Элдин пикирин сыйлоо

Баарын сындап, баарына каршы чыга берүү кыйратуу аракетине кирет. Эгер адам бир нерсени жактырбаса, анда андан да жакшыраагын курууга аракет кылышы керек. Себеби, кыйратуудан уранды, куруудан кооз имарат пайда болот.

٭ ٭ ٭

Ашкере ачуулануу жана катаалдыктан эмес, тымызын кастык, купуя кектен коркуу керек. Дос бетке чаап, күйгүзө айткан менен, артыңдан периште сыяктуу коргоп турат. Душман бетиңе күлүп, артыңдан тузак тартып, ага түшүргөндөн кийин жөргөмүш сыяктуу каныңды соруп, өчүн алат.

٭ ٭ ٭

"Баланча айтылгандын баарын өзүнө жакын ала берет”,- дешет. Аларга жаным курман! Ал эми мурдун балта кеспегендерге эмне деш керек?!.

٭ ٭ ٭

Жыйналышта айтылган ар бир сөзгө маани берип ук! Жадагалса, сенин оюңа туура келбеген пикирлерди да дароо четке какпа. Башка бир себепке байланыштуу айтылышы ыктымалдыгын ойлоп, сабырдуулук менен аягына чейин кулак сал!

٭ ٭ ٭

Тажрыйба – акылдын мугалими, ой-пикирдин – жол башчысы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.