Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!

* * *

Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды... Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.

* * *

Алланын ыраазычылыгын көздөгөн адам акырет жолундагы кызматтарынын үзүрүнөн бул дүйнөдө үмүт кылышы жарашпаган нерсе эмеспи?! Бул дүйнө убактылуу, Акырет бактылуулугу түбөлүктүү эмеспи?! Кел анда, Алла жолунда кылган иш-аракеттериңдин үзүрүнөн бул дүйнөдө үмүт кылуудан баш тарт! Акырет бул дүйнөнүн миңине татыйт.

* * *

Адамдардын сени барктаганын өзүңдүн улуулугуң деп эсептеп, алардын жакшы ойлоруна ишенип жүрө бербе. Айрыкча, башкаларды өзүңдөн төмөн көрүү сыяктуу ойду эч качан ойлобошуң керек. Себеби, Алланын алдында руханий бийиктик жана жүрөктүн тазалыгына жараша баа берилет. Дене-турпатка гана маани берип, ошон үчүн гана жашап калуу кандай бактысыздык!

* * *

Улууларды урматтоо маанилүү нерсе болсо да, андан үмүттөнбөө керек. Сен өзүң үмүттөнбөстөн башкалар сени урматтаса анын зыяны жок. Ал эми урмат-сыйдын артынан ээрчип, андан үмүт кыла баштасаң, ал кол жеткис болуп, кыйноого салат.

* * *

Адамдардын сени барктап-сыйлаганына ишенип эле жүрө бербегин! Адамдардын сени барктап-сыйлашы жакшы кабыл алынса да, тилек кылына турган нерсе эмес. Бул, бир азга адамдын көңүлүн көтөргөнү менен көп учурда ыйлатып-сыздатат. Мындай убактылуу мактоолорго алданып, жүрөгүңдү карартпашың керек!

* * *

Кылган кызматың чоңойгонуна жараша душмандарың аркылуу сыналгандай эле чөйрөңдөгү адамдар менен да сынала тургандыгыңды эч ойлодуңбу? Ойлон, жана Алланын алдында сыналып жаткан досторуңа адамгерчиликтүү мамиле кыл!

* * *

Эли-жериңе кылган кызматыңды, кол алдыңдагыларга кылган жакшылыгыңды милдет кылып, чөйрөңө жек көрүнүп калба! Кылган иштериңди аткарууга милдеттүү жана жоопкерчиликтүү экениңди унутпа!

* * *

Окуган китептериң, ой жүгүртүп, анализдеген маселелер жана Алла жолунда жан үрөп жасаган иштериңе жараша кичипейилдүү болуп, Алланын каарын да, мээрин да бирдей кабыл алууну билбесең, ар бир аракетиңде менменсинүүнүн тузагына түшө тургандыгыңды ойло!

* * *

Кара жаныңды карч уруп кылган кызматтарыңдын улуулугу тууралуу мага айта көрбө! Жетишкендиктериңди жалпынын мүлкү сыяктуу, жолдошторуңдун кылган аракеттери үчүн Кудайдын берген белеги катары көрүп, кызматта алдыда, акы алганда артта боло алсаң, мына ошону мага айт. Менин көңүлүмдү ошол сөздөрүң эргитет.

* * *

“Илимим, аброюм”,- деп, напсиңин кайрыктары менен душмандарыңы кубантып, досторуңу кайгыга салба! Эгер сенин жакшы касиеттериң бар болсо, келечектеги түбөлүктүү өмүрдө сага мөмөсүн берсин. Эгер өмүрүңдө дастанга айланган каармандык жасаган болсоң, ал периштелердин түбөлүктүү кайрыктары болуп кала берсин.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.