Акыйкат

Акыйкатты жактаган адам жеңилсе да, сүйкүмдүү. Акыйкатка каршы болгон адам жеңсе да, жек көрүндү.

* * *

Акыйкат жакшы нерсе, аны жактаган адам эл сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Акыйкатты жактаган адам баткакка батса да, таза. Акыйкатка каршы болгон адам атыр суу менен жуунса да, балит жана жагымсыз...

* * *

Түс менен кейип өзгөрсө да, маңыз өзгөрбөйт. Атак, наам өзгөрсө да, адам ошол бойдон кала берет. Адамдарды көбүнчө түс менен кейиптин, атак менен мансаптын өзгөрүшү алдап коёт.

* * *

Алсызды кордогон жеңсе да, жеңилген болуп саналат. Ал эми акыйкатты жактоочу адам жеңилсе да, жеңишке жетет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.