 1937-жылы Коммунисттик партиянын тоталитардык бийлигинин курманы болгон Төрөкул Айтматов менен анын уулу дүйнөгө белгилүү Кыргыз эл жазуучусу, академик Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовду жана Түркия өлкөсүнүн белгилүү инсандарынын бири философ Фетхуллах Гюлен диалогдун жарчылыгын кандай кызмат өтөшкөндүгү тууралуу жыйын болду. "Диалог Евроазия" платформасы Талас областтык администрациясы, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте конференция өткөздүк. Менин оюмча бул аты аталган конференция өзүнүн максатына жетти. Себеби, бул жыйында Айтматов менен бирге жүргөн калемдеши, азыркы учурдагы белгилүү жазуучубуз Казат Акматов агай Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө эң кызыктуу ойлорун ортого салып Талас жергесиндеги интеллигенцияны, студент жаштарды көптөгөн маалыматтары менен кубандырды. Ошондой эле Түркиядан келген "Диалог Евроазия" платформасынын тең төрагасы, ошол платформаны түзүүгө түздөн-түз зор салымы бар Харун Токактын угуучуларга берген маалыматы өтө кызыктуу болду. Себеби, экөө мындан он жыл мурун Стамбулда Европа менен Азиянын жазуучуларын, журналисттерин чогултуп бир борбор түзүү боюнча жакшы ниетин жүзөгө ашырышкан. Анда жердешибиз, агабыз Чыңгыз Айтматовдун ролу эбегейсиз зор экендиги баса белгилеши таластык жердештеринин дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп тургандыгы бизди кубандырбай койгон жок. Харун Токактын бүткүл дүйнөдөгү жазуучулардай эле жана бүткүл жер шарындагы Чыңгыз Айтматовдун миңдеген окурмандарындай эле Чыңгыз Төрөкуловичти акыркы сапарга узатууда чын дилден кайгыруу менен "Ак кемедеги аты жок бала өлдү" деген чыгармасында бүтүндөй Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы башкы каармандары Чыңгыз аганы жоктогондугу өзгөчө таң калтырган эле. Анда Толгонайдын боздогону, Жамиланын сыздаганы, ошол ак кемедеги аты жок баланын мөлт-мөлт этип көзүнүн жашын төгүп "Ак кемеси" акыры көрүнбөй калгыча сүзгөнү Чыңгыз Айтматовдун бу жарыкчылык менен коштошкону, анан ошол кыска аңгемесинин ичинде эң соңку эпизоду мага өзгөчө жаккан. - Чыңгыз Айтматов өлгөн жок, мен Бишкекке келсем, Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн Кыргыз-Түрк лицейинин балдары Айтматовдун балдары сыяктуу жүгүрүп жүрүшөт,-деген кортунду менен аякташы бизди дагы абдан кубандырды. Ошондой эле бу аты аталган конференцияга Чыңгыз аганын иниси Ильгиз Айтматов да келмек эле. Бирок ден соолугуна байланыштуу катыша албай калды. Анын ордуна Роза Айтматова агасы Ильгиздин жазып берген баяндамасын угуучуларга толук жеткире алды. Ал киши өзгөчө бала чагындагы Чыңгыздын кыял жоруктарын, ошондой эле чөйрөсүндөгүлөргө кылган мамилесин, талантын, адамдык сыйын, достукка, ынтымакка үндөгөн сапаттарын Роза эже татынакай айтып бериши баарыбызды кубанычка бөлөдү,- деп айткым келет. Булар менен катар өзүңүз да ал жерде белгилүү радиожурналист катары Чыңгыз Айтматовдун өмүр сапарын, чыгармачылыгын көп жылдар бою адис-журналист катары чогулган жаштарга кайрылуу катары эң уккулуктуу кылып, ошол эле жазуучу менен болгон маектешүүлөрүңүздөрдөн үзүндүлөрдү келтиргениңизде залда олтурушкан студенттер дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп чыгышты. Мунун өзү биз уюштурган конференциянын чоң ийгилиги деп эсептейм. Булар менен катар Фетхуллах Гюлен жөнүндө Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук академиясынын окумуштуу катчысы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Аскар Беделбаевдин жасаган кыйла мазмундуу илимий доклады дагы угармандарды кайдыгер калтырбады,-деп айтар элем. Жогоруда сөз кылгандардын катарына Фетхуллах Гюлен жөнүндө "Диалог Евроазия" платформасынын улуттук кеңешинин мүчөсү белгилүү тележурналист Темирбек Токтогазиевдин дагы философтун бүткүл дүйнөгө жасап жаткан толеранттуулугу жөнүндө айткан өтө кызыктуу баяны олтургандарды терең ойго салды. Мисалы, улуу философтун окуусунун, айтуусунун негизинде Африка континентинде лицейлердин ачылып жана иштеп жатышы, эртеңкиге карата көз караштарынан толук баян берет. Демек, келечекте бүтүндөй дүйнө жүзүндө адептүү, абийирдүү, ыймандуу, билимдүү жаштарды түрк моделинде окутуп жана тарбиялап жатышы деп бааласа болот. Ушунун өзү дүйнөлүк билим берүүгө кошкон анын зор салымы экендигин белгилеп өттү. Конференциянын соңунда Талас шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейлерин кыдырып таанышуу болду. Сөзүмдү жыйынтыктай келсем, бул конференция өзүнүн жемишин берди деп айтууга толук татыйт. Маектешкен Тенти Орокчиев, акын, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.