Доорубузда пайда болнон суроолор тууралуу
Кылымдар бою чогулган шеккүмөндүү ойлор жан дүйнөнү кыйнап, инсандардын ишенимдерин кыйроого учуратты. Бул күмөндүү ойлор учурубузда атеисттик көз карашка айланды. Христиан дүйнөсү бул шеккүмөндөргө туруштук бере алган жок. Бизде да алгачкы учурларда ишенимде ой-кыйыштар болду. Атүгүл бул кылымдын башында ыйманынан ажыраган кээ бир жаштар акыркы жазган каттарында ыймансыз жашоонун маанисиздигин баса белгилеп, өз жандарын кыйышкан. Миң жылдан бери ойлоп чыгарылган кыйратуучу куралдар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, карапайым калктын таянычы болгон исламдык негиздер, исламдык ишаракеттер, исламдык символдор талкаланып, анын натыйжасында инсандардын жандүйнөсү бузула баштаган. Бул коркунучтуу жаралар Курандын жана ыймандын дарылары менен айыктырылууга тийиш болчу.
Аалымдарыбыз муну билишчү... Маркум Умар Насухи да мындай деген эле: «Кылымыбыздын ислам аалымдары бул заманда аңсезимдерди адаштырган кээ бир жаңы философиялык теорияларды сынга алып, диндин негиздерин тереңдетип изилдеп-талдоолору зарыл.» (Муваззах илми келам) Кылымыбызда жашаган руханияттын мыкты дарыгеринин диагнозу менен айтканда: «Материализм рухий чума сыяктуу сындоо жөндөмү өнүккөн сайын жайылуу мүмкүнчүлүгү артууда. Илимбилимден телкин, маданияттан таклид (тууроо) алган... Буга туура эмес түшүнүлгөн эркиндик менен менменсинүүчүлүк кошулса, андан бетер кеңири жайылууда.» Бул оору кээ бир атактуу жазуучулардын романдары сунулуусу менен, чумадан да күчтүү түрдө жайыла баштады. Жаш жана алсыз зээндерде, жүрөктөрдө өсүпөөрчүдү. Айылда, шаарда бул шеккүмөндөр тууралуу сөз кылына турган болду. Мектептерде, атүгүл кафелерде дин, ыйман тууралуу сөз болуп калганда, сөзсүз булардан кеп козголчу.
Кээ бир адамдар бул нерселерди укпагандай, шеккүмөндөрдү жүрөгүндөгү ыймандын күчү менен талкалап, жан дүйнө жана зээндеринде даярдаган зындандарга ыргытышты; жоопторун таба алышпаса да ыймандарынын күчү, ибадаттан алган рухий ылаззаттар ал шеккүмөндөрдү унуттура алган.
Кээ бирлери бул каршы чыгууларды айткандардын ниеттерине карабастан, аларды жокко чыгарууга аракет кылышты. Мындай курулай каршылык көрсөтүүлөр болсо, гангренанын тереңдеп жайылышына себепкер болду. Жакшы ниет менен жооп издөө үчүн сураштыргандар болсо, ынандырарлык жооп таба албай калганда, коркунучтуу шеккүмөндөргө дуушар болушту. Бул убакта атеизмдин айлампасына кабылып, түпсүз туңгуюктарга кулагандар дагы болду.
Мындай абал болсо, материалисттик көз карашка ээ жана бул түшүнүктөрүн идеологиялык согушка айланткандар үчүн абдан ыңгайлуу болчу. Көбүн ушулар аркылуу сулатышты. Жок эле дегенде жаралашты.
Мурда ыймансыздык караңгылыктан улам болчу, ошон үчүн аларга акыйкат түшүндүрүлгөндө, түркөйлүк, сабатсыздыктар жоюлуп, натыйжада чындыкка жетип, бейпилдикке бөлөнчү. Азыр болсо, илимбилим жана философия тармагында бул каапырдык бороончапкын болуп улупуңшуп жатат. Анан калса, мындай түшүнүккө ээ болгон кишилер өздөрүн билебиз деп ойлогондору үчүн, илимий деп кабыл кылган бул пикирлеринен башка эч нерсени кабыл кылгылары келген эмес. Ошентип, чындыкты изилдөө жөндөмдөрү мокоп калган. Ошон үчүн мурда булардын миңден бири гана туура жолго келчү. Ал кезде инсандардын көпчүлүгү ыймандуу болгондуктан, булардын анча зыяны жок болчу. Ал эми биз жашаган доордо болсо таслимият (исламдын шарттарына кың дебестен моюн сунуу) кыйрагандыктан, көп кишинин ыйманына доо кеткен абалда турат... Ошон үчүн каапырдыктын жайылышы менен баардык жерде шеккүмөндүү ойлордун ичинде кайсалаган, атүгүл бардык нерсесинен ажырагандарды көрчү болдук.
Мына, ушул абалга келгенден кийин, бул жаранын дарылоо убагы келип, өтүп баратканын сезген кадырлуу жазуучубуз чоң бир муктаждыкты жоюу максаты менен бул китепти даярдады. Мазмуну жагынан алганда кыйла кенен жана терең маселелерге анализ жүргүзүлүшү, кудай буюрса, көкүрөктөгү жана зээндердеги күдүк ойлордун жоюлушуна себепкер болот.
Сафвет Сених
- Created on .