Сабыр кылууга, диалог аркылуу сүйлөшүүгө үндөгөн инсан

Эл аралык "Руханият" ассоциациясы 27-февралда "ВЕФА борборунун" Чоң жыйындар залында "Жусуп Баласагындан Фетхуллах Гүленге чейинки толеранттуулук жана диалог маселелери" деген аталышта конференция өткөрдү. Жыйындын катышуучулары адегенде Фетхуллах Гүлен тууралуу фильм көрдү, анда бул инсандын азыркы ааламдашуу агымындагы орду, руханий лидерлиги тууралуу мурдагы Рим Папасы Иоанн Павел II, Түркия межилисинин экс-спикери Б.Арынч, жазуучу Ч.Айтматов, чыгыш таануучу аалым-академик Р.Рыбаков, Орусия мусулмандарынын муфтийи Р.Гайнутдин ж.б. дүйнөлүк кадыр-баркы жогору турган кишилер өз пикирлерин, ойлорун ортого салышты.

Фетхуллах Гүлен АКШдагы 11-сентябрь окуясында журналисттер менен атайын баарлашууларды өткөрүп, ислам дининде адамды өлтүрүү - террорчулук жок экендигин жана бул кылмыштарды дин менен байланыштыруу туура эместигин кайра-кайра айткан.

"Руханият" ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов өз кириш сөзүндө Фетхуллах Гүлендин идеясы менен ачылган билим берүү мекемелери, мисалы, Түркиядагы "Саманчы жолу", Кыргызстандагы "Себат" ж.б. дүйнөлүк деңгээлде бүтүрүүчүлөрдү даярдап жаткандыгын айтуу менен Фетхуллах Гүлен 45 илимий-популярдуу китеп жазгандыгын, ыр жыйнактарын чыгаргандыгын, анын жүздөн ашык ыры музыкалаштырылгандыгын, сүйлөгөн сөздөрү аудио, видео менен элге көп нускаларда тарап жаткандыгын айтуу менен ал мамлекет башчылары, дин ишмерлери жана ким менен болбосун сүйлөшкөн учурда диндерди урматтоого, толеранттуулукка, гуманизмге чакырып келерлигин белгиледи.

КРдин Маданият жана маалымат министри Султан Раев толеранттуулук, сабырдуулук маселелерин талкуулап жаткан бүгүнкү күндө бул маселе өтө керектигин, чоң конфликттерди диалог аркылуу чечүү зарылдыгын, муну болсо бизге Жусуп Баласагын жана Фетхуллах Гүлен сыяктуу кишилер ибараттаганын айтып кетти.

"Диалог Авразия (ДА)" платформасынын теңтөрагасы, Түркиянын журналисттер жана жазуучулар фондунун башчысы Харун Токак мырза Фетхуллах Гүлен аркылуу түрк ааламы дүйнөгө чоң жылдыздардын бирин бергендигин, ал кишинин идеясы аркылуу Чыгыш менен Батышта динине, тилине, түсүнө карабай 110дон ашык мамлекетте лицейлер ачылгандыгын, бул улуу инсандын айтканын түшүнсөк, турмушка ашырсак, келечекте дагы да жакындап, бири-бирибизди терең түшүнөт элек деди.

Орусиянын "Родина" журналынын шеф-редактору Т.Филиппова "ДА" платформасынын түзүлүшүндө эки руханий лидерлер Ч.Айтматов жана Ф.Гүлен башында тургандыгын белгилеп, Фетхуллах Гүлен сопулук салттарга жакын экендигин, өзгөчө Мавлана Жалалиддин Руми менен көп жагынан идеялаштыгын көрсөткөнүн айтып кетти.

Конференцияда Түркиядан келген окумуштуулар Мармара университетинин профессору Абдулазиз Хатиб, Сивас университетинин профессору Энбия Йылдырым, Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун координатору Фарух Тунжер менен бирге эле кыргыз аалымдары Аскарбек Беделбаев, Асан Ормушев, Аскар Какеев улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Фетхуллах Гүлендин ортосундагы жакындыктарды, алардын сабырдуулук, адамгерчилик идеяларын көтөргөндүгүн, бул ойлордун азыркы доордогу мааниси жогору экендигин көрсөтүштү.

Эл аралык "Руханият" ассоциациясы Фетхуллах Гүленге 2004-жылы "Элдердин ортосундагы тынчтык жана кызматташтык үчүн" деген сыйлыгын тапшырган. Ал эми бул жыйынды да эң биринчи болуп, бардык өлкөлөрдөн алдын биздин өлкөдө дал ушул "Руханият" өткөрүп жатат. Ассоциациянын президенти А.Токтосартовдун айтуусунда конференциянын материалдары үч тилде китеп болуп чыгат, ошондой эле Фетхуллах Гүлендин чыгармаларынын бир томдугу кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат.