Динсиздиктин мынчалык жайылышынын себеби эмне­де?

Динсиздик, натыйжада жокко чыгаруу болгондуктан, жайылып, өнүгүшү көбүнчө жандүйнөнүн кыйрашына байланыштуу. Албетте, мындан башка себептерди да айтса болот.

Динсиздик: Алланын барлыгын кабыл кылбоо, атеизм. Ойпикир­де чексиз эркиндик, жүрүмтурумдардын эч кандай тыюу салууларга баш ийбештиги.

Атеисттик көз караш, жаш муундарга көңүл бурбоо, илим жана илим борборлорун туура эмес жолго колдонуунун натыйжасында өөрчүпөнүккөндөй кийинки темаларда билдириле турган негиздер­ден колдоо таап, жайылууда.

Бир коомдун ичинде динсиздиктин алгачкы жайылган чөйрөсү, өнүккөн атмосферасы – руханий караңгылык өкүм сүргөн чөйрө. Руханий жактан азыктанбаган кишилер акыры динсиздиктин чеңге­лине түшөт жана Алланын жардамы болбосо андан кутулушу мүм­күн эмес... Бир эл өз мүчөлөрүнө зарыл ишенимдерди үйрөтпөсө жа­на бул маселеге кайдыгер караса, ал түркөй жана сабатсыз инсандар ар кандай туура эмес пикирлерди кабыл алып, динсиздикке түртүлөт.

Динсиздик, оболу, ыймандын негиздерине карата кайдыгер кароо абалында пайда болот. Бир аз ойпикир эркиндиги ээ болгон бул нерсе динсиздикти колдой турган кичинекей эле бир белги табылып калса, дароо чоңоюп, бутактай баштайт. Каапырдыктын олуттуу жана или­мий эч бир себеби жок. Кээде кайдыгерлик, кээде туура эмес баалоо аны пайда кылышы мүмкүн.

Учурда булардын баарына дуушар болгон көптөгөн кишилер бар. Бирок биз булардын ичинен таасири күчтүү болгондоруна гана ток­толобуз.

Баса белгилей кетчү нерсе, бул жерде динсиздик менен каапырдык­тын жоюу жана бул тууралуу керектүү болгон далилдердин айтууга акыбыз болбогондуктан, окурман бизден томдор менен баяндалчу нерселерди талап кылбашы керек. Негизи суроо жооп менен мындай терең тема анализ кылынбай турганы маалым. Бул темада жазылган керемет чыгармалар бар болгондуктан, жазыла турган нерселер алар­дын кайталоосу болуп калат.

Темага кайталы. Учурда ар бири илахий кат болгон заттар жана ар бири кудурет калеминен чыккан кубулуштар: б.а. табият жана анын мыйзамдары динсиздиктин булагы катары көрсөтүлүп, муундар бу­зулууда. Негизинен чыгыш менен батышта миңдеген жолу жазыл­гандай, жаратылыш мыйзамдары айкаштык менен иштеген бир ме­ханизм, завод болсо, бул айкаштыкты, бул тартипти жана өндүрүш күчүн кайдан алган? Ыр кайрыктары сыяктуу созолонгон, музыкадай жан дүйнөнү эргиткен табияттын бул мукам үнүн табияттын өзүнө жана кокустуктарга ыйгаруу мүмкүнбү?

Жаратылыш, көпчүлүк ойлогондой, куруучу бир күчкө ээ болсо, анын кантип жаралганын, бул күчтү кайдан алганын ачыктай алабыз­бы? Же «өзүн өзү жаратты» дейбизби? Бул кандай гана жеткен акыл­сыздык, эч ким ишенбей турган жалган!

Бул акылга сыйбаган пикирдин түпкүрүндө төмөнкүлөр жатат: «Дарак даракты жаратты, тоо тоону, асман асманды.» Мындай негиз­сиз ойлорго «ооба» дей турган эч бир киши чыкпаса керек. Эгер «та­бият» деп айтканда, түздөн түздөн жаратылыштагы мыйзамдар мак­сат кылынган болсо, бул да өзүнчө алдануучулук. Анткени мыйзам кийинчерээк пайда болгон өзгөчөлүк. Ал заттын бар болуусуна бай­ланыштуу. Б.а. бир организмдин бүтүндүгүн аны толуктаган бардык бөлүктөрүн бир жерге жыйнабастан, аларга байланыштуу мыйзам тү­шүнүгүн ойлоо мүмкүн эмес. Башка сөз менен айтканда, мыйзамдар заттын бар болушуна көз каранды. Өсүпөнүү мыйзамы бир үрөн жа­на данеке; тартылуу күчү телолордун арасындагы түрдүү байланыш­тарга көз каранды. Мындай мисалдар көп. Демек, заттын пайда болу­шу мыйзамдарга көз каранды деп ойлоо негизсиз. Ошондой эле зат­тын пайда болушу себептерге байланыштуу Себбарлыкка негиз жа­на эреже болуулары булардан кем эмес. Чынында, миңдеген хикмет менен кылдаттыктарды камтыган бул ааламды эч бир илимий негизи болбогон себептер менен, кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет­тенүү кыйла күлкүмүштүү.

Мюллердин тажрыйбалары себептердин жетишсиздигин жана ко­кустуктун алсыздыгын жарыялап жатканда, илимдер сүйлөп, илимий өкүмүн берген эле. СССР Химия Институтунун Опариндин жетек­чилигиндеги 22 жылдык эмгек менен химиялык мыйзамдардын жа­на реакциялардын барлыкты пайда кылуулары мүмкүн эмес экенин илимпоздор айтып чыгышкан. Учурда жылдар бою илим жайларында тажрыйбалык (позитивдүү) бир чындык катары окутулган эволюция жана трансформизм жаңы илимий ачылыштар менен генетикага байланыштуу өнүгүүлөрдүн жанында фантазиялык бир теорияга айланып, тарыхка материал бо­луудан башка эч бир илимий негизи калбай калган. Тилекке каршы, бул жетишсиз маселелер азыр да эмне кыларын билбеген, маданият­сыз, мыйзамэрежесиз бечара жаш муунубузду динсиздикке түртүүдө.

Илимий чөйрөнүн мынчалык тактыкка жетишинен кийин, динсиз­диктин курулай тежиктик экенин айтсак, аша чапкан болбойбуз. А бирок жаштарыбыз али өзүн толук түшүнө албаганы үчүн, рух дүй­нөсү менен бириге албаганы үчүн, жогоруда биз айткан кээ бир фан­тазиялык ойпикирлерди илимий чындыктар деп ойлоп, алдануудан толугу менен кутулду деп эсептелбейт.

Ушул себептен улам, учурда эми чындыкты үйрөнүү жана үйрөтүү сапары ар түрдүү жоопкерчиликтен да жогору турат. Бул улуу мил­деттин аткарылбашы коомдо орду толгус жоготууларга алпкелет (ан­сыз деле алпкелген). Балким көптөгөн жылдардан бери тартып келе жаткан чыныгы азабыбыздын негизги себеби ушул. Биздер акыл ме­нен жүрөктүн биригишине көтөрүлүп, өз ичинде тереңдеген, үйрө­түү ышкысы менен күйүп жанган муздариб муршиддерден кур кал­ган бактысыз жандарбыз. Чындыктын үйрөтүүчүлөрү бул уңгулуу жана адамдык милдетти аткарып, бизди кылымдык азаптозогубуздан куткарышат деп үмүт кылабыз!

Эми башыбызды көтөрүп, китеп текчелеринде, витриналарда көр­сөтүлгөн китептерди жана ал китептер аркылуу бизге айтылган пи­кирлерди жана кишилерди карайлы. Ошондо көчөдөгү баланын эмне үчүн «апачи» кийимин кийгенин, эмне үчүн Зоррого окшошуп алга­нын жана кандайча Дон Жуан болуп алганын түшүнүү мүмкүнчүлү­гүнө жетебиз. Мен айткан нерселер чындыкка ишарат кылган бирэ­ки мисал. Силер талкалоочу бул элементтердин коомдук жана эконо­микалык түрдө болгондорун кошконуңарда, төбө чачыңар тик тургу­зуучу дагы көптөгөн нерселер менен бетмебет келесиңер.

Кечээки күндөн учурга чейин адамдарыбыз жакшы таанытылган­дарды сүйүп, артынан ээрчиди. Тааныбагандарына чоочун, алыс кал­ды. Эми биздин милдетибиз адашкан жаштарга эмнелерди айта ала­рыбызды ойлоп, мындан кийин аларды бош калтырбоо жана акыйкат жолун көрсөтүү.

Муундун динсиздикти көздөй түртүлүүсү менен каапырдыктын жайылышында экинчи даражада маанилүү фактор жаштардын та­ бияты. Алардын чексиз эркиндикти каалоолору, тоюуну билбеген араандары жана бош жандүйнөлөрү динсиздикке ыкташууда. Бул ээн баш жандүйнөлөр «бүгүнкү бир дирхем жыргалды эртеңки миңдеген азаптозоктордон артык көрүшкөндүктөн», адамдын боору ооруй тур­ган акыбеттерин даярдоо жолунда шайтан көрсөткөн көптөгөн азгыр­ма жыргалдарга азгырылып, өзүн отко ыргыткан көпөлөктөр сыяктуу учуп барып динсиздикке түшүүдө.

Билбестик, жүрөк менен рухтун азыктанбай калышы сыяктуу не­гиздер көбөйгөн сайын, материя менен жисманият руханий сезим­дерди жеңип, бечара жаштар да көңүлдөрүн шайтанга алдырып жи­беришүүдө. Ырас, рухтар өлүү, жүрөктөр жарды, акылдар абсурд ичинде болгон абалда динсиздик мажбурдуу түрдө пайда болот. Ый­ман, жоопкерчилик сезими, жүрөктү тарбиялоо болсо жаштардын тирүү калышынын эң чоң кепили. Болбосо шайтан хавайи напсиле­рине мусаллат болгон бир коом пастыктан пастыкка түшүп, дайыма кыбыла өзгөртүп, жаңы чыккан ар бир философияны «куткаруучу» катары алкап, ошонун колтугуна кирет.

Эртең менен нигилизмге алкайт, бешимде марксистленинист сис­теманы мактайт, дигерге жакын эгзистенциализмди жактайт, балким кеч киргенде Гитлерге байланыштуу ырларды ырдайт. Бирок эч качан өзүнүн руханиятына, улуттук маданиятына үңүлүп карабайт.

Ойпикир дүйнөсү бузулган мындай муундун напсинин кулдугу­нан жана шек күмөндөн кутулушу, ойпикирде туура нукка түшмө­йүн, мүмкүн эмес.

Ошондуктан жаштарыбызга мусулмандык маданиятыбыздын не­гиздери үйрөтүлүп, туура пикир берүү шарт.

«Бул сезимсиздик менен коом жашайт десе, абдан ката,
Бир элди көрсөтчү, өлгөн руханияты менен тирүү калган.»
M.A.

Динсиздиктин дагы бир себеби бардык нерсенин мубах көрүлү­шү. Ибахилик жана бар болгон бардык нерседен пайдалануу пики­ри. Дүйнө ниметтеринин бардыгынын даамын татуу философиясы­на таянган бул түшүнүк учурда системалуу түрдө бир философиялык мектепке айланган.

Адам баласын адамдыгынан уялткан жана таштандыга окшогон бул рух пастыгы философиясы «муундарга адамдын чыныгы жагын көрсөткөн» бир ойпикир системасы деп таанытылды. Оболу, бүткүл Европа жаштары, андан кийин аларды туураган дүйнө гипноздолгон­дой бул агымга чуркады. Адамзат коммунизм менен куураган инсан­ дык дарагы аны менен кайрадан жашара тургандыгына ишеништи. Аттиң! Адамзат дагы бир жолу алданып жатканын билген жок.

Мына жаратуучуну кабыл кылуудагы арамдар менен мубахтар ишеними ушунчалык бузулган муундун бардык нерседен лаззат алуу философиясына карамакаршы келгендиктен, ал өзүн динсиздиктин кучагына ыргытып, анда Хасан Саббахтын жалганчы бейишинде жа­шоого аракет кылууда.

Келечектин баампарасаттуу башкаруучуларынын, муршидмуга­лимдеринин динсиздикти токтотуу үчүн кыла турган ишаракеттери­не сабак болор деген максатта жогорудагы негиздерди айтып өттүк. Болбосо, абсурддуктун себептери булардан турбайт, ары буга каршы кылынышы керек болгон нерселер айтылган нерселерге гана таан­дык эмес.

Башталган бул жаңы доордо калкыбыздын өзүн өзү ачуусун каа­лайбыз!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.