Бизге таандык алтын сөздөр

Биздин дүйнөбүзгө таандык бир топ сыйкырдуу үндөр бар, аларды башка жерлерде кезиктирүү мүмкүн эмес. Ишенимдерибиздин, ой-пикирлерибиздин жана Алланын алдындагы ордубуздун тилге келиши деп айтсак дагы боло турган бул үндөр жана сөздөр жеке, үй-бүлөлүк, коомдук жашообуз менен өтө тыгыз байланышта болгондуктан, биз мечитте, көчөдө,үйүбүздө жана башка баардык жерлерде аларды созолонтуп, алар менен дем алабыз.

Кээде, жашоонун чыныгы даамын тата турган өтө жакшы учурлар бар, ал учурда көрүп, күбө болгон баардык нерсе, кулактарыбызга угулган баардык ыйык сөздөр жана Аллага жакындоо үчүн койгон ар бир кадамыбыз бизге ажайып, кереметтүү туюлат. Биз көргөн демейдеги ар бир зат жана үндөр өзгөчө бир маңызга ээ болуп, кереметтүү нерселер сыяктуу сезиле баштайт. Баардык тарапта сыйкырдуу атмосфера өкүм сүргөн мындай учурларда биз Алланын назарынын баардык нерселерди жагымдуу абалга алып келишин, эң катуу жүрөктөрдү дагы арбап жумшарткандыгын туябыз жана өзүбүздү башкача абалга, периштелердей абалга жеткендей сезебиз. Өздүк маңызын жана чөйрөсүн туура баалай билгендердин бул нерселерди сезгендигинде шек жок, биз бул нерсени бир аз өз сезимдерибизге ылайык баалайбыз.

Биз бул нерселерди, жан дүйнөбүздөн орун алган, сезимдерибизди козгогон жана бизге кубаныч сездирген ыйык убакыттардын кайрыктары деп дагы айта алабыз. Бул сезимдер, биздин ыйык жергебизде дагы башкача таасирге ээ. Мына ошол өзгөчөлүктөрү менен дүйнөнүн эч бир жеринде угууга мүмкүн болбогон бул үндөр жана сөздөр, качан келип, аң сезимибизди ээлесе, кулактарыбызга угулса жана жүрөктөрүбүзгө жетсе, ошол замат толкунданып, ал үндөрдүн керемет дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетебиз.

Ооба биз, күндө бир канча жолу мунаралардан угулган азан үндөрү менен жана мечит ичинде жаңырган алардын жаңырыгы менен толкунданып, үйлөрүбүздө, уйку бөлмөбүздө бир канча жолу бул үндөр менен толкуп, Алланын алдына чакырылгандыгыбызга бала сыяктуу сүйүнөбүз. Алланын улуулугун даңазалаган үндү уксак “Алла Улуу” деп, Анын улуулугун жар салабыз. Мээрими Чексиз Заттын эсепсиз тартуулары айтылганда “Мактоолор Аллага”деп жооп кылабыз. Алланын теңдешсиз экендигин эскерткен ар бир баян, ар бир ишааратты көргөндө “Сага тасбих айтабыз жана Сенин кемчиликтерден алыс экендигиңди жар салабыз” дейбиз. Кыскасы, ар кандай учурда аны ойлоп, Аны эстеп, Аны менен болгон байланыштарыбызды дагы бир ирет карап чыгып, пикирибизде, кыялыбызда күнүнө бир канча жолу Аны менен бирге болууну кыялданабыз.

Мечиттин ичинде жана сыртында ар дайым тилибизде кайталанган нурдуу сөздөр, биздин жашообуз менен ушунчалык тыгыз байланышкандыктан, байкап-байкабастан, ар күнү аларды жүз жолу кайталап турабыз. Ыймандуу жүрөктөрдүн мындай сезүүлөрү жана ал сезгендерин тилдери менен баяндоолору сырдуу бир ачкыч сыяктуу алардын жүрөктөрүн ачуу менен бирге, башкача бир сыйкыр менен башкалардын жүрөктөрүнө чок салат. Ооба, аларды башка нерсе менен шарттанып албастан уккандар, белгисиз сырдуу таасир менен жан дүйнөлөрү козголгондугун сезишет жана тагдырларына ыраазы болуу менен жүздөрүн жылмаюу уялайт.

Бул инсандар ал учурга чейин айтайын деп, бирок айта албай жүргөндөрүн, ойлоп, ойлогондорун билдире албай жаткандары башкалар тарабынан даярдалып, аларга сунулуп жаткандай, аларга кубануу менен кошулушат. Бул керемет сөздөр угулганда баарынын көңүлдөрү жаркый түшөт.

Бул үндөр жана сөздөр Аллага таазим кылган, Анын кемчиликтерден алыс экендигин даңазалаган үндөр жана сөздөр болсо, аны уккандардын баарысы эскертүү ишаарасы берилгендей жыйналышат. Негизинде бул үндөр жана сөздөр кандай маани берсе дагы Алланын алдында турушубузду билдирип жаткандыктан, таасирлери белгилүү бир учур жана жайга чектелүү эмес. Тескерисинче, баардык жерде, баардык учурда кичинекей бир таасир менен пайда боло калып, сезимдерибизди ойготот, жүрөктөрүбүздү козгойт. Эч бир убакта чыныгы момундардын оозунан түшпөгөн, биз дагы бат-бат кайрылып турган бул нурдуу сөздөр жана көңүлдөрдү эргиткен үндөр жашообуздун баардык тармагын ээлеген сыйкырдуу дем болуп саналат. Биз аларды ичинде жашап жаткан бул ааламдын эң кереметтүү үнү-сөзү катары угуп, баалайбыз.

Намаздарда “Алла Улуу” деген сөздөр менен баштап, башка сөздөр менен, Ага ишенип, таянгандыгыбызды кайра-кайра жар салабыз жана Андан, ишенимдүү адам болушубузду суранып, тиленебиз. “Аллахым, саламаттык Сенден” деген сөздөрүбүз менен Андан үмүт кылгандарыбызды билдирип, Анын алдындагы чыныгы ордубузду баса белгилейбиз. Баардык нерсе Анын мүлкү экендигин тажабастан кайталап, эрте менен, кечинде жар салып, Алланын ыраазычылыгы биздин негизги максатыбыз экендигин, жамалын көрүүнү арзуусу менен ар күнү бир канча жолу кайталайбыз жана Ага жолугууну каалаганыбызды айтабыз. Байкап-байкабастан ар күнү бир канча жолу “Алла баарыбызды кечирсин”, “Алла күнөөлөрүбүздү кечирсин”, “Алла бизге ыкыластуулукту насип кылсын”, “Алла сабыр берсин”, “Раббим жүрөктөрүбүздү нурдантсын”деп, бул сөздөрдү кайталай беребиз.

Ишеним жана негизги көз карашыбыздан пайда болгон ойлор, сөздөр булар менен гана чектелип калбайт.

Бул байлыктар, бүтүндөй бир коомдун мүчөлөрү тарабынан, кылымдардан бери жашоодо колдонулган, баардыгы тарабынан жактырылган ишенич жана түшүнүктөн келип чыгууда. Баары бир нерсеге ишенгендиги, бирдей пикирлерди бөлүшкөндүгү үчүн, ортого салынган ойлордун, айтылган сөздөрдүн жат болушу жана бекер болуп калышы мүмкүн эмес. Алар бири-бирин жакшы түшүнүшөт. Маектер эч жасалмалуулугу жок, табигый түрдө болот.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.