Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!

* * *

Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!

* * *

Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!

* * *

Жадыраган жарык таңды күтөсүң. Улуу максаттарга умтулбастан, арстандай атырылып эски ордуңду ээлебестен, чоор сыяктуу сыздабасаң, буга кантип жетесиң?!

* * *

Бир топ кылымдардан бери катмарланган көйгөйлөрдү чечкиң келет. Эрктүүлүк жана үмүт менен кылымдар бою күтө албагандан кийин бул кантип болсун?!

* * *

Мамлекетибиздин өнүгүшү, адамдарыбыздын бактылуулугу тууралуу айтасың, бирок келечек муунду билимдүү, тартиптүү, ыймандуу кылып тарбиялап, шайтандын иштерине тоскоол болбогондон кийин кандай болот?!

* * *

Жүрөгүңдүн тирүүлүгүн жана сезимдериңдин эргип турушун каалайсың, бирок күн батканга чейин орозоңду бузсаң, буга кантип жетесиң?!

* * *

Дүйнөдөгү мамлекеттердин сага баш ийип турушун каалайсың, өзүңдү түзөп, бечара абалдан чыкпастан, ат ойнотуп, эрдик кылбасаң, ал кантип келет?!

* * *

Ар дайым адамдардын көзүнө көрүнүп, көңүлүнөн түнөк таап, даңкталып, макталып, көкөлөгүң келет. Аллага берген антыңды ар күнү жетимиш жолу бузуп жатсаң, буга кантип жетесиң?!

* * *

Өзүңдү кемчиликсиз көрүп, бардык адамдар сени ошондой таанышын каалайсың. Ар күнү көпчүлүктүн арасында кылган күнөөлөрүң жана туруксуздугуң менен кантип ага жете аласың?!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.