Фетхуллах Гүлен коомдун өнүгүү факторун турукташтыруучу катары конфессиялар аралык диалогдун зарылдыгы жөнүндө

Көпчүлүк Хожа эфенди деп урматтаган Фетхуллах Гүлендин көз карашында ар кандай диалогду, анын ичинде диндер аралык жана маданияттар аралык диалогду түзүүнүн жана өз ара бекем мамилелерди өнүктүрүүнүн өбөлгөсү катары тараптардын чынчыл жана ак ниеттүү мамилери кызмат кылат. Ал: «Дин, айрыкча ислам, соңку жылдарда талкуулардын эң татаал предметтеринин бири болуп калды. Учурдагы маданият ага же антропологиянын, же теологиянын, психологиянын, же болбосо, психоанализдин көз карашында мамиле кылып, аны эмпирикалык методдор катары баалады. Бир жагынан алганда, дин – бул, киши ички дүйнөсү менен сезип, башынан өткөргөн жана анын жашоосунун туруктуу жана өзгөрбөс өңүттөрүнө карата мамиле кылат. Бирок, экинчиден, Кудайга ишенген кээ бир кишилер динди рационалдуу принциптердин кандайдыр бир топтому болгон философия катары же жөн гана мистицизм катары карашы мүмкүн. Исламга келгенде иш татаалдашат, анткени кээ бир мусулмандар жана саясатчылар аны дин катары эмес, накта саясий, социологиялык жана экономикалык идеология катары таанышат»,[1] – дейт.

Хожа эфендинин трактаттарынан көрүнүп тургандай, дин, түпкү маанисинде коомдук аң-сезимдин саясат, экономика, искусство, философия жана социология сыяктуу башка формалары менен окшоштурууга таптакыр болбой турган, коомдук аң-сезимдин спецификалык формаларынын бири болуп саналат.

Коомдун социалдык талаптарына жараша вариацияланган башка формаларынан айырмаланып, дин «Улуу Жаратканга, келечектеги түбөлүк жашоого, пайгамбарларга, Жазууга, периштелерге жана кыйшаюусуз аткарыла турган тагдырга ишеним» катары исламдын негизин түзгөн башка принциптер менен катар убакыттын өтүшүнүн таасирине кабылган жок. Ал ошондой эле өзгөрүлгүс, универсалдуу жана таптакыр бул жалган дүйнөдөн куралган эмес».[2]

Бирок диний принциптердин спецификалык өзгөрбөстүгү диндин коомдук аң-сезимдин динге негизделбеген формаларынан толук ажыратылганын билдирбейт. Дин бардык жерде коомдук аң-сезимдин башка формалары менен кездешет. Хожа эфенди демократиялык институттардын жана алардын дин менен өз ара байланыштарына тиешелүү төмөнкүлөрдү айтат: «Динди же исламды демократия менен салыштырууда, биз демократиянын ар дайым өнүгүп, өзгөрүп турган система экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондой эле, ал пайдаланылып жаткан жерине жана шартына жараша ар түрдүү варианттарда болот. Ал эми экинчиден, дин ишенимге, Кудайга сыйынууга жана адеп-ахлактуулукка тиешелүү бузулгус принциптерди иштеп чыккан. Ошондуктан, исламдын бул дүйнөдөгү жашоого тиешеси бар өңүттөрүн гана демократия менен салыштырууга болот».[3]

Демократиялык коомдо кишилер өз эркиндиктерин акыл-эстүү пайдаланышса, ошондой учурда гана көздөгөн максаттарына жетишет. Мындай акыл-эстүүлүк коомдук турмуштун жана исламдын талаптарынын критерийлерине ылайык өз эркиндигин чектөөдө» турат. Анткени Мухаммад Пайгамбардын (с.а.с.) хадистеринде, кишилердин баары бир тарактын тиштериндей тең деп айтылат».[4]

Бак даарыган Пайгамбардын көптөгөн хадистеринде да, Ыйык Куранда да бардык диндердин жана ишенимдердин теңчилиги көп жолу белгиленген. Хадистердин биринде бул дүйнөнүн башкаруучуларына жана алдуу-күчтүүлөрүнө Улуу Жараткандын: «О, жарык дүйнөнүн султандары, башкаруучулары, жеке бийлик ээлери жана алдуу-күчтүүлөрү, силер кедейлерге, жакырларга жана кайырчыларга жардам берүүгө шашылгыла. Эгерде силер аларга жардам берүүчү колуңарды узатпасаңар, алардын Бизге ишенгенине же ишенбегенине карабастан, Биз өзүбүз аларга жардам берүүгө шашылабыз»[5] деген кайрылуусу берилет.

Исламда Ырайымдуу жана Боорукер Жараткандын табияты ушундай, анда кишилер Кудайга ишенсе да же ишенбесе да бардык кишилерди урматтап-сыйлоосу так жазылган. Ошондой эле исламдын көз карашында элдердин жана диний жамаатардын ар түрдүүлүгү баштапкы, диний жана алдын алынган болуп саналат. Мисалы, Худ сүрөсүндө: «Эгерде сенин Кудайың кааласа, анда Ал адамзатты ыймандуу бир жамаат кылмак» деп айтылат (Ыйык Куран, 11:118). Ошондой эле дүйнөнү жана адамды ар түрдүү формаларда жаратылышына байланышкан диний даанышмандык сыйдырылган башка көптөгөн аяттар бар. Кудай өзүн жаратылыш жана адамзат аркылуу билдирет, ал эми жаратылыш менен адамзат – бул ааламдын эки китеби, алардын ар бир тамгасында Кудай көрүнүп турат. Бул адамзатты, баары кудайга таандык деген ойго алып келет, ошондой эле адамзыттын өзү Кудайга таандык, ошондуктан Ааламда эч бир нерсе Ага бөтөн боло албайт. Ошентип, Анын жакшы көрүүсү, сүйүүсү жана жардамы белгилүү бир расага, адам терисинин өңү-түсүнө же этносуна жараша чектелбейт... Ислам өзүнө чейинки бардык диндерди тааныйт. Ал ар түрдүү адамдарга ар түрдүү мезгилдерде Кудай жөнөткөн пайгамбарлардын жана ыйык китептердин баарын тааныйт».

Фетхуллах Гүлен Хожа эфенди бардык диний ишенимдердин үммөттөрүнүн диалогун шарттай турган принциптердин жетегинде. Кишилердин жүрөктөрүнө жол ачкан эң башкы диний осуят: «Сүй жана сүйүктүү бол!» «Баарын Кудайга ишенген жана исламды кабыл алган кишилер менен өлчөөгө болбойт. Ошондой эле, мусулманчылыкты кандай болсо да жактырган кишилерди жана Куран Аллахтын сөзү болушу мүмкүн дегендерди, жана ардактуу Мухаммад Пайгамбар (с.а.с.) Пайгамбар болушу мүмкүн деп эсептегендерди эске алуу керек. Бул абдан маанилүү моменттер. Азыркы муундун артынан жаңы муундар келет. Силер эгерде бүгүн кишилердин арасындагы түпсүз чуңкурларды толтурбасаңар, анда эртең өзүңөрдү жана өзүңөрдүн асыл ойлоруңарды билдирүүгө мүмкүнчүлүк таба албай калышыңар ыктымал. Ушул учурга чейин бизди ар дайым түпсүз чуңкурлар бөлүп келди. Бизге каршы тарап бизге өзү биринчи келерин байоолук менен күтчүбүз, бирок андай болгон жок. Биз бул түпсүз чуңкурларды мүмкүн болушунча тезирээк жабышыбыз керек. Анткени, өткөн кылымдагы эң улуу бир ойчул айткандай: «Биздин христиан-боордошторубуз жана жүйүт-боордошторубуз жөнүндө айтпаганда да, ал тургай кудайсызды кудайсыз деп айтууга болбойт. Бул деген сыйлабастык жана тарбиясыздык эмеспи».[6]

Урматтуу Хожа эфендинин жогоруда мисалга алынган макаласы төмөнкүдөй чакырык менен аяктайт: «Келгиле, биз үчүн жалпы болгон Аллах (Ага даңктоолор болсун!) сөзүнө биригебиз. Толеранттуулук бул чектерде өнүгүшүн улантууда. Келгиле, бири-бирибизге Мухйиддин ибн Араби жана Мевлана Жалаледдин Руми өңдүү улуу гуманист-ойчулдар дөнүндө айтып берели».[7]

Хожа эфенди өзүнүн башка бир эмгегинде: «Киши эки айрылыш жолго туш келди: бир жол үмүтсүздүккө, ал эми экинчиси – куткарылууга алып барат. Кудай бизге туура тандоо үчүн даанышмандык берсин»[8] деп жазат. Бул тандоодо ал өткөндүн жана учурдун акылмандарынын арасынан шериктерин издейт. Ал кайрадан Жалаледдин Руминин ысымын эске салат: «Эгер биз адамзатка исламды Мевлана менен Жунус Эмре түшүнгөндөй жана алардын адамды сүйүү насыяттарын, диалогго умтулуусун жана өз ара сабырдуулуктарын чечмелеп бере алсак, анда баары бул сүйүүнүн, ишенимдин жана сабырдуулуктун кучагына шашылмак».[9]

Хожа эфендинин айткандарынан улам, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон «ДА» журналынын кабарчысы Женгиз Шимшекке берген интервьюсунда мындай дейт: «Мевлананын дүйнөдөн өткөнүнө 800 жылдан ашканына карабастан, ал инсанга кызыгуунун токтобогондугу кызыктуу. Азыр, адамзат Руми эмне жөнүндө айтса, аларды мурда болуп көрбөгөндөй, окууга, үйрөнүүгө жана турмушка пайдалануу керектигин баштан өткөрүүдө. Руминин колдоосу бүткүл дүйнөдө биз күбө болуп жаткан кызматташтыкты, диалогду жана өз ара урматташууну бекемдөө процессин бир кыйла ийгиликтүүрөөк кылууга мүмкүндүк берет. Мен, Мевлана – цивилизациялар арасындагы диалогдун эң көрүнүктүү жактоочуларынын бири экендигин белгилеп кетким келет. Ооба, Мевлана ар түрдүү тилдерде жазган, бирок ошентсе да, анын чыгармаларынын тили бир. Ал жүрөктүн бардык түшүнүктүү тилдеринде жазган. Жер бетинде Чыңгызхандын чоң куюну жүргөн кезде, Мевлана сүйүү, достук, боорукерлик жөнүндө жазган жана адамдарды тынчтыкка чакырган».[10]

Бангладештин Илимдер академиясынын Президенти, Түштүк-Чыгыш университетинин ректору, М. Шамсер Али мырза Хожа эфенди менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон мырзанын айткандарына өз тилектештигин төмөнкүчө билдирет: «Мевлананын жердеги жашоосу кресттүүлөрдүн жүрүштөрүнүн мезгилине туш келди (1095-1291). 800 жыл өткөндөн кийин биз Самуэл Хантингтон иштеп чыккан «цивилизациялардын кагылышуусу» теориясына каршы контексттеги Мевлананы эскеришибиз кызыктуу. Биз жооп беришибиз керек болгон суроо мындай: «Кресттүүлөр жүрүшүнүн доорунда исламдын кадыр-барктуу окумуштуусу Руми бардык диндердин өкүлдөрүнүн жүрөктөрүн кантип ээлей алган? Дагы бир суроо: «Эгерде кресттүүлөрдүн жүрүшүнүн экинчи толкуну болсо, ал Руминин окууларынын айдыңында кандай кабыл алынар эле?» Руминин чакырыгында кандайдыр бир универсалдуулук бар, туурасын айтканда, бул биздин учурда да, тагыраак айтканда, бардык кездерде биз ага кулак салышыбыз керек болгон чакырыктын универсалдуулугу».[11]

Жалаледдин Румиге багышталган бул сөздөрдүн баары сабырдуулукту бүткүл теорияларга жана философияларга киргизүү үчүн Жалаледдин Руминин диний философиясы кызмат кыла аларын күбөлөндүрөт. Диндер аралык диалогго байланыштуу Хожа эфендинин Жалаледдин Руминин инсандыгын жана ойлорун улам-улам эске салуусу, анын окуусу Руминин философиясы менен логикалык жактан байланыштуулугун айтып турат. Ошондуктан, зарылдыктын логикасы, мында биз Руминин диний философиясы менен социалдык жактан мотивдешкен маанисин кыскача баяндообузду талап кылат.

Жалаледдин Руминин убагында Кичи Азияны ар түрдүү этностук жана диний жамааттар байырлашкан. Селңжуктардын мезгилинде экономикадагы башкы орунду көбүнчө мусулмандар алектенген айыл чарбасы ээлеген. Кол өнөрчүлөр негизинен христиандар болгон. XIII кылымдын экинчи жарымында Кичи Азияны саякаттаган Марко Поло: «Шаарларда жана шаарчаларда соода жана кол өнөрчүлүк менен алектенген армяндар жана гректер жашашат»,[12] – деп жазган. Эмгекти мындай бөлүштүрүү элдердин өз ара көз карандылыгын шарттап, алардын арасында тыгыз кызматташуу үчүн реалдуу пайдубалды түзгөн. Мындай өз ара байланыш кичи азиялык башкаруучулардын мусулман эмес элдерге карата бир кыйла либералдуу саясат жүргүзүшүнө түрткү берген.

Ошол эле мезгилде ислам маданияты эллиндик негиз менен катмарланган, бул нумизматикага, архитектурага, скульптурага ж.б.у.с. таасирин тийгизген. Тирүү жандыктардын: канаттуу-куштардын, жаныбарлардын скульптуралык сүрөттөлүштөрү пайда болгон. Мбулардын баары исламдын диний-этностук чек араларынын бузулушуна жана ага бөтөн маданияттардын элементтеринин киришине алып келген.

Мусулман аалымдарынын аскер аристократиясынын кызыкчылыктарын жактоочу бир бөлүгү мусулман эмес калкка карата сабырсыздыкты насааташып, мусулмандар жана мусулман эместер арасында жек көрүүнүн жана касташуунун отун тутантышкан. Аалымдардын шаардык кол өнөрчүлөрдүн кызыкчылыктарын билдирген жана Кичи Азиянын башкаруучуларынын ички саясатын чагылдырган экинчи бир бөлүгү башка диндерге сабырдуулук кылууну жакташкан. Бул багыт Жалаледдин Руминин чыгармачылыгында бир кыйла толук берилген. Бул эки агымдын өкүлдөрүнүн арасында катуу талаш-тартыштар болгон. Исламдын фанатик бөлүгүнүн өкүлдөрүнүн куугунтуктоолоруна жана коркутууларына карбастан, Жалаледдин Руми исламды өз түшүнүгүндө насааттоону уланта берген.

Жалаледдин Руминин диний философиясы Курандын жана хадистердин (Мухаммад Пайгамбардын айткандары жана жасагандары) рационалдуу-гуманисттик түшүндүрмөлөрүнө таянат. Куранда: «Эгерде Жазуунун кишилери менен талашып-тартышсаңар, анда аны эң жакшы түрдө жүргүзгүлө. Бул алардын арасындагы акыйкат эмес иш кылгандарга таандык эмес. «Биз, бизге жөнөтүлгөндөргө жана силерге жөнөтүлгөндөргө ишендик. Биздин Кудай силердин да Кудай жана биз Ага гана багынабыз» дегиле» (Ыйык Куран, 29:46) деп айтылат. Башка диндер жөнүндө урматтоо менен айтылган аяттар Жалаледдин Румиге өзүнүн диний теориясын исламга ылайыктап негиздешине мүмкүнчүлүк берди.

Руминин ишеним түшүнүгүн изилдөөсү Кудайдын абстракттуу-логикалык маңызынан келип чыгат. Абстракттуу маңыз же маңыздардын маңызы – Кудай, сезим органдарына да, акыл-эске да кол жеткис: «Кудай чындыгы акыл-эс менен таанылгыс, кол жеткис болсо да, акыл-эс диний аяндардын жолу боюнча ар дайым аракетте болгон нерсе».[13]

Руми төмөнкүдөй дилеммага жооп берүү жоопкерчилигинин алуудан корккон эмес: Эгер Кудайды сезим аркылуу же ал тургай рационалдуу түрдө таанып-билүүгө мүмкүн болбосо, анда Кудай жөнүндөгү конкреттүү диний түшүнүктөр жана окуулар эмне болот? Кудайды түшүнүүгө болбосо, анда Ал жөнүндөгү бардык түшүнүктөр кишинин кыялдарынын натыйжасы болуп саналат. Айрым элдер гана эмес, ар бир киши Кудайды өзүнүн келбетине окшоштуруп түшүнөт. Бул ойду көркөм формага айландырган Руми «Маснави» кош ыр саптары китебинде аны койчу менен Кудайдын диалогу аркылуу билдирет:

«Кудай! Сен кайдасың? Кудайым, мен Сага өз жанымды, балдарымды, үйүмдү курмандыкка чалууга даярмын. Сен кайдасың? Мен сенин чачтарыңды тарагым келет, Сен үчүн териден жөкө чокой ултаргым келет! Мен сенин көйнөгүңдү жуугум, биттериңди сыгып өлтүргүм келет, Сага сүт алып келгим келет! Улуу даражалуум (Кудайым)! Эгер сен ооруп калсаң, мен Сени багар элем. Мен Сенин колдоруңду өөп, Сенин аяктарыңды укалагым келет, мен сенин үйүңдү шыпырмакмын. Эртели-кеч мен Сага май, сүт жана сыр, нан жана шарап, жумшак айран алып келмекмин. О, Сен менин эчкилеримди курмандыкка чалууга берчүмсүң!...», – деп айтып жаткан койчуну Муса көрүп калат. Кудайды адам түспөлүнө окшоштуруп жатканы үчүн Муса койчуну айыптап: «Сен акылыңдан адаштыңбы, – дейт Муса, – ал тургай мусулман боло элек жатып, сен эчак эле кудай безери болуп калыпсың! Бул эмне деген тантык сөз! Бул эмне деген дин безерлик жана токтоно албаган сандырактык! Сенин дин безерлигиңдин саңырсыган жыты бүт дүйнөгө тарап кетти! Сенин дин безерлигиң ишенимдин жаркыраган парчасын тамтыгы кеткен самсаалакка айлантты. Тери чокой менен чылгоо сага гана ылайык. Алар жаркырап тийип турган Күнгө ылайыкпы?».[14]

Бул баяндан улам, ар бир киши Кудайды өзүнө окшоштуруп элестетери түшүнүктүү. Руми болсо, эң башкысы – бул ишеним сезими, бирок ал сезимдин кантип билдирилиши эмес деп ырастайт: Кудай Мусага: «Сен Бизден Биздин кулубузду бөлдүң! А сен болсо, Бизди бириктирүүгө жөнөтүлгөнсүң! Сен бөлүп-жаруу үчүн кишилерге жөнөтүлгөн эмессиң! Биз ар бир кишиге өз ишенимин билдирүүнүн өзгөчө ыкмасын бердик. Ошол эле сөз анын оозунан чыкса – даңктоо, сенин оозуңдан чыкса – жамандоо. Анын оозунан чыкса – бал, сенин оозуңдан чыкса – уу. Анын оозунан чыкса – чындыктын нуру, сенин оозуңдан чыкса – тозоктун оту. Анын оозунан чыкса – жакшылык, ал эми сенин оозуңдан чыкса – жамандык. Анын оозунан чыкса – макулдук, сенин оозуңдан чыкса – баш тартуу. Мен тышкы көрүнүшүнө да, сөзүнө да карабайм. Анын оозунан чыккан сөздөр багынбас сезилсе да, Мен Кудайдан корккон кишинин жүрөгүнө үңүлөм, жүрөк бул маңызы, ал эми сөз – кокустук. Кокустук конок, ал эми маңызы – башкы максат болуп саналат».[15]

Кишилер Кудайды жүрөгү жана жан дүйнсү менен сүйүшөт, Аны урматташат. Аны жалгыз гана жакшылык кылуучу катары эсептеп, Андан жакшылык жана ырайым күтүшөт. Жан дүйнө менен мындай түшүнүү эч кандай аталышка ээ эмес. Бирок бул сезимдер сөз формасына айланганда, түшүнүктөр жакшы менен жаман, жакшылык менен жамандык, ишеним жана ишенбестик сыяктуу бири-бирине карама-каршы боло баштайт. Мындан улам кишинин кудай жөнүндөгү элестетүүсү иллюзиялардан турат деп айтууга болот. Бул иллюзиялар өтмө, өзгөрүлмө, туруктуу эмес. Киши Кудайды улам сайын башкача элестетет. Кишилер өздөрүнүн түшүнүгүндөгү Кудайды иши кылып түшүндүрүүгө аракет кылышканда, алар Кудайдын образын пайда кылган элестетүүнүн кандайдыр бир учуруна токтолушат. Элестетүүнүн бир көз ирмеми башка көз ирмемине бир түшүнүк менен экинчи бир түшүнүк катары карама-каршы коюлат, бул болсо диний касташууга алып келет, түпкү маанисинде, алар бирдиктүү бир процесстин – диний элестетүүнүн ар кайсы учурлары болуп саналат. Ошентип, ар түрдүү диний уставдардын өкүлдөрү бири-бири менен маңыз үчүн эмес, ысымдар үчүн кармашышат.

Эгерде жогоруда айтылгандарды кыскача айтсак, анда коомдук мамилелерди гумандаштыруу процессинде Түркиядагы теориялык ойлор исламдын таралышынын эки этабы аркылуу жүргөндүгүн айтууга болот.

Биринчи этап Мевлананын көзү тирүүсүндөгү мезгил, ал кезде бир катар социалдык жана идеялык факторлордон улам элдердин маданий интеграцияланышы тарабына карай жылыштар болгон, анда Жалаледдин Руминин диний теориялары турмушка ашырылган. Экинчи тап учурдагы ойчул Фетхуллах Гүлендин ысымы менен байланыштуу, ал толеранттуулук идеясын бир кыйла масштабдуу жүргүзө алды жана мектептердин, институттардын, университеттердин тармактарынын, гезиттердин, сыналгынын жана маданий-массалык мекемелердин дагы башка формаларынын жардамында аны турмушка ашыра алды.

Мындай мекемелердин баарынын турмуштук урааны: «Канчалык мүмкүн болушунча, өз кучагыңды баарына кенен ач. Кучагың океандан кененирээк болсун. Ишеним менен аралап өтүп, адамга карата сүйүүнү сез жана жарык дүйнөдө сен өз колуңду созбогон бир дагы муңдуу жүрөк калбасын».

Атактуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Фетхуллах Гүлендин маданий-агартуучулук ишмердүүлүгүн төмөнкүчө мүнөздөгөн: «Фетхуллах Гүлен эл алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, мамлекеттин бекемдиги бекем үй-бүлөгө жараша, ал эми үй-бүлөлүк тартип үй-бүлө мүчөлөрүнүн моралына жана туруктуулугуна жараша болорун айткан. Ошондуктан Гүлен мырза өзүнүн сөздөрүндө тарбиялоону жана билим берүүнү өзгөчө айырмалап көрсөтөт. Ал, социалдык 3 дарт бар деп эсептейт:

1) Кедейлик;

2) Түркөйлүк;

3) Жаңжал атмосферасында өзүнүн көз караштарын жактоо зарылдыгы».

Хожа эфендинин артыкчылыгы түркөйлүк менен күрөшүү болуп саналат. Ал өзүнө азыркы окуу жайларынан берилген учурдагы илимий билимге ээ болгон, жогорку моралдын принциптерин тутунган, кайрымдуумуунду тарбиялап чыгарууну максат кылат. Анын кыялы – өзүнүн гана элин эмес, бүткүл адамзатты сүйгөн муунду тарбиялоо. Ал, маданияттар аралык диалог согуштарды жоюп, Жердеги бекем тынчтыктын негизи боло алат деп эсептейт. Ишкерлер анын насыяттары боюнча аларга тааныш эмес тармак болгон билим берүүгө инвестицияларды бөлө башташты. Кыска мөөнөттүн ичинде бул мектептер билим берүүдө жогорку сапаты менен өздөрүнө көңүл бурдуруп, улуттук жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды жеңип ала башташты. Бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү абдан престиждүү университеттерге тапшырып, өтө башташты жана өздөрүнүн жогорку адеп-ахлактуулугу менен жалпынын сүймөнчүгүнө ээ болушту. Бул мектептердин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү университеттерди аяктап, өздөрүнүн мектептерине иштөөгө кайрылып келишти.

Хожа эфенди жазган китептеринин автордук калем акысын муктаж болгон окуучуларга жана студенттерге стипендия катары таратып берет. Ал ишкерлерден, мамлекеттик кызматкерлерден жана жумушчулардан окуучулардын окуусун стипендия мене колдоо көрсөтүүнү өтүнөт. Көп кишилер Гүлен мырзанын кеңештерин угуп, дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчтарында мектептерди ачышкан. Өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап, коңшу өлкөлөрдүн бул билим берүү кампаниясына кошулууну каалаган өтүнүчтөрү боюнча ошол өлкөлөрдө мектептер жана университеттер ачыла баштады.

Бул өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин колдоосу жана түздөн-түз жардамы менен ачылган жалпы билим берүүчү мектептерде гуманитардык жана техникалык предметтерди окутуудан тышкары социалдык иш-чараларга жана окуучуларды илимий олимпиадаларга даярдоого көңүл бурушат. Бул мектептердин окуучулары илимий олимпиадаларда гана эмес, спорттук мелдештерде да өздөрүнүн өлкөсүн сыймык менен таанытышат.

Билим берүү идеясы

Оклахома университетинен профессор Том Бойд Фетхуллах Гүлендин билим берүү идеясына төмөнкүдөй баасын берет: «Бул билим берүү жогорку адеп-ахлактуулуктун универсалдуу баалуулуктарына жана принциптерине негизделген. Мында жөн гана окутушпайт, балдарга тарбия берүү кандай болушу керектигин жашоодо өздөрүнүн мисалында көрсөтүшөт».[16]

Бул түрк мектептеринде тарбияланган жаш адамдар тышкы дүйнө менен оңой эле байланыш түзбөстөн, өөз кишидей эле дүйнө жарандары боло алышат. Муну менен бирге алар улуттук ар-намысты сакташып, өз өлкөлөрүн сүйүшөт, башка маданияттарды урматташат жана жогоку адеп-ахлактуулук менен өзгөчөлөнүшөт.

Мен совет мектебинин мурдагы окуучусу жана мугалими катары улуттук жана улуттар аралык биримдик жөнүндө бизге канчалык айтылганы эсимде, бирок ал, тилекке каршы көбүнчө сөз бойдон калып калды. Анткени, жалпысынан, жакшы билим берген мектептерде тарбия берүү саясатташтырылган эле. Тарбия берүүнүн өзөгү социалисттик мамлекеттин моралдык-саясий негиздерин пропагандалоого барып такалып, көп улуттуу империя болгон Советтер Союзунун улуттук салттуу моралына таптакыр ылайык келген эмес. Ошондон улам совет бийлигинин кулашы менен бул мораль таңкы шүүдүрүмдөй бууланып, жок болду.

Буга окшогон саясатташтырылган моралдан айырмаланып, Фетхуллах Гүлендин ысымы менен байланышкан мектептер жарандык коом менен тыгыз байланышта болуп, саясий, диний жана расалык өзгөчөлүктөрдөн көз карандысыз түрдө «баарына өз кучагыңды кенен ачкын» принцибинин негизинде иш алып барат.

Бул мектептердин жашоого жөндөмдүүлүгүн профессор В.И.Шеремет кыскача билдирген: «Гүлен мырзанын ой жүгүртүүсүнүн планетардуулугу динди саясий максаттарда пайдалануудан баш тартуусунда жана ага ылайык, билим берүүнү саясатташтыруудан баш тартуусунда турат».[17]

Орусия Федерациясынын Муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин бул мектептердин маанисин мындай деп баалайт: «Дүйнөдө ынтымак болуш үчүн, толеранттуулук болуш үчүн, Фетхуллах Гүлен, окуучулар башка маданияттарды, башка диндерди урматтоонун духунда тарбияланышын талап кылат. Анын билим берүүнү өнүктүрүү жана билим берүү процесси боюнча ой-кыялдары Батышта да колдоого алынат. Зор толеранттуулукту тарбиялай турган мындай мектептер Америкада, европалык өлкөлөрдө канчалык колдоого алынып жатканын көрүп жатабыз. Толеранттуулук гана экстремизмге туруштук бере алат».[18]

Бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү жакшы билим гана албастан, дүйнөнүн бардык элдеринин этикалык жана эстетикалык эң мыкты идеалдарын кадырлап-сыйлаган, үлгүлүү жарандардан болушууда. Алар Жер бетинде тынчтыктын чыныгы жактоочулары болушат. Женева университетинен профессор Пьер Монтендон: «Дүйнө коопсуздугуна бул мектептердин салымы өтө зор болот жана бул сөзсүз түрдө туура бааланышы керек деп ойлом»,[19] – дейт.

Чындыгында, Фетхуллах Гүлен окутуу менен катар, окуучуларды дүйнө коомчулугунун учурдагы талаптарынын духунда калыптандыра турган тарбияга зор көңүл бурат. Дүйнө глобалдашууда, бул бүт баары бир кыйла глобалдашып бараткан дүйнөдө баары бири-бири менен коңшу болуп калышат. Ошондой эле улуттук өз алдынчалуулукту жана жеке индивидуалдуулукту сактоо менен катар, бул коңшулар менен бирге жашоонун жолдорун азыртан эле издей баштоо зарыл».[20]

Фетхуллах Гүлен бул максатта Рим Папасы Иоанн Павел II менен, Грек православиелик чиркөөсүнүн башчысы Патриарх Варфоломей менен, Түркиянын башкы раввини Давид Асео менен, башкы сефард раввини Израиль Элияху Бакши Дорон менен, Нью-Йорктун мурдагы архиепископу, кардинал Иоанн О’ Коннор менен жекече жолугушкан. Жогоруда аты аталган бардык инсандар бүтүндөй бир элдердин рухий устаттары болуп саналышат. Ошондой эле элдер бири-бири менен өздөрүнүн мындай рухий устаттары аркылуу байланышка киришет. Бул жолугушуулар мусулман дүйнөсүндө да достуктун белгиси катары кабыл алынган.

Фетхуллах Гүлендин дүйнөсү абдан бай жана ар түрдүү. Ал дүйнөлүк маданияттын синтези катары кызмат кылат. Анын эс тутуму дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктери менен байыган. Ал дүйнөлүк маданият казынасына зор салымын гана кошпостон, бул казынаны өзүнүн жеке маданиятын байытуу жана кеңейтүү үчүн да пайдаланат. Натыйжада ал инсан жер шарынын башка элдери үчүн бир кыйла суктанарлык болуп калды. Мындай өз ара тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттешүү процессинде ал анын өзү сыяктуу боорукер ниеттеги өзүнүн пикирлештерин бардык жерде кезиктирет. Анын мындай шык-жөндөмүнө Пушкин, Достоевский жана Толстой жана башкалар сыяктуу орус акын-жазуучуларынын чыгармалары зор таасирин тийгизген.

Бул инсандар өздөрүнүн ички дүйнөсү боюнча дүйнөлүк маданиятты турмушка ашыруучулар болуп саналышат. Ошондой эле алар чыгыш маданиятын да өздөштүрүшкөн. Фетхуллах Гүлен орус маданияты менен гана эмес, ал көптөгөн башка элдердин маданияттары менен да тааныш. Ошондуктан Хожа эфендинин чыгармачылыгы евроазиялык маданияттын синтези жана квинтэссенциясы катары кызмат кылат. Анын демилгеси менен тиешелүү органдары жана коммуникация каражаттары бар «Евразия Диалогу» эл аралык Платформасы уюштурулгандыгы кокустан эмес. Анын «ДА» журналынын жана башка басылмалардын беттеринде ар түрдүү маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө көмөктөшүүчү макалалар жана материалдар жарыяланат.

Фетхуллах Гүлен адам катары, кырсыкка дуушар болгон ар бир кишинин жана элдин муңуна муңдаш. Мындай кырсыкты ал жеке өзүнүн кырсыгындай кабыл алып, аларды жүрөгүнүн тереңинде кайгырат. Муңуна муңдаш болуу анын мүнөзүнүн белгиси болуп саналат. Жер шарынын касы гана булуң-бурчунда болгон ар кандай трагедияга карата, ал өзү сөзсүз түрдө көңүл айтат. Бул айтылгандардын күбөсү катары Беслан шаарындагы террорчул актынын натыйжасында күнөөсүз балдардын жана чоң кишилердин өлүмүнө байланыштуу анын көңүл айтуусун толук бойдон мисал келтирүүнү зарыл деп эсептейбиз.

«Террорчул акциялардын баары тынчтыкка жана ынтымакка абдан оор сокку урат. Алардын бири да, кандай себептен жана кандай максатта ишке ашырылганына карабастан, таптакыр колдоого алына албайт.

Террор, баарынан мурда, эң ыйык жана ааламдагы баа жеткис байлык болуп саналган адам өмүрлөрүнө коркунуч алып келет, бул өмүрлөрдү жок кылгандай эле, коомдогу ишенимди да жок кылат. Террор – жер бетинде адамдардын эң бир жапайы иши жана бир дагы дин, бир дагы логика, бир дагы дүйнө караш муну актоо үчүн ушунчалык пастык кылган эмес.

Аллах үчүн адам өмүрү абдан маанилүү. Аллах аны, ошону менен катар Ал жөнөткөн диндин жардамында сактоо керек болгон чыныгы баалуулуктардын бири деп эсептейт. Бул себептен улам, террор кандайдыр бир боштондук күрөшүнүн формасы да, кандайдыр бир диний максатка жетишүүнүн каражаты да боло албайт Мусулмандар тынчтыктын жана ынтымактын гана символу болушу керек. Террорчу мусулман боло албайт, ал эми мусулман киши – террорчу боло албайт.

Соңку жылдардагы коркунучтуу террорчул акциялар ошол аймактарга гана эмес, биздин бүткүл планетабыздын тынчтыгына сокку урду. Ошондуктан, мен Орусиянын курамына кирген Түндүк Осетияда болгон окуяларды дагы бир жолу жек көрүү менен айыптаймын, аны ким жана кандай максатта кылса дагы, мен кайрадан эле террорго каргыш айтам.

Барымтага алынган кишилерди бошотуунун натыйжасында башталган атышуулардын убагында өз жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Наристелердин аталарына жана энелерине, коңшу Орусия Федерациясынын жетекчилигине жана элине жаракат алгандардын баары тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм жана алардын кайгысын тең бөлүшөм».[21]

Мухаммед Фетхуллах Гүлен
02.09.2004


[1] http://ru.fgulen.com/content/view/1922/20/
[2] Ошондо.
[3] Ошондо.
[4] Ошондо.
[5] Субхати сахаба. Пакистан. Чыгарылган жылы көрсөтүлган эмес, 38-б.
[6] Нурия Акман, Заман, 2004, 30-март.
[7] Ошондо, 19-б.
[8] Ошондо.
[9] Ошондо.
[10] «ДА» журналы, № 27, 14-б.
[11] «ДА» журналы, № 27, 22-б.
[12] Нодир Одилов. «ДА» журналы, № 26, 15-б.
[13] Одилов Н. Мировоззрения Джалаледдина Руми. – Дүйшөмбү: «Ирфон», 1974, 20-23-б. (орус тилинде).
[14] Ошондо, 23-б.
[15] Ошондо.
[16] «ДА» журналы, № 28, 84-87-б.
[17] Ошондо.
[18] Ошондо.
[19] Ошондо.
[20] Ошондо.
[21] Ислам о терроре. – Москва, 2005, 16-б.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2020 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.