Түш

Түш – акыйкат дүйнөсүнө ачылган терезелерден болгон жана боло турган окуялардын так ошондой же айрым белгилерин көрүү. Адам баласы башка бир нерседен таасирленбеген учурларда ар бир түш руханий ааламдан келген шоола, белги катары анын жолун жаркытып турат.

* * *

Түш көрүүдө көздүн, заттын жана жарыктын зарылчылыгы болбогондой эле, нерселер көрөгөчтүктүн жана жандын ортомчулугу менен көрүлгөндүктөн, алар көпчүлүк учурда адам баласына элес албай турган кооздуктарды тартуулайт. Бир эле түш аркылуу учурга жана келечекке тиешелүү, китептерге сыйбай турганчалык көп маалымат берилгени көп кездешет.

* * *

Түш көрбөгөн адам жок болсо керек. Мына ошондуктан аны жандын табигый көрүшү деп атасак болот. Мына ушундай көрүү жолу менен адам баласы руханий дүйнөдө саякаттап, көптөгөн сырларды сезе алат.

* * *

Туш келген түштөр өтө көп болот. Эгер ар бир адам көргөн түштөрүнүн туш келгенин тактай алса, анда бир канча том китеп жазылмак.

* * *

Көкүрөгү таза адамдардын жөндөмүнө жараша руханий ааламдан келген көптөгөн түштөр бар. Адамдын көңүлү ал түштөрдү көрүү менен ырахаттанып, бейиш гүлбакчалардагы кавсар булактарына барып, суусунун кандыра ичет жана түбөлүктүүлүккө ачылган ал терезелерден көз көрбөгөн, кулак укпаган жана элестетүүгө мүмкүн болбогондой кооздуктарга көз чаптыруу менен жыргалга батат.

* * *

Түш аркылуу көкүрөк туюм жана көрөгөчтүк сыяктуу жөндөмүбүздүн бар экендигин билебиз жана дененин үч өлчөмдүү туткунунан кутулабыз. Чындыгында, акыйкатты тапкан улуу адамдар руханий ааламды көрүү үчүн түшкө муктаж эмес. Алар ар дайым ал жакты жана бул жакты бирдей көрөт жана Акыретке таандык кооздуктарга карап, ырахатка батат. Бирок бул эшик баарына ачык эмес. Бул эшиктер өтө чоң аракет жана руханий тажрыйбалардан кийин гана ачылат.

* * *

Адам баласынын акыл-оюн эң жаман нерселердин таштанды жайы деп эсептегендер жана мындай ойлорун напсилеринин жетегинде ишке ашыргандар миңдеген аян коштогон түштөрдү бир нерседен таасирленгендиктен гана деп билет. Ал эми аян алган олуялар руханий ааламдын берекелүү чөйрөсүн баалап-барктайт.

* * *

Дүйнөнү нурга бөлөгөн эң улуу инсан – Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) түш аркылуу кирген руханий ааламда кезип жүргөндө да, пайгамбарлыктын кырктан ашуун бутактарынын бир бутагы болгон берекелүү түшкө ишарат кылып турган.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.