Ыр

Поэзия – акындын жүрөгүнөн чыккан жаратылыштын маңызында катылуу кооздук жана шайкештиктин, аалам жүзүндөгү жылмаюунун жана көңүл эргиткен көрүнүштүн кайрыктары. Ушундай сезимтал акындардын жүрөгү сыя челек, сыясы касиеттүү рухтун деми.

* * *

Поэзия – руханий ааламдын сырларын түшүнүүгө аракет кылган адамдардын созолонткон кайрыктары. Ырдын үнү жана кайрыктары адам баласынын жан дүйнөсүнүн байлыгына жана абалына жараша кээде жоон, кээде ичке чыгат. Мына ошондуктан, ырдын ар бир үнү жана сөзү ошол ыр көңүлгө келген учурдагы абалга карата толук түшүнүктүү болот.

* * *

Поэзия – акындын ой жүгүртүү жана сезимине таасир эткен ишеним, маданий көз карашка жараша пайда болот жана калыптанат. Анын маани-маңызын тереңдетип, жогорку деңгээлге жеткирген жалгыз булак эргүү болуп саналат. Эргүү толгон жүрөктө атом планетага, тамчы көлгө айланат.

* * *

Поэзияда акыл-ойдун ролу канчалык зор болгону менен адамдын көңүлүнүн да өзүнө жараша маанилүү таасири бар. Фузули айткандай: “Көңүлүмдөн чыккан көркөм сөзүм акындар кошуунунун алдыңкы сабын ээлейт”. Жүрөктө ойгонгон сезимге кыял канаты бүткөндө, түбөлүктүүлүктүн каалгасын каккылайт.

* * *

Поэзия – учурду жаркыткан шоола, келечекке нур чачкан чырак жана руханий ааламдан жаңырган ашыктык жана эргүү кайрыктары. Чыныгы ырдын чөлкөмүндө көздөр жайнап, алыс жакын болуп, адамдын жан дүйнөсү ырахат, сүйүүгө толот.

* * *

Ырлар да дуба-тилек сыяктуу адам баласынын маанайын, жан дүйнөсүнүн абалын билдирет жана пенденин улуу акыйкатка берилгенине жараша руханий жаңырыкка айланат. Негизинде, ар бир дуба-тилек дил кайрыкта37 Ой багыт ры, ар бир дил кайрыгы дуба-тилек болуп саналат. Эң башкысы, дил кайрыктар түбөлүктүүлүккө арналышы керек.

* * *

Түбөлүктүүлүктү эңсеп, жүрөктүн жана жан дүйнөнүн күчү менен аруу тилектердин асманында обологон кайрыктар илим сыяктуу позитивдик көз караштарга көп маани бербейт. Ал ортомчу нерселер менен бир азга эле алек болот. Анын негизги көздөгөнү – абсолюттук түбөлүктүүлүктү таап, ага кол сунуу.

* * *

Ырда кыялга келген нерселердин баары сүрөттөлүп, анан акындын жан дүйнөсүн ээлеген бул купуя кайрыктар сөз жана сүйлөмдөргө айланганга чейин сакталса, анда ал ыр эскирбейт. Тескерисинче, ыр деп чыгарган айрым чыгармаларыбыз алмаз чөгөрүлгөн жез шакектен айырмасы жок болуп калат.

* * *

Поэзия – Улуу Жаратуучуну издөөнү максат кылгандыктан, ары сырдуу, басып өткөн жолу күүгүм тарткан жана көп тарабы түшүнүксүз купуя кайрык. Мына ошондуктан чыныгы ырдын ар бир сөзүндө жана сүйлөмүндө сырдуу сарайдын далисинде кыдырып жүргөн, ар добушка селт эткен сезимтал саякатчынынын көз карашы жана сезими байкалат.

* * *

Ыр – жүрөктүн толкундоосу, жан дүйнөнүн сыздашы, көз жаш. Көз жаш – сөз менен маанини чагылдырып жеткире албаган улуу кайрык...

* * *

Ыр – акындардын соолубаган гүлдөрү жана ал гүлдөрдүн аңкыган жыты. Бул гүлдөрдүн топурагы таза, суусу тунук, көрүнүшү мыкты болсо, андай гүлдөрдүн кулпурган кооздугуна жана жыпар жытына адам тойбос!..

* * *

Маселенин маани-маңызын түшүнбөй ырдай берген акындар кездешкендей эле, унчукпай түшүндүргөн акындар да аз эмес. Биринчилердин маанисиз сөздөрүнө караганда, кийинкилердин чыныгы акынга таандык көз караштары менен ой-пикирлери адамга көп нерселерди жеткиликтүү түшүндүрө алат.

* * *

Ырды уйкашкан сөздөрдүн тизмеги деп түшүнүү туура эмес. Жан дүйнөнү эргиткен, маани-маңызы менен жүрөктү толкуткан канчалаган кара сөз түрүндөгү чыгармалардын да ар бир сөзүндө ырдык маани катылганын аңдайлы.

* * *

Бардык өнөр тармактары сыяктуу эле поэзия жанры да руханий дүйнө менен байланышы жок болсо таасири болбойт. Чексиз кооздуктарды эңсеген адам көңүлү, түбөлүктүүлүктөн башка нерсеге канааттанбаган адам дили өнөрпозду руханий ааламга багыттайт. Жан дүйнөсүнүн жаңырыгын сезбеген өнөрпоз өмүр бою жаратылыштын сырткы көрүнүшүнө гана убараланганы менен анын ички маңызын түшүнө албайт.

* * *

Ырдын формасы маанисине, маанисине формасына садага чабылбашы керек. Тескерисинче, ал экөө адамдын руханий дүйнөсү менен денесинин айкашынын негизинде куралганда ыр ар бир жүрөккө жете тургандай мааниге ээ болот. Мындай ырга башкача форма издөөнүн зарылчылыгы жок.

* * *

Ырдын сырткы жүзүндө сөз, сүйлөм, үлгү, маани сыяктуу нерселер көзгө чалдыгат. Ал эми анын ички маңызында адам баласынын жан дүйнөсүнөн оргуп чыккан маанинин чагылдырылышы үчүн гүлдөр, көпөлөктөрдүн кооз канаттары сыяктуу сүйлөмдөр, кээде чагылган сыяктуу түшкөн жерин өрттөп жиберчү сөздөр, кээде чоор сыяктуу сыбызгыган кайрыктар изделип табылат. Муну ырдын музыкасы деп да айтсак болот.

* * *

Сырлар жана ишараттар ырдын негизги булактарынан болгондуктан андан дагы кененирээк маани сезилет. Бирок, ал да ырдын чек арасынын ичинде болот. Ыр ага түрткү болгон нерселердин таасири астында укмуштуудай маани-маңыздарга ээ болсо да ыр бойдон кала берет.

* * *

Ырда негизинен ой-пикир жана сезимдердин жуурулушуусунан пайда болгон маани өкүм сүрөт. Бирок адам баласынын денесиндеги гипофиз бези сыяктуу ой-пикир жана сезимдин артында аларга өкүм жүргүзгөн жана ар дайым байкалып турган ниет жана көз караш сыяктуу эки маанилүү нерсе бар жана алар ырдын ар бир сабына жана кайрыктарына өң-түс берип, ой-пикир жаза басканда аны колдон алып, сезимдин жолун жаркытат.

* * *

Ыр – жек көрүү, толкундоо, үмүт, үмүтсүздүктөн таасирленген коомдун жан дүйнөсүнүн жаңырыгы, акын кээде бул коомдун көмөкөйү жана өпкөсү, кээде тил-оозу. Мына ушул жагынан алганда ар бир ыр элдин абалын сүрөттөгөндүктөн, ошол элди көңүлгө албастан ал ырды түшүнүү кыйын. ТИРҮҮЛҮК ЖАНА ЖАН Тирүүлүк – Аллага гана маалым сырдуу нерсе, анын маңызын Алланын сырларын түшүнгөндөр гана биле алышат.

* * *

Жашоо – дене тирүүлүгү. Денедеги жылуулук жана тирүүлүк табигый. Ал организмге кирген азыктардын кан жана энергияга айлануу процессинин натыйжасында пайда болот.

* * *

Дене жашоосунун негизги максаты – кыймыл-аракет, жана кээ бир табигый милдеттерди аткаруу. Бул жагынан алып караганда, адам менен айбандын ортосунда эч кандай айырмачылык жок. Чыныгы адамдык жашоо – аңсезимдүүлүк менен түбөлүктүүлүккө талпынуу. Мына ушундай жашоо чыныгы жашоо болуп саналат.

* * *

Жашоо – жан эмес. Ал – дене тирүүлүгү. Жан – бөлүнбөс, ажырабас, материалдык заттардан өзгөчөлөнгөн, Алланын буйрук-эркинен келген көзгө көрүнбөс зат.

* * *

Жан денеге тирүүлүк менен кошо кирет жана аны менен кошо чыгып кетет. Өмүр бүтөт, жан Алланын буйругу менен түбөлүк жашайт.

* * *

Жашоо – материалдык ааламдагы табигый кубулуш. Ал эми жан табияттан жогору касиетке ээ. Бул жашоонун соңу бар, ал эми жан түбөлүктүү жана өлбөс.

* * *

Жан – ой-санаадан жогору, бардык нерсени түшүнгөн, сезген, каалаган нерсе. Ал дененин убактылуу коңшусу жана тагдырлашы.

* * *

Рух өлүмдөн таасирленбестен, кабыр чуңкурун аттап өтүп, барзах жана махшарга да токтобой, тозок, же бейиштеги түбөлүктүүлүккө жеткен өлбөс жан.[1]

* * *

Жан кээде адам кейпинде, кээде буу абалында, кээде башкача бир көрүнүштө көрүнөт, же түштөргө кирет. Периштелер сыяктуу жакшылык, берекелер, же шайтандар сыяктуу жамандыктар, кемчиликтер менен коюндаш болот.

* * *

Чыныгы жашоо, руханий жашоо менен материалдык жашоонун тең жүрүшү. Мындай жашоо – бул дүйнөдө чыныгы адамдык жашоонун даамын таттырган данек, Акыретте ушул данектен өсүп чыга турган бейиштиктердин өмүрү.

* * *

Сезимталдык жана аруулук – жан дүйнөнүн жемиши.

* * *

Жашоого кайдыгер караган адамдардын жан дүйнөсү да жарды болот. Алардын ыйлап-сыздашы да жалган.

* * *

Биз бул дүйнөгө келерибиз менен чыныгы адамдай жашоого милдеттүүбүз. Өмүр бизге өнүктүрүү үчүн аманат кылып берилген. Жаныбыз денеден ажыраганга чейин биз менен бирге болот.

* * *

Адам напсиси жагынан айбандар менен, руханий жагынан периштелер менен санаалаш. Өз жөндөмдөрүн өнүктүргөн адамдардын акырындык менен периштедей жашашы мүмкүн болгондой эле, ал жөндөмдөрүн мокоткондордун, жадагалса ошол жөндөмдөрүн жамандык үчүн колдонгондордун бир күнү айбандан да төмөн абалга жетүүсү, жадагалса шайтан жолуна түшүшү да анык.

[1] Бул жердеги “өлбөс” деген түшүнүк адамдардын бейиш, же тозоктогу жанга карата айтылууда. Алла Тааланын сыпаттары тууралуу айтылган жок.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.