Ысык-Көлдө түрк тилдүү ойчулдардын насааттары эскерилди

Каракол шаарындагы Касымаалы Жантошев атындагы драмалык театрында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Махмут Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети жана Эларалык "Диалог Евразия" платформасы биргелешип уюштурган "Түрк тилдүү ойчулдардын акыл жана насааттары" деген аталышта илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйындын ачылышында уюштуруучулар тарабынан М.Кашгари, Калыгул акын, К.Тыныстанов, академик Сатар Ильясов жана Фетхуллах Гүлендин чыгармачылыгынын негизинде көргөзмө даярдалып, ушул конференциянын уюштуруучуларынын бири болгон "Диалог Евразия" платформасынын жаралуу идеясы жана негизги принциптери тууралуу документалдуу видео тасма көргөзүлдү.

Аталган илимий-практикалык конференцияда Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинине караштуу Улуттук Маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боромбаев, "Диалог Евразия" платформасынын Кыргызстандагы жетекчиси Мустафа Башкурт жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор Алымбай Токтосопиев ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.

Конференциянын жүрүшүндө анын негизги темасы болгон түрк ойчулдарынын насааттарын чагылдырган белгилүү окумуштуулардын докладдарына орун берилди. Байыркы түрк элдеринин табылгыс сөздүгү "Түрк сөздөр жыйнагы" аттуу эмгектин автору М.Кашгари тууралуу М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору, профессор Асан Ормушев илимий докладын окуду. Түрк урууларынын ичинен суурулуп чыккан чыгаан тилчи, акылман ойчул, дасыккан тарыхчы Махмуддун жалгыз кол жазмасы өтө баалуу эмгек катары дүйнөлүк түрк изилдөөчүлөрүнүн назарын буруп, ар кыл иликтөө иштерин жүргүзүүгө себепкер болуп келгендигин белгиледи. Залкар аалымдын калтырып кеткен улуу мурасын аздектеп окуп үйрөнүү, терең иликтөө, ата-бабабыздын байыркы тилин, тарыхын, маданиятын барктоого жасалган аракети катары белгилеп, улам кийинки муундардын жүрөгүндө бекем сакталышы керектиги туурасындагы ою менен бөлүштү.

Улуттук Илимдер Академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы, профессор Аскар Беделбаев кыргыз коомчулугуна жаңыдан таанылып жаткан гуманист, ойчул Фетхуллах Гүлен тууралуу ойлорун бөлүшүп, анын маданияттар ортосундагы ынтымакка жана жаш муундардын билим алуусуна кошкон салымын белгилеп кетти. Татыктуу муунду тарбиялоо каражатты талап кыларын түшүнүп, китептеринен түшкөн каражатты окуучуларга стипендия кылып бергендиги мунун далили экендигин айтты. А.Беделбаев Ф.Гүлендин биздин доордун үч "оорусу" тууралуу баяндады. Алардын биринчиси - "түркөйлүк", "билбегендик", мындан чыгуунун жолу - "билим". Экинчи оору - "жакырчылык", андан чыгуунун жолу - "социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды" ачуу. Үчүнчү оору - "дискриминация", бул бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - "сабырдуулук жана диалог" экендигин кыргыз ойчулдарынын мисалында салыштырмалуу терең баяндама курду.

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, тарыхчы Таалайгүл Эшиева XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын кыраакы жана көрөгөч даанышман Калыгул Бай уулунун акыл-насааттарына токтолду. Заманчынын ырларындагы санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптарын чагылдырып өттү.

Мамлекеттик сыйлыктын ээси, кыргыз илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, академик Сатар Ильясовдун кыргыз элинин байыркы маданиятын, акылман адамдардын жазып кеткен акыл-насааттарын иликтөөдөгү эмгектери туурасында М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ага окутуучусу, аспирант Рыскүл Усенова баяндады.

Илимий конференциянын жыйынтыгында конференциянын катышуучулары төмөндөгүдөй сунуштары менен ой бөлүштү. Анын бири М.Кашгари-Барсканинин эстелигин байыркы Барскоон шаарында тургузуу болсо, экинчиси түрк ойчулдарынын акыл-насааттарын жаштар арасында бекемдөө максатында орто мектептерде иш-чараларды жайылтуу тураалуу сунуш киргизилди.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.