«Руханият» аздектеген руханий лидер

Эл аралык «Руханият» ассоциациясы 27-февралда «ВЕФА борборунун» Чоң жыйындар залында «Жусуп Баласагындан Фетхуллах Гүленге чейинки толеранттуулук жана диалог маселелери» деген аталышта конференция өткөрдү. Жыйындын катышуучулары адегенде Фетхуллах Гүлен тууралуу фильм көрүштү. Тасмада бул инсандын азыркы ааламдашуу агымындагы орду, руханий лидерлиги тууралуу мурдагы Рим Папасы Иоанн Павел II, Түркия межилисинин экс-спикери Б.Арынч, жазуучу Ч.Айтматов, чыгыш таануучу аалым-академик Р.Рыбаков, Орусия мусулмандарынын муфтийи Р.Гайнутдин жана башка дүйнөлүк кадыр-баркы жогору турган кишилер өз пикирлерин, ойлорун ортого салышкан.

«Руханият» ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов өз кириш сөзүндө Фетхуллах Гүлендин идеясынын негизинде ачылган билим берүү мекемелери, мисалы, Түркиядагы «Саманчы жолу», Кыргызстандагы «Себат» жана башка дүйнөлүк деңгээлде бүтүрүүчүлөрдү даярдап жаткандыгын айтуу менен Фетхуллах Гүлен 45 илимий-популярдуу китеп жазгандыгын, ыр жыйнактарын чыгаргандыгын, анын жүздөн ашык ыры музыкалаштырылгандыгын, сүйлөгөн сөздөрү аудио, видео менен элге көп нускаларда тарап жаткандыгын айтуу менен ал мамлекет башчылары, дин ишмерлери жана ким менен болбосун сүйлөшкөн учурда диндерди урматтоого, толеранттуулукка, гуманизмге чакырып келерлигин белгиледи.

КРнын Маданият жана маалымат министри Султан Раев толеранттуулук, сабырдуулук маселелерин талкуулап жаткан бүгүнкү күндө бул маселе өтө керектигин, чоң конфликттерди диалог аркылуу чечүү зарылдыгын, муну болсо бизге Жусуп Баласагын жана Фетхуллах Гүлен сыяктуу кишилер ибараттаганын айтып кетти.

«Диалог Авразия (ДА)» платформасынын теңтөрагасы, Түркиянын журналисттер жана жазуучулар фондунун башчысы Харун Токак мырза Фетхуллах Гүлен аркылуу түрк ааламы дүйнөгө чоң жылдыздардын бирин бергендигин, ал кишинин идеясы аркылуу Чыгыш менен Батышта динине, тилине, түсүнө карабай 110 ашуун мамлекетте лицейлер ачылгандыгын, бул улуу инсандын айтканын түшүнсөк, турмушка ашырсак, келечекте дагы да жакындап, бири-бирибизди терең түшүнөт элек деди.

Россиянын «Родина» журналынын шеф-редактору Т.Филиппова «ДА» платформасынын түзүлүшүндө эки руханий лидерлер Ч.Айтматов жана Ф.Гүлен башында тургандыгын белгилеп, Фетхуллах Гүлен сопулук салттарга жакын экендигин, өзгөчө Мавлана Жалалиддин Руми менен көп жагынан идеялаштыгын көрсөткөнүн айтып кетти.

Конференцияда Түркиянын Сивас университетинен келген профессор Энбия Йылдырым, Марамара университетинин профессору Абдулазиз Хатип, жана Жазуучулар жана журналисттер фондунун координатору Фарук Тънжер менен бирге эле кыргыз аалымдары Аскарбек Беделбаев, Асан Ормушев, Аскар Какеев улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Фетхуллах Гүлендин ортосундагы жакындыктарды, алардын сабырдуулук, адамгерчилик идеяларын көтөргөндүгүн, бул ойлордун азыркы доордогу мааниси жогору экендигин көрсөтүштү.

Эл аралык «Руханият» ассоциациясы Фетхуллах Гүленге 2004-жылы «Элдердин ортосундагы тынчтык жана кызматташтык үчүн» деген сыйлыгын тапшырган. Ал эми бул жыйынды да эң биринчи болуп, бардык өлкөлөрдөн алдын биздин өлкөдө дал ушул «Руханият» өткөрүп жатат. Ассоциациянын президенти А.Токтосартовдун айтуусунда конференциянын материалдары үч тилде китеп болуп чыгат, ошондой эле Фетхуллах Гүлендин чыгармаларынын бир томдугу кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат.

Фетхуллах Гүлен-азыркы доордун улуу ойчулу, гуманисти

Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле каралашып, сыртта иштеген эмес. Фетхуллах жашынан эң мыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып, арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз даражасына жеткен. 1955-жылы он төрттөгү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз айлына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү. Түркиянын жана дүйнөнүн мамлекет башчылары менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн кезде азыркы адамдарды адептик жактан таза бойдон кармоонун жана өлкөлөрдү, диндерди ынтымактуу сактоонун проблемаларын көтөрдү. Ал биздин доордун үч «оорусун» жана алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси – «түркөйлүк», «билбегендик», мындан чыгуунун жолу - «билим». Экинчи оору – «жакырчылык», андан чыгуунун жолу – «социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды» ачуу. Үчүнчү кесел – «дискриминация», бул бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - «сабырдуулук жана диалог».

Фетхуллах Гүлен ушул багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын жазган, 500дөн ашык конференцияларды жана семинарларды өткөргөн, өз багытын, өзүнүн колдоочуларын тапкан. Анын ойлорун дүйнөлүк коомчулук дыкаттык менен үйрөнүп келет, мисалы, 2008-жылы 15-сентябрда Россиянын Мамлекеттик Думасы Махатма Ганди менен Фетхуллах Гүленге байланыштуу конференция уюштурса, 12-февралда 250 миң нуска менен чыккан «Известия» газетасы анын бейнесин ар тараптан ачып берген П.Иноземцевдин «Фетхуллах Гүлен деген Ким?» аттуу макаласын жана «Аялдар аскерий адам да, дарыгер да болушу мүмкүн» деген маектешүүсүн баскан.

Фетхуллах Гүлен ден соолугуна байланыштуу (жүрөк антиопатиясы) 1999-жылдын 21-мартынан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер, кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.