Билим берүүнү колдоо - Гүлен перспективасы

Биз проектини ишке ашырууда адам баласынын эркине байланышкан максат коюудан баштап, аны ишке ашыруунун жол-жоболорун, принциптерин тандоо, чыга турган тоскоолдуктарды эске алуу жана жете турган натыйжаны туура анализдөө сыяктуу комплекстүү мамиле керек. Ал эми маанилүү, көлөмдүү иштерди иш жүзүнө ашырууда адамдын ишмердүүлүккө мотивациясы, чебердиги жана сабырдуулугу өтө маанилүү фактор болуп эсептелет.

1991-жылы Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон тартып 20 жылдын ичинде көптөгөн жаңыланууларга жана өзгөрүүлөргө күбө болуп келебиз. Тилекке каршы,ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, бир топ маанилүү проекттер, патриот, билимдүү адамдардан билим-илим жаатындагы эң сонун демилгелери, идеялары өлкөбүздүн экономикалык абалынан, айрым субьективдүү себептерден улам ишке ашпай келет. Экономикалык, финансылык көз карандылык коомдун түркүгү болуп эсептелген маданият, билим берүү сыяктуу тармактардын айрыкча кендерин кесүүдө. Экономикалык кризис күчөп, ааламдашуу процессинин арааны жүрүп турган ушул оор шарттарда келечек муундарды тарбиялоодогу улуттук идеологиябызга шайкеш келтирип талдап алуубуз зарыл.

"Бир улуттун келечеги тууралуу сөз айткың келсе, ал улуттун жаштарына берип жаткан таалим-тарбиясын карагыла" - дейт улуу ойчул, аалым, педагог Фетхуллах Гүлен. Билим-тарбия берүүдөгү улуттук идеологиябыздын так эместигинен дагы, билим-берүүгө мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөгөндүгү проблемаларды көбөйтүүдө. Бир жылдын ичиндеги билим берүү тармагына бөлүнгөн акчанын дүйнөлүк деңгээлден, жакынкы жана шериктеш өлкөлөрдөн кыйла төмөн экендиги жашыруун эмес. Билим берүүгө 132 мамлекеттин ичинен Кыргызстан ИДПнын 3,1% бөлүү менен 104 орунда турат. Украина 5,4% 45 орунда, Россия болсо 3,8% 88 орунда. Дүйнөнүн орточо коэфициенти 4,9% түзүп, биздики төмөн экендигин билдирет.

Билим сапаттуулук бир гана материалдык камсыздоого байланыштуу эмес деп, башка болгон факторлорду атаганыбыз менен, бүгүнкү күнү мамлекеттердин билим берүүгө бөлгөн бюджеттери билимдин сапатына түздөн-түз байланыштуу экендигин көрсөтүп жатат. Мисалы дүйнө жүзүндө мамлекеттердин билим деңгээлин аныктоо үчүн ОБСЕ тарабынан курулган PISA сынактары (Programme for International Student Assessment) жалпыга маалым. Программада окуучулардын жалпы окуп-түшүнүү компетенциясын, математикалык билимдерин жана табыгый билимдер боюнча билгичтиктерин аныктоо жүргүзүлөт. Бул программа боюнча 2000-2015-жылдардын аралыгында 3 жылда бир сынак өткөрүү пландалган. PISAга катышуучулар: 2000-жылы 32 мамлекеттен 180 000 окуучу, 2003-жылы 41 мамлекеттен 250 000 окуучу, 2006-жылы 57 мамлекет 400 000 окуучу, 2009-жылы 69 мамлекет 470 000 окуучунун тегерегинде катышкан. Ал эми эң алдыңкы жетишкендиктер төмөндөгүдөй:

Жогорудагы натыйжаларды карап көрсөк Финландия, Түштүк Корея жана Канаданын мыкты көрсөткүчтөрүнө күбө болобуз. Анткени жогорку көрсөткүчтөрдөгү өлкөлөр педагогикалык туура багыттарды тандап алышкан. Буга кошумча бул өлкөлөрдүн билим берүүгө болгон бюджеттери жогору. Мисалы: Канаданын билим берүүгө бөлгөн бюджети (2010-2011-жылдары) 2.4 миллиард АКШ долларын )түзөт. Демек, ийгиликке жетүүдө сөзсүз заманбап жабдыктарга жана материалдык жактан мектептерди, мугалимдерди колдоого алууга көп көңүл буруубуз абзел.

Ал эми тарыхка бир кылчайып сереп салып көрсөк 20-кылымда майда чон жалпысынан 250 согуш катталып,болжол менен 110 миллион адам курман болгон.20- кылымдын башында башталган биринчи дүйнөлүк согушка 20 мамлекет катышып, 10-миллионго жакын адам өлүп, согуш майдандар эле эмес,жалпы граждандык жашоо тилкелерине да зыяны тийген. Тарыхтын эң оор согушу 2-дүйнөлүк согушка 110 миллион адам катышып, 27 миллиону фронттто,граждандык карапайым элден 25 миллиондун тегерегинде адам набыт болгон, Германияда 1,5 миллион үй кыйрап, 7,5 миллион адам үйсүз калса ,СССРде 6 миллион уй кыйрап,1700 шаар жана шаарча ,70 000 айыл- кыштак жапа чеккен. 1990-2000-жылдардын аралыгында дүйнөнүн 44 чекитинде 56 куралдуу кагылыш болуп өткөн.

ХХ кылымдын кандуу жана эбегейсиз кагылышууларынын натыйжасында төмөндөгүдөй материалдык чыгашалар келип чыккан.

1- дүйнөлүк согуш 2 триллион 850 милиард АКШ доллары.
2- дүйнөлүк согуш 4 Триллион АКШ доллары.

Корея согушу 340 миллиард АКШ доллары.
Кувейт согушу 13 миллиард АКШ доллары.
Вьетнам согушу 720 миллиард АКШ доллары
Израил-Араб согушу 21 миллиард АКШ доллар
Афганистан согушу (1979-1989) 116 миллиард АКШ доллары
Иран-Ирак согушу 150 миллиард АКШ доллары

Бул жүз жылдыкта куралданууга жумшалган акча өтө көбөйүп, 2002-жылы дүйнөнүн аскердик бюджети бир триллион долларга жеткен. Ал эми азыркы учурда 1.2 миллиард адам күнүмдүк 1 доллардан төмөн кирешеси бар. 113 миллион баланын мектепке барууга, билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. жыл сайын болжол менен 11 миллион өспүрүм балдар начар шарттардын жана жокчулуктун кесепетинен курман болууда. Ушул эле жетишсиздиктин айынан ар бир кырк сегизинчи төрөлгөн наристеден бирөө өлүү төрөлөт.

Жогорудагы кейиштүү факиыларды карап туруп бир жагынан капа болсоң, бир жагынан булардын ичинде Кыргызстандын да үлүшү жок эмес деп ойлойсуң.

Ошол эле 2-дүйнөлүк согуш, Афганистан коогалаңы, күнүмдүк 1 доллардан төмөн киреше, жакырчылыктын айынан билим ала албагандар бизге да таасирин тийгизбей койбойт.

Мындай опурталдуу натыйжаларга барбаш үчүн өлкөбүз билим берүүнүн сапатына өтө басымдуу көңүл бурушу абзел. Менин оюмча, жалпы эле ар тармактын кызматкерлери мамлекеттин капчыгын карап, казынадан бөлүнгөн акчаны карап отура берсек дурус болбос. Ыйлабаган балага эмчек берилбейт демекчи, айрыкча ар бир билим берүү мекемеси кошумча булактарды издөөбүз зарыл. Тилекке каршы, кошумча булак десе эле чет жактан келген долбоорлорду ойлогонубуз күнүмдүктүн оокаты. Баарынан да бул долбоорлордун артында кандай идеологиялар жатканын туура талдаганыбыз дурус. Өткөндө бешинчи каналды көрүп отуруп, йегова өкүлдөрүнүн кээ бир интернаттарды карамагына алып, өз агымын жайылтып жаткандыктары зээнди кейитти. Элет жергесинде жакшы адат бар ашар деген; айылда чоң иш болсо жапа тырмак калайык кол кабыш кылып ынтымак менен бүтүрүп алышат, демек, биз да адам баласына берилген биргелешүү, жардамдашуу сыяктуу жакшы сезимдердин жолун таап, ишмердүүлүктүн жолун издейли. Мисалы менин туулуп өскөн айылым Ат-Башыда бир мектеп салынып, же бир мектеп ремонттолуп, "Дордой" ассоциациясы баланча, "Замандаш" ассоциациясы түкүнчө бериптир десе сүйүнүп калам. Эл ичинде жетим, жесирлер, майыптар, жетишпеген үй-бүлөлөр менен катар колунда барлар. Байлыгын кайда жумшаарын билбеген бай адамдар да көп. Ошондуктан жардам берүү, кам көрүү, элге кызмат кылуу деген көрүнүштү спонтандуу эмес, туруктуу абалга келтирип, жалпы элдин аң-сезимине жеткиргенибизде көп пайдасы болмок эле. Мисалы: И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин алалы. Уландысы келерки санда.

И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Униветситетинин аспиранты, "Саманийолу Анкара" лицейинин окутуучусу Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.