Тил жана ой толгоо
БАр бир эл, жакшысы-жаманы менен бүгүн айткандарын жана ой жүгүрткөн нерселерин ошончолук изилденип, жыйналган нерселер жок болуп кетпеши, өткөндөрдүн илиминен жана пикиринен пайдаланылышы, бүгүнкү туура нерселердин жанында эртеңки күнкү жаңылыштыктар, бүгүнкү жаңылыштыктардын жанында эртеңки туура нерселер каралып, пайдаланылышы, бирдей эле тажрыйбалардын жана жаңылыштыктардын кайталана бербештиги үчүн текшерилип, талкуулануусу жана сакталышы үчүн келечек муундарга өткөрүп берет.
Тил жана ой-жүгүртүү тууралуу бул ойлорубуз баардык элдерге тиешелүү. Ооба, ар бир тил, өсүп-өнүгүүсүнө жараша көз каранды болгон ой-пикирдин баяндоочусу, ал ой-пикир, ал тилдин бир аспабы.
Тил, баардык нерсени айтуууда учур талаптарына жооп бере албаса, ал тил ой-жүгүртүүнүн колдоосунан куружалак, ал тилди колдонгондор кыйрап, жок болуп кетүүгө жакын. Ооба, эгерде бүгүнкү күнү, чөйрөбүздөн угуп үйрөнгөн нерселерибиз жана сөздүктөрдө бар сөздөр менен гана чектелип калсак, окуу жайлары, өндүрүш ишканалары, соода көргөзмөлөрү, технологиялардын ангарлары...сыяктуу заманбап жашоонун зарыл деп саналган бир топ тармагында үнсүз отуруп, башкалардын сөзүн угууга мажбур болобуз жана ичинде жашап жаткан учурдун баштапкы негиздери саналган бир топ нерселерге жат абалда калып, учур талабына жараша кадам таштаган өлкөлөрдүн катарынан чыгып калабыз.
Ооба, өткөнгө таандык маданиятка саресеп салынып, ал нерселерди талкуулоо менен, үйдө, көчөдө биздин улуттук маданиятыбызга таандык угуп-көргөндөрүбүз коргоого алынышы керек. Бизге чейин жетип келген жалпы тарыхый элдик мурастар элдик түшүнүгүбүздүн негизи катары колдонулуп, келечекке карай, жаңы ой жүгүртүү жаңы жетишкендиктер менен кадам таштообуз шарт.
Тили, ой жүгүртүүсү менен өз учурунун талабына жараша жашай албаган байкуштардын абалы, азыркы күнгө чейин жоготууга учурап келген жана мындан кийин дагы ошондой болот. Ой-жүгүртпөгөн жана ой-пикирин билдире албаган элдин атынан башкалар сүйлөйт жана алардын ордуна ой жүгүртөт. Ойлонбостон сүйлөгөн элдердин арасында ой-пикир тилдин туткуну болот.
Ойлогон нерсесин айтып бере албаган байкуштар болсо, өз алсыздыктарынын туткуну. Мындайлардын башкаларга пайдалуу болушу эч мүмкүн эмес.
Албетте, ар дайым кеңири ой жүгүртө алган жана ойлогон нерсесин башкаларга билдире алгандар көп санда эмес жана алардын дагы бир топ мүшкүлдөрү бар экендигин айтууга болот. Кээ бир элита көрүнгөн адамдар, өздөрү жашап жаткан коомчулуктан толугу менен бөлүнүп калышкандыктан, көпчүлүк адамдар аларга ишенбегендиктен, ошондой эле алардын басымдуу көз караштары фантазиялуу, көпчүлүк баяндары бөтөн маданиятка таандык деп билингендиктен, аларга таандык баардык нерселерге карата терс кабылдоолорго күбө болунууда. Башка жагынан алып караганда, бул интеллигенттер, башка чет элдик түшүнүк менен ой жүгүртүп, өз тилдери менен жазууга аракет кылгандыктарынан, үйдө, көчөдө өздөрүн калктын тили менен сүйлөөгө мажбурмун деп сезишип, ар дайым түрдүү дүйнөдө жашагандай эл менен маектешип, пикир алмашууда кыйналышат. Чындыгында, өз ой жүгүртүүсүндө карама-каршылыктарга дуушар болгон мындай адамдар, чөйрөлөрүнө пайдалуу боло алышпайт.
Негизинде, тилибиздин чыныгы тил болуусу, көпчүлүк адамдардын кыйналбастан өз оюн билдире алуусуна көз каранды. Айтыла турган ойду түрдүү, кол жаңсоо жана ишаарат кылуу, ар бир маселени ачыктоо жолу менен түшүндүрүүгө аракет кылуу менен баяндоо болбойт. Негизинде, тил дагы, башка илимдер сыяктуу өздүк баасы бар нерсе. Балким, алардан дагы маанилүү жана тилге эч кайдыгер каралбашы керек. Ооба, эл өз тилин башка илимдерден тышкары көрбөшү керек жана өз тилине өзгөчө маани берип, илимдердин түрүнө киргизип, элдер кызыгуу менен карай турган деңгээлге чыгаруу зарыл. Тилге таандык сөздөрдүн жыйналышы жана ал сөздөрдүн келип чыгуу формалардын изилдениши жана көптөгөн кылымдардан бери колдонулуп келген сөздөрдүн өнүктүрүлүшүнө байланыштуу. Элдин бул нерселерди сыйлай билүүсү ал элдин өзүн жана өзүнүн маданиятын сыйлай билиши болуп эсептелет. Ошол эл биз болсок, мунун арты менен кылымдарды карыткан тилибиз, өзүнө таандык эрежелери менен өтө бай, уккулуктуу жана жакшы көрүлүп сүйлөнгөн, учурубуздун үнү боло алган жана муундан-муунга өткөрүлүп берилген сүйүктүү тилге айланат. Бул нерсе, иш жүзүндо кыйын болсо дагы, тажрыйба жана бекем туруктуулук менен колдонулса, башка нерселердей эле, албетте, бир күнү иш жүзүнө ашат. Ооба, бул иш теориялык жактан аткаруу мүмкүн деп айтылганы менен, иш жүзүнө ашырууда бир топ кыйынчылыктар болот. Албетте, бир нерсенин акылга ылайыктуу болуусу башка, өсүп-өнүгүү, бышып-жетилүү логикасына көз каранды болушу дагы башка бир нерсе. Эгер маселе ар дайым өнүгүп турган, өзгөргөн нерселер менен байланыштуу болсо, ага өнүгүүсү үчүн кенен шарт түзүү керек. Тескерисинче, ар бири өз алдынча жандуу нерсе болгон тил жана ой жүгүртүү токтоп, кыймылсыз болуп, убакыттын өтүшү менен толук тирүүлүгүнөн ажырайт. Чындыгында, тилдин улуттук көз караштын пайда болушунда, ал көз караштардын логикалык түзүлүшүндө өтө зор таасири бар. Ооба тилдин, ар кандай өнүгүүлөрдүн талабына оң көрүнүштө жооп бере тургандай абалда болуусу өтө маанилүү. Өз тилдеринин түпкү тамырына бекем кармануу менен бирге ага ушул деңгээлде өнүгүүгө жол ачып берген элдер, ар дайым адабияты сөзгө бай жана көз караштары дагы жандуу коомго айланган. Албетте, мындан башкача болуусу дагы мүмкүн эмес.
Адам баласынын жаратылышка карата болгон көз карашы, ал көз карашты орундуу пайдаланып, маалымат булагына айландыруусу, жаратылыш жана билимди бирге карап белгилүү бир ийгиликтерди жаратуусу сыяктуу аң-сезим жана ой-пикирге байланышкан нерселер, тил жана көз караш байланыштарынын негизин түзөт. Бул байланыштардын жакшы түшүнүлүп, жакшы пайдаланышы, элдердин илим жана көз караштарынын өнүгүүсүндө зор мааниси бар. Бул биздин элибиз үчүн дагы ар дайым эң маанилүү маселе болуп келген. Элибиздин пайдасы үчүн келечектеги ой-максаттарыбыздын жүзөгө ашышы, негизинен ушул нерселерди эң жакшы көрүнүштө пайдаланууга байланыштуу. Жакынкы келечекте, жаңы негиздерге таянган жана ошол эле учурда, дүйнөгө ачык болгон улуу ой-пикир доорунун башталуусунда маанилүү бир кадам болуп эсептелген бул багыттагы баардык иш-аракет, бизди бир канча кадам дагы мамлекеттер ортосундагы теңдештиктеги ордубузга жакындатмакчы. Эң негизгиси биз, бир жагынан тил жана ой-пикир ортосундагы байланыштарды сактап, экинчи жагынан өткөн тарыхыбызды жана келечегибизди эске алуу менен учурубузду кемчиликсиз пайдаланалы. Өткөндү эскирип калды деп таштап салбай жана ошондой эле өткөндү гана карманышыбыз керек деп, жаңы нерселерди кабыл албай койбошубуз керек. Тескерисинче, ар дайым өткөндү чын дилибиз менен бекем кармап, эртеңки күндү дагы өсүп-өнүгүү ою менен кучак жая тосуп алып, улуттук маданиятыбыздын тил жана көз караштары сыяктуу эң маанилүү нерселерин, даңктуу өткөнүбүз менен өсүп-өнүгүүгө кадам таштаган келечегибизди бири-бирине чаташтырбайлы жана бирин-бирине курмандыкка чалбайлы.
Ооба, бир тараптан жаңы иш-аракеттер менен, элдик руханий мурастарыбызды тактап, аларга таянууга, экинчи тараптан болсо, жашоо үчүн жаңылануу, мөмө бериш үчүн ар дайым жандуу болуу ою менен, көңүлүбүз руханий мурастарыбызда, көздөрүбүз ар дайым алды жакта, жашоону жана өнүгүүнү өтө зарыл нерсе деп кабыл алып, ар дайым өнүгүү ышкысы менен жашообуз керек. Ушундайча, жашообуздун улануусун алардын жашоосуна байланыштуу деп эсептеген келечек муундарга дагы жакшы бир келечек даярдаган болобуз.
Негизинде, жашоону чыныгы маани-маңызы менен сезе алгандар дагы, өздөрүн, башкалардын бактылуу жашоосу үчүн арнаган күйүмдүү азаматтар болсо керек.
- Created on .