Ислам дини Алла Таала тарабынан адамзаттын пайдасы үчүн жиберилгенине эч кандай шек күмөн жок. Андай болсо, бул дин кулчулукка кантип уруксат берүүдө?
Реинкарнация деген «рухтардын бир денеден экинчи бир денеге өтүшү» - деген маанини билдирет. Бул түшүнүктө болгондордун ою боюнча денелер рухтардын калыптары сыяктуу. Рухтар бул калыптардын ичине кирип, жашайт. Бир дене өлсө, башка денеге өтөт, андан башкага деп отуруп, акыр аягына чыгып болбос.
Эң алгачкы коомдордо да бул ишеним бар болчу. Бирок бул ишеним улуттук маданиятка жана жашаган жерге жараша өзгөрөт. Мисалы, Египеттеги реинкарнация ишеними менен Ганждагы реинкарнация ишениминин ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Ал эми афиналык философтордун баяндоолору менен бул ишеним таптакыр башка түшүнүккө айланган.
Реинкарнация учурда да актуалдуу маселелердин бири. Бирок бул түшүнүк учурда ишеним системасына айланган жашоо таризи сыяктуу. Кээ бир кишилер реинкарнацияга абдан ишенишип, Геродот айткан көбү жалган икаяларды чындык катары көрүшүүдө. Ушул ишенимде болгон кээ бир адамдар рухтар жалгыз гана адамдардын денелеринде эмес, айбанаттардын, атүгүл өсүмдүктөрдүн ичинде да болушат дешет. Бул ишенимди жактоочулар рухтардын бүткүл жаратылыш дүйнөсүн камтый турганын айтышат. Кээ бир рухтар адамдардын денесинен айбанаттарга, алардан өсүмдүктөр дүйнөсүнө, жансыздарга жана кендерге... ушундайча кургактан сууга, суудан кургакка баш-аягы жок кирип-чыга берет. Рухтун бир кишинин денесинен экинчи бир кишинин денесине өтүшүнө «Насх», өзүнө ылайык бир жаныбардын денесине өтүшүнө «масх», өсүмдүккө өтүшүнө «расх» жана кендерге өтүшүнө «фасх» - деп айтышат.
Бул ишеним оболу Нил дарыясынын жээгинде жашаган инсандарда пайда болуп, кийинчерээк Индияга, ал жерден Грецияга өткөн деп айтылат. Бул ишеним каббалисттер (Тоораттын тамгаларынан кээ бир маанилерди чыгарган жөөттөрдүн бир мазхабы) тарабынан иудаизмге, алардан христиандыкка жана башкаларга жуккан. Булар айткан ойлорун далилдеш үчүн кээ бир «далилдерди» келтиришке аракет кылышат. Мисалы, каббалисттер Тоораттагы Ниобинин мрамор ташка айлануусун, Азирети Луттун аялынын чаңдан жасалган айкелге айланышын, андан кийинкилер болсо кээ бир жөөттөрдүн маймылга, кээ бирин чочкого айланышын айтышкан. Ал эми кээ бирлери айбанаттардагы Кудай тарабынан коюлган инстинкт сезимин жана өсүмдүк дүйнөсүндөгү укмуштай тартип менен мыйзамды даракка, же айбанатка айланган адамдын руху менен башкарыла турганын айтышып, элди ишендиргиси келишкен.
Бирок булар тууралуу аз гана ой жүгүртүп, карасак өсүмдүктөрдө да, адамдарда да реинкарнациянын жок экенин көрө алабыз.
Жансыздар жана өсүмдүктөрдүн программаланган түрдө жаралгандыгы шексиз. Бирок алардагы өлчөм жана тартиптүүлүктү «алардын ичинде мурда жашаган рухтарга» байланыштыруу – күлкү келерлик нерсе. Ырас, дарак жана өсүмдүктөрдүн өздөрүнө тиешелүү жашоолору бар, бирок бул эч качан адамдын руху болгон эмес, ошондой эле «адамга айлана турган» адамдын руху да эмес.
Ушул убакка чейин эч бир өсүмдүктөн өзүн башкара алган адамдын руху пайда болоруна тиешелүү эч бир так далил айтылган эмес, ошондой эле эч бир адамдын руху айбанатка, же болбосо өсүмдүккө өткөнү илимий түрдө далилденген эмес. Дагы бир маселе бар, бул ошол «рухтар башка адамга өткөндө» мурда жашап өткөн турмушу тууралуу берген маалыматы. А бирок бир-эки акылсыздын жөөлүүгөнүнөн жана бирин-серин «сенсациялуу» кабарлардан башка бул тууралуу эч нерсе билбейбиз.
Тооратта баяндалган Ниобинин мраморго жана Азирети Луттун аялы Этидхенин чаңдан турган айкелге айланышы эч качан реинкарнацияга далил боло албайт. Мындай нерсени кабыл кылсак да, бул баары бир рухтун денеден чыгып, дене болсо келген апаатка жараша күйгүзүүчү атмосферага туш келип, топуракка айланып калган же болбосо лавалардын астында калган жансыз денелер сыяктуу ташка айланган. Мындай катып калган денелер төгөрөктүн төрт бурчунда кыйла көп кездешет. Мындай «ниобилерди» реинкарнацияга байланыштыруунун өзү акылсыздык. Биз бул денелерди караганыбызда ошол доордогу адамдардын Кудайын тааныбай чектен чыгышканда аларга Алла Тааланын азабы келгенине күбө болуудабыз. Алла Таала тарабынан адамдарга сабак болсун деп сакталган бул этнографиялык материалды реинкарнацияга байланыштыруу наадандык болуп эсептелет.
Египетте, Грециядагы бул ишеним негизинен акырет ишениминен кээ бир кара мүртөз адамдардын кийлигишүүсү аркылуу бузулуп алынган түшүнүк. Египеттик Атендин ою боюнча адам баласынын бул дүйнөдөгү турмушу бүткөндө, асмандагы турмушу башталат. Адам өлөөрү менен руху асмандагы улуу сот майданына чыгарылып, Осиристин алдына алып барылат. Осиристин алдына келген ар бир рух төмөнкүчө эсеп берет: «Алдыңа күнөөсүз келдим жана раббанийлерди (Алла Таалага толугу менен берилген аалымдар) ыраазы кыла турган бардык нерсени кылдым. Кан төккөн жокмун, уурулук кылган жокмун жана жаман жорук-жосундарды жасабадым. Ойноштук кылган жокмун.» Буларды айта алган рух Осиристин жамаатына кошулат. Айталбаган жана сообу таразага оордук кыла албаган рух тозокко ташталып, ал жердеги азап берүүчү забанийлер тарабынан азапка дуушар болот.
Кайра эле ошол атен динине тиешелүү ыйман чындыктары тууралуу айтылган төмөнкү ишенимдерди учуратууга болот: «Сен кылган нерселердин көбүн биз көрө албайбыз. Эй, Жалгыз Кудай, сенин күчүңө эч ким тең эмес. Сен бул жерди каалаганыңдай жараттың жана сен жалгызсың. Адамдар, чоң-кичине жер бетиндеги бардык айбанаттар, асманда канаттары менен учкан бардык куштардын бардыгына ылайык болгон жерин бересиң жана алардын бардык муктаждыктарын сен бересиң. Бардык кооз нерселер сенин каалооң боюнча жаралып, бардык көздөр булар аркылуу сени көрө алышат. Сен менин жүрөгүмдөсүң.» (A HISTORY OF EGYPT, 371-376 Prof. Breadsted) Биз тараптан эч нерсе кошулбаган бул ишенимдер мындан 4000 жыл мурун Египетте чындык катары кабыл кылынган нерселер болчу.
Грецияда да кайрадан тирилүү жана рухтун түбөлүктүүлүгүнө ишеним бекем эле. Улуу философ Пифагор денеден бөлүнүп чыккан рухтун өзүнө таандык жашоосунун боло турганын жана негизинен рух жер бетине келе электен мурун бул жашоого ылайык түрдө жаралганын жер бетине кээ бир жоопкерчиликтер менен келгенин, бул жерде кыла турган жамандыктары үчүн тозокко ыргытылып, забанийлер тарабынан азапка дуушар боло турганын, эгерде жакшылык кыла турган болсо, бактылуу турмушка жете турганын айткан жана мындан биз исламдагы кайрадан тирилишке болгон көз карашына абдан жакын ишенимге ээ болгонуна күбө болуудабыз.
Платондун «Жумхурият» аттуу китебиндеги баянынын мындан айырмасы жок. Анын ою боюнча «Денеден чыккан рух материалдык турмушту таптакыр унутат. Анан ал башка ааламга көтөрүлүп, кемчиликтерден, каталардан, коркуулардан, атүгүл материалдык жашоодо аны кыйнаган сүйүүлөрдөн, ашыктыктардан, кыскасы адамга тиешелүү баардык жамандыктардан кутулуп, бакубат турмушка жетет.»
Негизи ишениминде реинкарнацияга тиешелүү бир нерселер бар эл болсо, анда анын бузулган ишенимге ээ экендиги анык.
Кудайдан келген христиан дини Азирети Исага Кудай катары ишене башташкандан кийин бузулууга учураган. Эгер Ыйык Курандын жол көрсөтүүчү баяны болбогондо, христиандыкка болгон көз караш атенизмден жана брахманизмден эч айырмасы калмак эмес. Ушул сыяктуу эле байыркы Египет диндери, инду жана грек диндери белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин бузулууга дуушар болуп, реинкарнация ишенимдери бул бузулуудан пайдаланып, аралашканга үлгүрдү десек болот.
Египетте тамыр салган бул ишеним Нил өрөөнүндө дастандарга айлангандан кийин грек философторунун кийлигишүүлөрү менен мурдагыдан да кененирээк түшүнүккө ээ болуп, жомокторго айланып жер бетине жайылган.
Бул түшүнүктүн «кулу» болгон индустандыктар материяны Брахмандын акыркы чагылышы катары көрүп, рух менен дененин биригишин жамандык катары карашкан. Ал эми өлүмдү болсо адамдык кемчиликтерден кутулуу, жогорку даражаларга көтөрүлүү катары санашат. Индуизмдин эң маанилүү китеби болгон «Ведантада» рух Брахмандын бир бөлүгү катары кабыл кылынып, мунун калыптан калыпка өтүп отуруп, түпкүлүгүнө кайтканга чейин кайгы-кападан кутулалбай турганы айтылат.
Бул ишенимди кийинчерээк жөөттөр да жактырышкан. Дүйнө дегенде эки көзү төрт болгон, рухтун түбөлүктүү болушун абдан каалаган жөөттөр кайрадан тирилүү ишенимин жойгондон кийин реинкарнацияны кабылдаган. Андан кийин каббалисттер тарабынан Искендерия сыяктуу кээ бир монастрларга киргизилген реинкарнация ынанымы гуллатуш шиа (ишенимде өтө эле аша чаап кеткен шииттер) тарабынан исламга аз болсо да киргизилген.
Реинкарнация ишеними ислам менен дал келбейт. Ахли суннат валь жамаат уламалары, хадисчисинен тафсирчилерине чейин бул ишенимдин ислам динине карама-каршы келээрин бир ойдо тастыкташкан. Ислам дини боюнча ар бир адам баласы өз тагдыры менен жашайт, өз тагдыры менен өлөт, кайра тирилет, суракка тартылат, күнөөсү оор басса тозокко, сообу оор басса бейишке барат. Эч кандай реинкарнация деген нерсе жок. Төмөнкү негиздер реинкарнация ишенимин негизсиз деп жарыялап, жокко чыгарат:
- Исламдагы кайрадан тирилүү ишеними боюнча алып караганда ар бир кишинин эсеби өз жашоосунун жакшы жана жаман жактарына жараша болот. Ал эми реинкарнацияга ишене турган болсок, анда миңдеген денелерге кирип чыккан бир рух кайсы денеси менен тирилет жана кайсы жашоосуна жараша жаза, же сыйлык көрөт?
- Бул дүйнө адамдарды сынаш үчүн курулган. Сынак болсо кайыпка ишенүү негизине таянат. Реинкарнация боюнча кылган күнөөсүн айбанаттын бир түрү катары жашоо аркылуу тартат, бул болсо руханий түшүнүктөн чыгып калат, ошондой эле бул дүйнөдө тарткан кыйноолору үчүн (реинкарнация ынанымы боюнча) дайыма дене алмаштырып, акыры бир денеге келип токтойт, мунун өзү реинкарнация ишенимин толугу менен жокко чыгарат.
- Реинкарнация ишеними боюнча ар бир кишинин абсолюттук бакты-таалайга жетиши үчүн көптөгөн денелерге кирип, көп жолу кыйноо-запкы тартып жашайт, эгерде ушул туура болсо, анда Кудайдын заалымдарга жаза, жакшы кишилерге сыйлык бере турганы керексиз, бош болуп калат. Бул болсо, Кудай тарабынан таптакыр мүмкүн болбой турган нерсе.
- Куран жана башка самавий (түшкөн) китептердин күнөөлөрдүн кечириле турганына тиешелүү баяндары күнөөлөрү кечирилиш үчүн рухтардын азап-тозоктуу жана узун саякаттарын маанисиз жана негизсиз нерсе деп эсептейт. Ырайымы Чексиз Кудайга жараша турган нерсе – анын бардык күнөөлөрдү кечире алышы.
Исламда кечирилбей турган күнөө жок. Кудай Таала тообо кылган ар кимдин күнөөсүнүн кечирилишин убада кылууда. Бул тема боюнча күнөөнүн аз, же көп экенине каралбагандай эле, акыркы минуталарда кишинин күнөө ичинде болгонуна да каралбайт. Бүткүл турмушу Кудайга баш ийбестик менен өткөн күнөөкөр акыркы бир учурда тообо кылып, Кудайдын ырайымына бөлөнүшү мүмкүн. - Реинкарнация ишеними боюнча рухтун бир денеден миңдеген денелерге кирип чыгышы Алла Тааланын жекече ырайымына карама-каршы келет. Анткени эгерде Ал кааласа эң жаман нерседен эң жакшы нерсени жасай алат. Бул анын жекече ырайымы, жекече мээрими.
- Пайгамбарларга баш ийгендердин арасында ыйман келтиргенге чейинки жашоолору жагынан алып караганда абдан жаман кишилер бар болчу. Бул кишилер узун жана ыпылас өткөн чактан кийин ислам динине кирүү менен, олуяларды да ашып, жогорку даражага чыгышкан. Бул чындык болсо реинкарнациянын керексиз экенин далилдейт.
- Ар бир дене үчүн бөлөк рух кабыл кылуу Кудурети Чексиз болгон Кудайдын чексиз жаратуучулугуна ыйман келтирүүнү билдирет. Ал эми мунун ордуна бир рухту көптөгөн денелерге киргизип чыгаруу – Кудайды алсыз деп эсептегенге тете. Бул жерде да реинкарнациянын акылга сыйгыс нерсе экени ачык эле көрүнүп турат.
- Мындан башка, эгер реинкарнация чын болсо, жер бетинде жашаган 5 миллиард кишинин жок эле дегенде бир нече миллионунда «мурдагы денелеринен» калган кээ бир белгилер болушу керек эмеспи? Жок дегенде кээ бир кишилерде бир нече жолу дүйнөгө келип кетүүдөн жыйналган маалымат болушу керек эмеспи? Мунун дүйнөдө жашаган элдин жалпы санына жараша миңде бири болушу эле кандай чоң цифраны берээри шексиз эмеспи? Бирок бул чынында эле барбы? Албетте, жок!
- Коомдун ар бир бөлүгүндө «жашап чыккан» ар бир киши 3-4 жашка чыгаар замат мурдагы жашоосу менен бирге көрүнүшү керек эмеспи? Бул тууралуу эч кандай далил жок. Кээ бир вундеркиддер укмуштай касиеттерге ээ болушу мүмкүн, бирок мунун реинкарнацияга эч кандай тиешеси жок, тактап айтканда даяр маалыматты колдоно салды деген натуура, бул болсо Кудайдын жардамы болушу мүмкүн.
Ушул күнгө чейин бир-эки акылынан ажырагандардын саймедирегендери менен бир-эки гезит жазып чыккан «сенсациялуу» кабардан башка рухтун көптөгөн денелерге кирип чыгышын акыл жолу аркылуу далилдеш мүмкүн эмес. - Башка жандууларда адам баласына тиешелүү функцияларды көрсөткөн эч кандай белги жазылган эмес. Эгерде кишинин руху чындап эле айбанаттын денесине кирген болсо, анда ошол айбанатта адамга тиешелүү кээ бир касиеттер байкалмак. Илимий изилдөөлөр али реинкарнацияны тастыктай элек, тастыктабайт да.
Натыйжа катары, төмөндөгүдөй десек болот: реинкарнация ишеними байыркы коомдордо ишеним бузуктугу катары болгондой эле учурда да бул түшүнүк шайтандын дагы бир алдоосу гана болуп саналат.
Ыйык Куранда айтылгандай шайтан кан тамырыбыздын ичинде жүрөт, дил менен акылга таасирин тийгизе алууда, албетте, анан ойго реинкарнация деген негизсиз түшүнүк тууралуу шек-күмөн кетпей койбойт. Эң улуу көрүнүштө жаратылган адам баласы мындай негизсиз ишенимдерге алданып калбай тургандыгына биз ишенебиз.
- Created on .