Фетхуллах Гүлен - азыркы доордун улуу ойчулу, гуманисти

Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле каралашып, сыртта иштеген эмес. Фетхуллах жашынан эң мыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып, арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз даражасына жеткен. 1955-жылы он төрттөгү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз айлына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү. Түркиянын жана дүйнөнүн мамлекет башчылары менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн кезде азыркы адамдарды адептик жактан таза бойдон кармоонун жана өлкөлөрдү, диндерди ынтымактуу сактоонун проблемаларын көтөрдү. Ал биздин доордун үч "оорусун" жана алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси - "түркөйлүк", "билбегендик", мындан чыгуунун жолу - "билим". Экинчи оору - "жакырчылык", андан чыгуунун жолу - "социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды" ачуу. Үчүнчү кесел - "дискриминация", бул бардык кон- фликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - "сабырдуулук жана диалог".

Фетхуллах Гүлен ушул багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын жазган, 500дөн ашык конференцияларды жана семинарларды өткөргөн, өз багытын, өзүнүн колдоочуларын тапкан. Анын ойлорун дүйнөлүк коомчулук дыкаттык менен үйрөнүп келет, мисалы, 2008-жылы 15-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Махатма Ганди менен Фетхуллах Гүленге байланыштуу конференция уюштурса, 12-февралда 250 миң нуска менен чыккан "Известия" газетасы анын бейнесин ар тараптан ачып берген П.Иноземцевдин "Фетхуллах Гүлен деген ким" аттуу макаласын жана "Аялдар аскерий адам да, дарыгер да болушу мүмкүн" деген маектешүүсүн баскан.

Фетхуллах Гүлен ден соолугуна байланыштуу (жүрөк антиопатиясы) 1999-жылдын 21-мартынан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер, кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.