Булбулдун ыры: Фетхуллах Гүлен – азыркы Румиби?

Кээде узак убакыттар мурдагы добуштар ушунчалык күчтүү жана ушунчалык өмүр менен чындыкка мелт-калт толуп тургандыктан, алардын пайда болушун токтотууга убакыт да, аралык да алы жетпей, бардык мезгилдерден орун табат. Алар насыятты да, элчини да түшүнө алган азыркы инсан менен кездешүү үмүтүн артып, кылымдардан кылымдарга көчө берет.

Мен бул макалада XIII кылымдагы суфий акыны Жалаледдин Руми менен XXI кылымдагы түрк аалымы, дүйнөнүн добушу – Фетхуллах Гүлен экөөнүн арасындагы жалпы белгилерге токтолом. Гүлен Руминин идеяларынын укмуштуу элчиси болуп саналарын көрсөтүүгө аракеттенем. Алардын бала кездериндеги билим жана тарбия алышы, алардагы суфизм, алардын сабырдуулук жана сүйүү насыяттары салыштырылат. Бул макалада мен кайрылгым келген маселелердин кээ бирлери мына ушулар. Руминин насыяттары Фетхуллах Гүленден добуш таптыбы? Гүлен Руминин Кудайды сүйүү жана кызмат кылуу, бири-бирин сүйүү жана кызмат кылуу насыяттары чындыгына бизди кантип ойгондурат? Гүлен азыркы Руми болуп саналабы?

Болжол менен 700 жыл илгери Кичи Азияда, азыркы түрк шаары Коньянын ордунда, рухий устат жана акын Мевлана Жалаледдин Руми мындай элегияны айткан: «Кудайдан ажырап ооруган, бөлүктөргө жарылган жүрөктү эңсейм. Ага болгон сагынычым менен эңсөөмдү эмне менен билдире алар элем».[1] Руми өз өмүрүнүн баарын мындай сагынычты баштан өткөргүсү келгендерди жана Кудайга болгон сүйүүсү анын жан дүйнөсүн чагылдырган сүйүүсүндөй сүйүүгө ошончолук канбагандарды издөө менен сарптады.

Анын эң белгилүү “Маснави” чыгармасындагы – «Сыбызгынын ырындагы» алгачкы саптар муну эң сонун көрсөтүп турат:

Уктуңарбы сыбызгынын сыздаган добушун?
Ал да биз сыяктуу айрылуудан муңканат.
Нени муңдап, нени боздойт ал?
«Мен өзүмдүн сөңгөгүмдөн айрылдым,
(мени кесип алган кезден баштап,
ажыратып калың чыккан камыштан).
Угуп калып таалайсыздык ырымды
Жаныңыз ачыгандан ыйлап жаткан жоксузбу?
Өз тамырынан, өз жеринен ким алыста,
Мен – муңдашмын (ошолордун) баарына.
Ким билсе бакытты, жана ким билсе бактысыздыкты,
Ошолорго тагдырлашмын.
Кимдин жаны күйүткө түшүп, кайгырса,
Мен, балким, ошондуктан жакындырмын аларга.
Азабым башыңызга келбесе да:
Бөлөктүн жаны – жашыруун сыр билип алышка ...[2]

Жакында түрк рухий лидери жана акын Фетхуллах Гүлен түрк журналисти Нурия Акманга берген өзүнүн интервьюсунда: «Мен ичинен тынчсызданган кишини; ислам дүйнөсү тууралуу, Түркиядагы кырдаал жөнүндө мени менен баарлаша ала турган кишини издеп жүрөм. Мен тынчсызданган жүрөктү издеп жүрөм»,[3] – деген. Ал анын көптөгөн жакын достору бар экендигин, бирок анын бардык ойлорун тең бөлүшө турган бирөө да жок экендигин сыздап айткан. «Идеялык жолдош сиз сыяктуу болушу керек; өрт сымал ичинен күйүп туруусу керек; Аллах менен бекем байланышка ээ болуп, бирок ошол эле учурда моюн сунган бойдон калуусу керек. Мен жалгызсыраганымды ачык айтып коюшум керек». Гүлен, сыягы, башка өлкөдө өзүнүн бөлөк катары жашоосу жөнүндө, өз Башатына куса болгон Руминин аянычтуу ырын «Булбулдун ыры» ыр саптарында кайталап жаткандыр:

Булбулдун ыры

Тегерене гүлдөр бийлеп жатканда,
Обочолоп, булбул сайрайт бакчада,
Өз өлкөсүндө кимди бөтөн санашса, ошол үчүн,
Анын мукам күүсүндө шамалдын ышкырыгы угулат.
Анын ыйы менин боздогонум менен онтогонума окшоп,
Бийик, жапыз адырларды аралайт.
Ал түн бою ыйлап чыгат, күн кулагы көрүнгөнчө,
Ар бир деми жалындаган үшкүрүктөй күйүп чыгат.
Адам колу тийбеген жапан өскөн дарактарда
Өмүр бою үзгүлтүксүз онтоп чыгат.
Жана кайгы толгон жашын төгөт.
Бирок аны ким түшүнүп, ким кайгысын бөлүшөт?[4]

Руми менен Гүлендин ыр саптарында окшош аккорд сезилип турат жана алардын аттары улам-улам бирге эскерилет. Эгерде Жалаледдин Руми жана Фетхуллах Гүлен Коньянын байыркы көчөлөрүндө 700 жыл мурда же бүгүн Филадельфиянын тыным билбеген көчөлөрүндө бетме-бет жолугушса, алар өздөрүнүн терең убайым-санааларын бири-биринен уга ала турган жана түшүнө ала турган жакын жандардан экендиктерин моюндарына алышмак.

Руми да, Гүлен да абдан үзүрлүү авторлор жана акындар болуп саналышса да, ал жагы бул макаланын темасы болуп саналбайт. Эки акын тең мусулман болуп эсептелет, алардын сөздөрү Түбөлүк Ашыгына биригүүнү көздөгөн терең эңсөөнү; алардын Жараткандын сулуулугун чагылдырып турган сулуулукка терең ыраазычылыгын; өз Кудайынын алдында алардын моюн сунган арзыбастыгын жана маанисиздигин билдирет. Куранды, хадистерди жана сүннөттү окуу алардын жашоосунун жана эмгегинин негизин берет. Гүлен өзүнүн «Advocate of Dialogue» китебинде: «Ыр саптары чакырык сыяктуу автордун ички дүйнөсүндөгү көкөлөөнү жана чөгүүнү, шаттанган жана кайгыланган абалдарды билдирет. Адамдар бийик чындыктарга ойлорун топтошсо, алар кудайдын деминдей болуп калышат.[5] Руми жана Гүлен рухийлүүлүктү көздөп, жандын универсалдуу тилинде сүйлөшөт, аны менен «кудайдын демин» көрсөтүшөт.

Бала кезиндеги тарбияланышы жана билим алуусу

Руми байыркы султандардын жана диний аалымдардын тукумунан чыккан жана азыркы Ооганстандын аймагында жайгашкан Балхта 1207-жылы абдан толкундаган жана баш-аламан окуялар болуп жаткан мезгилде төрөлгөн. Селңжуктардын империясы ички саясий жана диний бытырандылыктан, ал эми тыштан – батыштан кресттүүлөрдүн жүрүштөрүнөн жана чыгыштан монголдордун чабуулунан жапа чеккен. Руми абдан кичинекей кезинде үй-бүлөсү менен бирге өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон, Кичи Азиядагы азыркы түрк шаары Коньяга отурукташканча, мусулмандар жашаган жерлерде көп саякаттаган.

Руминин атасы аны Куран окуу, орозо кармоо, Кудайды таанып-билүүдөн алагды кылган бардык нерседен өзүн-өзү тазалоо аркылуу диний шык-жөндөмгө ээ болууну эңсөөнүн маанилүүлүгүн үйрөткөн. Ал, кишилердин расасына, динине же социалдык абалына карабай, кишилердин баарына мээримдүү жана сый-урмат менен мамиле кылган Мухаммад Пайгамбардын (с.а.с.) өрнөгү аркылуу сүйүү жана боорукерлик жөнүндө билген. Ошондой эле ал өз атасынан билимдин эки түрү бар экендигин – кадыресе билимди жөн гана үйрөнүп-билип алууга болорлугун жана чыныгы билимди Кудайдын гана ырайымы аркылуу таанып-билүүгө болорлугун үйрөнгөн. Ал Румини суфий жолунун негиздери болуп саналган кудайдын сүйүүсүндөй сүйүүнүн, такыбалыктын, өзүн-өзү тыюунун, моюн сунуунун, айкөлдүктүн, Кудайга кызмат кылуунун жана Кудайды эстөөнүн маанисин туйдурган.

Руми өзүнүн бүткүл өмүрүндө мугалимсиз же устатсыз калган кездери сейрек жана өз учурунда ал абдан кадыр-барктуу рухий лидер жана университеттин профессору болгон. Кишилер аны угуш үчүн, баарлашууга катышуу жана андан кеңеш сураш үчүн алыскы жана ар кайсы жерлерден келишчү. Ал өзүнүн атактуулугуна карабай, канааттанган эмес жана: «Силер менин атымды уккан жоксуңарбы? Мен деген – эч нерсе, эч нерсе, эч нерсе эмесмин»,[6] – дечү.

Фетхуллах Гүлен 700 жылдан кийин 1938-жылы өлкөдө радикалдуу өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде Түркиянын чыгышындагы Эрзурумда төрөлгөн. Ал төрөлгөнгө чейинки он жылдык Осмон империясынын кыйрашы, султанаттын жана халифаттын кулашы, Кемал Ататүрктүн Түрк Республикасын негиздеши, суфий боордоштугунун жана текке турак-жайларынын жабылышы, ислам диний мыйзамдарынын жарандык кодекске, араб алфавитинин латын алфавитине алмаштырылышы сыяктуу тарыхый окуяларга күбө болуп, монументалдуу өзгөрүүлөрдүн жарчысы болуп калган. Мунун баары дүйнөлүк эки согушту, ядролук бомбаны жана терроризмдин эскалациясын башынан өткөргөн тынчы жок кылымдын жышааны болгон.[7]

Руминики сыяктуу эле Гүлендин ата-тегинин санжырасы асылзат тектүү жана диний аалымдардын тукумуна байланыштуу болушу мүмкүн болсо да, ал карапайым жашады жана карапайым жашоону артык көрөт. Гүлендин тунгуч мугалимдери анын үй-бүлө мүчөлөрү болду. Ал өзүнүн чоң атасынын атасы Молдо Ахмед жөнүндө, андан үйрөнгөн аскетизм сыяктуу сопулук (суфийлик) сапаттар, билимди абийирдүүлүк менен тең алып жүрүү, чеги менен тамактанып, чеги менен уктоо жана башка кишилерге кызмат кылуу жөнүндө зор урмат-сый менен айтат. Куранды жатка билип, айылдаштарга үйрөткөн өз апасынан ыйык китепти жатка үйрөнгөнүн эскерет. Атасы аны Мухаммад Пайгамбарды (с.а.с.) терең сүйүүгө тарбиялап, ага араб тилин үйрөтөт.

Андан кийин ал көрүнүктүү ислам аалымдарынан окуп, белгилүү мусулман рухий устаты Мухаммад Лютфиден атайын диний илимдерди өздөштүргөн.

Гүлен: «Мен диний илимдерди өздөштүрүү менен бирге башка китептерди да окучумун, ошол эле учурда суфийлик каада-салттарды да үйрөнчүмүн. Диний илимдер менен суфизм ар дайым менде шыктанууну жаратчу»,[8] – дейт.

Гүлен тиешелүү билим алгандан кийин 15 жашында мугалим болуп иштей баштайт. Анын жапжаш боюнча мугалимдик кылганы, анын көз карашы ушунчалык чоң сый-урматка татыгандыктан, анын окуучулары – анын интеллектуалдык жактан агаруунун рухий тазалык жана даанышмандык менен биригүүсүнүн маанилүүлүгүн насыяттаган идеяларына үзгүлтүксүз активизм менен кызмат кылууга макул болгон муун – өзгөрүштөрдү жасоодо активдүү күч болуп калды. Натыйжада, алар, ошондой эле алардын окуучулары Түркияда жана чет өлкөлөрдө 500дөн ашык мектептерди[9] ачышкан. Гүлен да Руми сыяктуу чоң ишенимге жана сый-урматка татыган рухий лидер, интеллектуал, социалдык акыйкаттын үнү болуп калды. Румиге келгендей эле, кишилер азыр аны угуу үчүн, аны менен сүйлөшүү жана анын кеңешин угуш үчүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан келишет.

Руми да, Гүлен да суфийлик баалуулуктардан тамыр алган позитивдүү илимдерди жана ислам салттарын эң жакшы өздөштүрүшкөн.

Руминин жана Гүлендин суфизми

Суфийлер катары Руми жөнүндө да, Гүлен жөнүндө да көптөгөн китептер жазылган, бирок бул жерде алардын суфизми тууралуу эске сала кетүү керек, анткени алар өз өмүрлөрүндө жасаган иштеринин баары алардын суфизмди түшүнүүсүнө байланыштуу. Биринчиден, Руми, кээ бирлер ырастагандай, Мевлевини – тегеренип бийлеген дербиштердин боордоштугун түзсө да, алардын бири да суфийлик боордоштукка (орденге) кирген эмес. Гүлен: «Руми, Устат, шакирт, дербиш же салттуу суфийлердин арасында кадыресе суфий болгон эмес. Ал кайра жаралуунун жана жекече уникалдуу ой-жүгүртүү принциптери менен байытылган жаңы усулду иштеп чыккан, таяныч катары Куранды, сүннөттү жана ислам такыбалыгын негизге алган»,[10] – дейт. Алардын суфизми Кудайга карата чексиз сүйүүгө негизделген башка ишенимдердеги ачыктыкка жана рухийлүүлүктү таануу сыяктуу эле Курандагы чындыкка негизделген. Алардын ар биринде алардын өмүрлөрүн таасын кошумчалап турган суфийлик окуунун устаттары болгон, анткени алар эң башынан эле өз жүрөктөрүн тазартуу сыяктуу сапаттан тышкары, башкаларга кызмат кылууга, өздөрү жөнүндө унутууга тарбияланышкан. Алардын ар бири Жараткандын улуктугунун алдында кастарлоо сезимине жана алардын өмүрлөрү Улуу Жараткандын ыраазычылыгын эңсеп жашап өтүүнүн, акыры аягында Аны менен биригүүнүн маанилүү экендигине тарбияланган.

Абдулңкадир Гейляни өзүнүн «Сырлардын сыры» китебинде суфийлер карапайым жашап, чеги менен тамактана тургандыгын жазат. Руми да, Гүлен да муну аткарышат, бирок бул аларга максаттын өзү эмес, жөн гана Кудайга жакындоонун каражаты. Көптөгөн кишилер үчүн алар идеалдуу суфийлерди мыкты үлгүлөрү болуп саналат, бирок алардын бирөө да өздөрүн ыйык же экстраординардуу рухийлүү инсан катары өздөрүнө таазим кылууну каалабайт. Алар суфийлик момундук, такыбалык жана арзыбастык сапаттарды тутунушат. Руми мындай деп жазган:

Мен кул болдум, Сенин кулуң, Жараткандын кулумун!
Мен жүгүндүм, күчүмдүн жетишинче Сага кул болууга тырышам.
Кулдар жыргайт, өздөрүнүн кулдук кишендерин ыргытып;
А мен болсо, чексиз шатмын Жаратканга кулдугума![11]

Гүлен өзүн эч качан суфиймин дебейт, киши аталышы менен эмес, жанынын жана жүрөгүнүн абалы боюнча суфий болуп саналарын айтат. Ал «Кудайдын жупуну кызматчысы жана баарынын досу» болууну эңсейт.[12] Гүлен үчүн жеке «алсыздыгын жана жеке маанисиздигин» аңдап-түшүнүү Кудайда эрип жок болуунун жолу болуп саналат. «Менин жан-дүйнөмдө көңүл ачууга, оюндарга жана ыракаттанууга орун жок. Ал тургай жаш кезимде риязат (өзүн-өзү эзотерикалык реализациялоо) сыяктуу нерселерди тажрыйбалагамын... Эгер пайда алып келбесе, кандайдыр бир нерсени жасагым келбейт, ... так ошондуктан мен бул жерде отурам жана Куран окуйм же сыйынам жана зикир чалам».[13] Гүлен үчүн суфизм – өмүр бою рухий өнүгүү процесси. Бул «... эгону, эркти жана өзүмчүлдүктү Кудай аркылуу жок кылуу жана андан кийин Анын Маңызынын негизинде рухий кайра жаралуу».[14]

Руминин уулу Султан Валад, анын атасы сыйынганда Кудайдын жашыруун ыйыктарынын биринин таасиринде кубулуу үчүн аны менен жолугууну сураганын айткан. Анын жан-дүйнөсүн укмуштуудай чагылдырып, аны белгилүү аалымдан кубанычтуу мистикке кубулткан Шамс-и Тебризи ысымдуу жер кезген дербишке жолукканда Руминин тилеги орундалган. Руми менен Шамстын ортосундагы мамилелер тууралуу Гүлен төмөнкүлөрдү айтат: «Эки океан биригип ташыгандай, эки таланттуу жана акылдуу жандар жолугушту. Кудай ыроологон жоомарттык менен шык-жөндөмдү тең бөлүшүп, алардын экөө тең көпчүлүк адамдар жалгыз жете албаган бийиктиктерге жетишти. Алар рухий кызматташуу жолу менен билимдин, сүйүүнүн, боорукерликтин жана кудайдан берилген кубанычтын туу чокуларында бүтүндөй шаарларды курушту. Алар өз замандаштарын гана агартуу менен чектелбей, ошондой эле кийинки муундардын баарына таасирлерин тийгизишти... ».[15]

Исламдагы сүйүүнүн мистикалык салтын, айрыкча, устат менен шакирттин ортосундагы сүйүүнүн маанисин түшүнбөстөн, тривиалдуу жана жадатма болуп көрүнүүнү тобокелге салбай туруп, Руми менен Шамстын ортосундагы сүйүүнү сыпаттоо кыйын болмок. Руми менен Шамс Табризинин жолугушуусун Ибрайым менен Мелхиседектин жолугушуусуна салыштырган Мурат Ягандын сөздөрүн Кабир Хелңмински мисал келтирет: «Мелхиседек менен Шамс – Башаттын өзүнөн жөнөтүлгөн элчилер. Алар түздөн-түз эч нерсе кылышпайт, бирок аны ким кабыл ала алса, ким абдан толтура же абдан бош болсо аларга агарууну алып келишет. Руми абдан толтура болгондордон болчу. Мындай агарууну алгандан кийин, ал аны адам баласынын пайдасы үчүн пайдалана алды».[16] Руминин устаты Саид Бурханеддин: «Руми бир кезде «адамдардын жандарын жаңы жашоого жана Кудайдын чексиз кенендигине чөгөрөт ... жана бул жалган дүйнөдөгү өлүктөрдү ... жашоонун мааниси жана сүйүү менен тирилтет»,[17] – деп алдын ала айткан сөздөрүнүн далили болуп калды.

Шамс Руминин Ашыгына карата сүйүүсүн ойготууга кудурети жеткен жана аны ушунчалык шыктандыргандыктан, Шамс кайып болуп кеткенден кийин 10 жыл бою Руми устаттарына жана досторуна карата сүйүүгө арналган, Диван-и Шамс деп аталган лирикалык жана мистикалык ыр саптардын коллекциясын жазган. Бирок сүйүү, кусалык, ажыроо азабы жөнүндө анын айткандары Кудайга карата кусалыкка салыштырганда түккө арзыбагандыгын бир кыйла тереңирээк деңгээлде түшүнөбүз. Кийинчерээк көпчүлүк адамдар айткандай, рухий поэзиянын дүйнөлүк шедеврлеринин бири Маснавиде ал бири-бирине болгон сүйүүнүн жана бири-бирин сүйүүнүн үлгүсү менен кызмат кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Руми жазгандардын көбүрөөк бөлүгү Курандан, сүннөттөн жана араб, перс адабияттарынын башка булактарынан алынган. Анын ыр саптары кишилерди этикалык, моралдык жана рухий баалуулуктарды ээрчүүгө ынандырат. Руми үчүн сүйүү – Ааламдын жаны, анын барлыгынын негизи, бирок бул эч качан өтмө, чексиз сүйүү эмес. Ал Кудайга карата таза, чексиз сүйүү жөнүндө айтат. Ал тургай анын эмгектери кишилердин жагдайлары жана сезимдери жөнүндө жазылгандай туюлса да, анын бир кыйла тереңирээк мааниси бул сезим Кудайды сүйүүгө жана Кудайга болгон кусалыкка өткөрүлүшү керектигинде. Анын насыяттары биздеги эгону тынчтандырууга жана Кудайга толук баш ийүүгө үндөйт.

Руминин суфийлик ыкмасы рухийлүүлүктү издеген жүрөктөрдү тереңдиги жана сулуулугу менен гана эмес, анын Чындыгы менен да суктантты. Анын эмгектери бул Чындыкты чечмелеп түшүндүрөт, алар кылымдар бою өчпөгөн сүйүү насыяттары менен толуп-ташып турат.

Алардын сүйүү жана сабырдуулук насыяттары

Кудай адамзаттын Ашыгы гана болуп саналбастан, адамзат дагы Кудайдын ашыгы болуп саналарына бизди ойгото турган аалым, диний насаатчы, эр, ата, мистик жана акын – Жалаледдин Руми. Ал:

Ашык болгон ашыглыкты чындап издебейт,
Ашыгынын өзү аны издемейинче.
Ашыглык жебеси анын жүрөгүнө кадалганда,
Анда ашыглык гүлү ачты деп бил.
Ашыглык сенин жүрөгүңдө жаркыганда,
Анда Кудай да сага ашык болгонун эстен чыгарба,[18] – деп жазган.

Руми сүйүү принцибине таянып, өзүнүн дүйнөгө көз карашын калыптандырган. Кудай үчүн башка адамды сүйүү Абсолютка (Сүйүүгө) карай кеткен жолду ачат деп ойлойт. Руминин ысымы сүйүүнүн жана чексиздикке карай экстаз абалында учуунун символу болуп калды. Ага берилген шакирттери жана жолун жолдоочулар аны «Мевлана» деп аташчу, ал «биздин Устат» дегенди билдирет.

Исламды тынчтыктын жана бир туугандыктын дини катары тааныткан, Түндүк Америкада чыгармалары абдан көп окулган акындардын бири болгон Руминин сүйүү жана сабырдуулук насыяттары бүгүн тынчы кеткен бул дүйнөдөгү ар түрдүү ишенимдердин диалогу үчүн рухийлүүлүктү издегендер тарабынан оң модель катары кабыл алына баштады. Анын дини ислам болгон, бирок ошентсе да, ал чексиз диний сабырдуулуктун жактоочусу болгон жана мусулмандарды, жөөттөрдү жана христиандарды сүйүүгө толгон көздөрү жана жүрөгү менен бирдей кабыл алган. Анын жообуна бардык ишенимдеги кишилердин сый-урматына жана таазимине татыган. Бир эле мезгилде өзүнүн салттуу дининде өмүр сүрүүгө жана башка ишенимдерге да ээн-эркин саякаттоого жөндөмдүү, шыктандыруучу эки анжылыгы бар Руми өңдүү адам жөнүндө айткан Гүлендин сөздөрү Гүлендин дал өзүнө да таандык экендиги кызыктуу.[19] Биздин күндөрдө көптөгөн кишилер Руми жөнүндө окушканына жана угушканына карабай, азыраагы гана Фетхуллах Гүлен өңдүү адамзаттын азабын ушунчалык жакындан сезишет, Кудайга карата сүйүүсү алоолонгон жүрөктөрү бар же сүйүүнүн, сабырдуулуктун жана тынчтыктын доорун эңсешет. Азыраак адамдар гана Руминин насыяттарын Гүлен сыяктуу жакшы түшүнүп, тереңдигин сезишет.

Бул түрк аалымы, рухий лидер, устат, автор жана тынчтык үчүн кыймылдын күрдөөлдүү катышуучусу, Руминин сүйүү насыяттарынын азыркы кездеги мурасчысы болуп саналат, ал бардык адамзатты кучагына алып, Кудайга карата сүйүү – бардык нерселердин маңызы экендигин айтат. Гүлен: «Сүйүүсүз жан адамзат жеткилеңдигинин горизонтуна көтөрүлө албайт. Ал тургай ал жүздөгөн жылдар өмүр сүрсө да, жеткилеңдикке карай жолдо прогресс жасай албайт. Ким сүйүүдөн ажыраган жана эгоизмдин торуна чырмалган болсо, кимдир-бирөөнү сүйүүгө жөндөмсүз болуп, барлыктын өзүнө терең чөгөрүлгөн сүйүүнү түшүнбөгөн бойдон көз жумат».[20]

Анын диний насааттарында, поэзиясында жана окуусунда, ал адам баласынын ыйын гана эмес, үмүттөрү менен кыялдарын да угат. Ал жеке өзүнүн азаптарына кайгырат, бирок башкалардын азаптары аны ойрондойт, анткени ал адамзатка каршы ар бир сокку алгач анын жүрөгүнө тиет. Анын ишеними ушунчалык чын дилден жана терең болгондуктан, анын диний насааттары анын көз жашы менен коштолот. Сүйүү менен тынчтыктын ордун жек көрүү жана зордук-зомбулук ээлеп алган дүйнөнү өзгөртүүгө болгон эңсөөдөгү ар бир мүнөт Гүлен үчүн кымбат. Анын өмүрүндөгү бардык нерсе бул максатка арналат. Харизматикалык рухий интеллектуал катары көпчүлүктүн сый-урматына татыган Гүлен саясий бийликке, жеке атакка жетишүүгө же ыйык катары эсептелүүгө эч кандай кызыкчылыгын көрсөткөн жок. Чындыгында, ал башкаларды өзүнүн өрнөгү менен шыктандырып, көшөгөнүн артында тынч турууну артык көрүп, мындайдан качат. Чыныгы дин жек көрүүнү эмес, сүйүүнү, айыптоону эмес, сабырдуулукту, оройлукту эмес, боорукерликти, согушту эмес, тынчтыкты насыяттай турганына бекем ишенет. Гүлен, чыныгы дин кишилерди жакшылыкка толгон жана жеткилеңдикке умтулган жашоого алып барарын айтат.

Кээ бир кишилер, бул карапайым интеллектуал, бул суфий (сопу), бул ислам аалымы миллиондогон кишилерди адамзатка кызмат кылууга, Түркиядан Малайзияга чейин, Сибирден Түштүк Африкага жана Кошмо Штаттарга чейин, диндер аралык диалогдун бүткүл дүйнөгө таралган мектептери жана фонддору аркылуу кызмат кылууга, улутчулдук идеалдар менен чектелбеген кызмат кылууга кантип натыйжалуу үндөй алды деген суроону бериши мүмкүн. Гүлен, башка кишилерге сабырдуулук кылууну жана башка кишилерди сүйүүнү түшүнгөн жана турмушта пайдаланган муунду билим берүү аркылуу гана тарбиялай аларыбызды айтат. киши качан гана үйрөнүп-билгенде, билгенин башкаларга үйрөткөндө жана шыктандырганда чыныгы адам болот. Аны менен бирге жашап, бирге окуу бактысы буюрган шакирттери анын терең сүйүктүү жана урматтуу болгондугун айтышат, анткени ал эмнени насыят айтса, ошону тажрыйбалайт жана башкаларга караганда өзүнө талап кыла билет. Аны ким сүйсө жана анын жолун жолдосо, Хожа эфенди деп аташат, анын мааниси «Устат-мугалим». Ал, чыныгы адам башкаларга кызмат кылууга ушунчалык берилиши керектигин, анын жүрөгү токтоп калганда гана чарчаганын сезиши керектигин айтат. Гүлен, сөзсүз түрдө пайда көздөбөгөн эч кандай оңгулуктуу иштерди жасабай туруп, сүйүү жана сабырдуулук жөнүндө сөз кылуу гана жетишсиз экендигин айтат.

Гүлен отуз жылдан ашык мезгилден бери диндер аралык диалогдун негиз салуучусу жана активдүү коргоочусу катары: «Диалог бул этибарга алынбай турган иш эмес, ал зарылдык болуп саналат. Биздин дүйнөбүздү бир кыйла бейпил жана коопсуз жайга айлантууну эңсөөдө мусулмандардын милдеттеринин бири диалог болуп саналат»[21] деп ишенет. Бул максатта ал дүйнөлүк рухий жана саясий лидерлер менен жолугушкан. Рим папасы Иоанн Павел II менен жолугушканда, ал ислам жана католицизм арасында түшүнүүчүлүктү куруу үчүн кызматташууну сунуштаган. Кээде анын башка ишенимдерге ичи кенен ачыктыгын жемелешип, аны исламдын чыккынчысы деп күнөөлөшөт, бирок Гүлен, адамзатта айырмачылыктарга караганда, жалпылыктар көбүрөөк экендигине ишенет. Ар түрдүү маданияттар, диндер жана расалар арасында көпүрөлөр ар дайым болгон, бирок эми аларды кайрадан ачуу керек. Гүлен, ар түрдүү маданияттардын жана диний ишенимдердин арасындагы байланыштарды бекемдөө үчүн өз өмүрүн билим берүүгө, чыгармачылык изденүүгө, окутуп-үйрөтүүгө жана талыкпас эмгектенүүгө арнады.

Чындыгында, Гүлен Руминин универсалдуу сүйүү жана сабырдуулук тууралуу насыятын түшүнө алмак жана кабыл ала алмак жана аны мистикалык таризден иш жүзүндө пайдаланууга өткөрүп, турмушка ашыра алмак. Руми менен Гүлендин философиялык системалары бир эле башаттан сузуп алынган «бир туугандар» өңдүү. Эгер Руминин ыр саптарын терең ой жүгүртүп окусак, роза, чыны, бакча, камыш жана булбул сыяктуу жөнөкөй символдор Кудайды издеп табууда жол көрсөтүүчү, тагыраак айтканда, издеген кишиге өзгөчө бир жетекчи болуп саналарын түшүнүүгө болот. Мындай «жетекчини» Гүлен жакшы түшүнөт жана өз миссиясын Кудай менен гана эмес, бардык кишилер менен ынтымакта жашоону эңсөө катары түшүндүрөт. Руми сыяктуу эле Гүлен Кудайды сүйүүнүн жана Кудайды эңсөө тамырлары терең жайылган өмүр менен жашайт. Алардын Кудайды ар дайым эске салып туруусу кишилерге Кудай Ашыгында болгон чыныгы сүйүүнү издөөдө жол көрсөткөн жаркын жылдызга айланган.

Руми бир жагынан аны бүткүл өмүр жолунда коштоп жүргөн өзүнүн досторунун жана устаттарынын аркасында адам өнүгүшүнүн жана жеткилеңдигинин ушунчалык бийиктигине жетишти. Алар ага Кудайдан берилген шык жана зор бата болушту. Кудайдын жарыгына толтурулган алар муну Румиде эң сонун түрдө чагылдырышты. Руми өзүнүн Түбөлүк Ашыгына биротоло биригүү жана өз «камышына» кайрылып барууну эңсеп жүрүп көз жумган.

Гүлен, азырынча анын жан дүйнөсүндөгү терең кусалыкты чындап түшүнгөн кишини жолуктура электигин ырастайт. Анын жалгызсыраган кейпинде булбул, мында анын сайраганын уккан, анын көз жашын байкаган жана азасын тең бөлүшкөн бирөө бар бекендигин сурайт. Анын чакырыгына бир да булбул жооп бербей тургандай болуп көрүнсө да, мында анын тегерегинде, анын сүйүү жана сабырдуулук насыятын уккан жана ал насыятты жайылтууга өз өмүрлөрүн арноо менен жооп берген миңдеген, а балким миллиондогон булбулдар бардыр. Хадистердин биринде: «Мен Өз кызматчымды сүйгөндө, Мен анын көрөр көзү, угар кулагы, сүйлөр тили, колдору жана буттары болуп калам. Ал Мен аркылуу көрүп, Мен аркылуу угат, ал Менин атымдан сүйлөйт, анын колдору Меники болуп калат жана ал Мени менен басат» деп айтылат. Фетхуллах Гүлен ушундай сүйүктүү кызматчы болуп саналат.

Фетхуллах Гүлен уйкуда жаткан адамзатты Руминин боорукерлигин, сүйүү жөнүндөгү насыяттарын түшүнүү жана диалог аркылуу ойготкон, азыркынын эң сонун элчиси, дүйнөнүн доошу болуп саналат. Руми менен Гүлендин мурастары «жупуну кызматчы жана баарынын досу» Хожа эфендинин шыктанган жолун жолдоочулардын үндөрүндө жана иш-аракеттеринде жашай берери шексиз. Сыягы, Гүлендин булбулунун ыры баарына угулгандыр жана ага жооп берилер.


[1] http://en.wikiquote.org/wiki/Jalal_al-Din_Muhammad_Rumi
[2] Jonathan Starr, «The Song of the Reed, «Rumi in the Arms of the Beloved p. 21.
[3] Zaman nespaper, March 30, 2004
[4] http://www.slife.org POEMS
[5] Gulen, Advocate of Dialogue, p. 8.
[6] Zaman, Nuriye Akman interviev with Sheikh Sefik Can, Jan. 25, 2005.
[7] Gulen, ibid, «Introduction», p. 11.
[8] Gulen, ibid, p. 14.
[9] Мектептердин саны макала жазылып жаткан учурга карата.
[10] The Fountain, «Mevlana Jalal ad-Din Rumi», July-Sept. 2004. Issue 47.
[11] Ibada, Ubudiya, and Ubuda, Sizinti, Aug. 1993, Vol. 15, Issue 175.
[12] Gulen, Key Concepts in the Practice of Sufism, «Author’s biography», vol. 1, 2004.
[13] Zaman, interviev with Nuriye Akman, March. 28, 2004.
[14] Gulen, Sufism, vol. 1. p. xiii.
[15] Gulen, «Foreword», Fundamentals of Rumi’s Thought: A Mevlevi Perspective» p. xi.
[16] Helminski, Rumi Daylight, p. 10.
[17] Ibid, p. 11.
[18] William Chittick, «The Sufi Path of Love – the Spiritual Teaching of Rumi», p. 209.
[19] Kurtz, «Gulen’s Paradox», Muslim World, p. 328.
[20] http://en.fgulen.com/a.page/life/biography/a756.html.
[21] Saritoprak, p. 336.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.