Мечит жана анын функциясы

Мечиттер эң катаал учурларда да ыйманга, Куранга тиешелүү маселелер талкуулана турган нур чайыган ыйык жайлар болуп саналат.

* * *

Мечиттер – ар түрдүү деңгээлдеги адамдарга таалимтарбия бере турган илим борбору.

* * *

Мечиттер – Аллага кулчулук кылууга катарлаш, Алла Тааланын жараткан нерселери тууралуу ой жүгүртүлүүчү ыйык жайлар.

* * *

Мечиттер – бир убактарда мамлекет адамдары кеңешме өткөрүп турган жыйын залы эле.

* * *

Бул дүйнөгө тиешелүү иштердин да мечит сыяктуу руханий ааламга эшик ачкан жайларда жүргүзүлүшү адамдын жан дүйнөсүнө тийгизген таасири жагынан өтө маанилүү.

* * *

Мечиттер момун-мусулмандардын жашоолорун жөнгө салуу жагынан ыйык мектеп болуп саналат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.